Ислам дүйнөсү

​“Сириядагы террорчу топторду Түркия каржылап калды”

10 октября 2019 г. 16:27 474

Түрк президенти Тайып Эрдогандын Сирияга кирип, 35 чакырым кеңдигинде “коопсуз аймак” түзөм дегенине сирия эли жана бийлиги кандай карап жатканын сириялык журналист Саркис Касаржан DW Türkçe маалымат потралынын кызматкери Невшин Менгү айымга айтып берди. Кыскача котормосу төмөндө

Невшин Менгү: Түркия Евфраттын чыгышына кирсе эмне болот?

Саркис Касаржан: Ал жакта күрддөрдүн куралдуу күчтөрү гана эмес америкарыктар да бар. Дал ошол АКШ айынан сириялык өкмөт ал жерлерге кире албай турат.

Эми Түркия Америка менен канчалык тиреше алат? Ошол маселе бар. Демек бир шарт менен – америкалыктардын уруксаты менен гана кире алат.

НВ: Түркиянын буга чейин басып алган жерлери тууралуу кандай пикир бар?

СК: Түркиянын айткан себептери кандай болбосун, Дамаск муну, албетте, баскынчылык катары көрөт. Дүйнө кабыл алган мыйзамдар боюнча, эгер Асаддын өкүмөтүнүн суранычы менен кирбесе, баскынчылык деп эсептелет.

Түрк өкмөтү басып алган жерлердеги жашоонун укмуш сонун кылып көрсөткөнү да жалган. Мисалы, Африндеги бир майрамда менин жакын тууганым ачып, кийин Германияга качып таштап кеткен балдардын эс алуу борборун түрк телеканалдары жаңы ачтык деп көрсөтүштү.

Африн шаарында учурда жашаган калктын 70%ы африндик эмес. Алардын көбү Сириянын башка шаарларынан Асаддын аскерлеринен качып, түрдүү куралдуу топтор менен келип жашап калган элдер.

Түрк медиасы ошол эле түркмөндөрдүн түрктөргө кошулгандарын “жакшы түркмөн”, Дамаскты колдогондорду “жаман түркмөн” кылып көрсөтүп бөлдү.

НВ: Демек, түркмөндүн баары Түркияны колдобойбу?

СК: Жок, андай нерсе жок. Араб, күрддөрдө да баары же “асадчы”, же “эрдоганчы” деген нерсе жок. түрдүү тарап жана пикирлер бар. Мисалы, “Чобанбей” аймагынын түркмөн элитасы Дамаскта жашайт, алар эч качан Түркияны колдогон эмес.

НВ: Мынча иш болуп, боёгу кангандан кийин Башар Асад Түркия менен сүйлөшөбү?

СК: Сүйлөшөт деп ойлойм. Сирия менен Түркиянын эң жакын өнөктөшү Орусия болуп калды. Ошондуктан сүйлөшүүгө негиз бар.

Башар Асад өзгөргөн жок, ал ушуга чейин “Түркия менен иш кылбайм” дебеди. Мамилесин Эрдоган өзгөрттү. “Эртең менен Стамбулдан чыгып, Дамасктын мечитинде түшкү намазды окуйм” деп ал айтты. Мамилени Эрдоган үздү.

Түркия сүйлөшүүдөн мурун Дамаскка каршы куралдуу топторго курал сатуусун жана башка жардамын токтотушу керек.

НВ: Түркия колдогон куралдуу топтор ким?

СК: Түркия аларды Көз карандысыз сирия армиясы (КСА) деп атап алган. Түрк бийлиги дүйнөдөгү пропаганда базарында оңой сатыш үчүн аларга ушундай ат койгон.

Бирок булар Аль-Каида, Аль-Нусра сыяктуу жыхадчы топтор. Аларды буга чейин Сауд Аравиясына окшогон араб өлкөлөрү каржылап келсе, учурда Түркия каржылап калды. Ошондуктан түрк бийлигине “атыбызды кандай десеңер, ошондой болуп беребиз” дешкен.

НВ: Аларды сириялык калк колдойбу?

СК: Бир аз колдоо бар. Кандай болсо да алар сириялыктар. Балким 2012-жылы калк жыхадчыларды көбүрөк колдогондур, бирок азыр согуштан чарчап да, тажап да бүттү, күчү да калган жок.

НВ: Дамаскта жашоо кандай?

СК: Стамбул сыяктуу эле жай турмуш. Бирок экономикалык көйгөй бар. Мисалы кышкысын калк үйлөрүн мазут менен жылытат. Согушка чейин анын литрин 30 центтен арзан алсак, эми баасы 50 центтен бир долларга чейин чыгып кетүүдө.

НВ: Жашоо кантип атат? Орусиянын жардамы менен жүрүдөбү?

СК: Орустардын бир өзгөчөлүгү бар, алар акчага келгенде катуу экен. Саясий жана курал жагынан жардам берип жатышат.

Жалпысынан алганда, калкта “Асад утту, согуш аяктап калды” деген сезим бар. Идлиб менен Евфраттын чыгыш тарабы гана калды. Евфраттын чыгышында да согуш жок. Ал жакта да саясий келишим менен бүтөт деп күтүп жатат эл.

НВ: Ал жердеги “көз карандысыз күрд аймагы” деген нерсе кандай болот?

СК: Ал жакта андай аймак болушу кыйын. Анткени, мынча душман болгон кезинде да, Түркия менен Сирия күрддөргө көз карандысыздык бербөө пикиринде биригет. Иран менен Ирак да ошондой ойдо.

“Сириянын аймагы бүтүн калыш керек” деген сөз, ичинде федеративдүү болсо да башка аймак болбойт дегендик. Ошол эле убакта күрддөр да бир пикирде эмес.

Алардын “эркиндик” деп жаткандарынын да эки максаты бар. Биринчиси – мындай сөздөр менен дагы көбүрөк куралдуу жаштарды өз катарына тартуу. Экинчиси – бир аз соодалашып, бир нерсеге жетүү ниети бар.

Бирок алар деле көз-карандысыз аймак кура албасын билишет. Америкалык аскерлер ал жерлерде түбөлүк калбайт да.

НВ: Эрдогандын “коопсуз аймак” курам дегенине сириялыктар кандай карайт?

СК: Бул пропаганданын эле бир бөлүгү. Ал бош аймак эмес. Сирия менен Түркия чектешкен жерлер калк эң жыш жайгашкан аймак. Башка калкты көчүрүп келчү жер жок.

Ал жакка жайгаштырыш үчүн жергиликтүү калкты бир жакка куушуң керек. Бул маселени чечпей эле оорлоштурат. Ал жерде кагылышуулар башталса, Түркия да соо калбайт.

НВ: Дамасктагы сириялыктар Түркияга нааразыбы?

СК: Албетте, түрк саясатына нааразы. Жакынын жоготконун бул жакка коёлу, мал-мүлкүнөн ажыраш эле канчалык оор.

Учурда Түркиянын чоң шаарларын оппозициясына тарттырып жиберген акыркы шайлоодон кийин, Эрдоган Сирия маселесинде өзүм билемдик кыла албайт деген үмүт бар.

НВ: Түркияда миллионго жакын сириялык бар. Бул өзүнчө бир чоң көйгөйгө айланды...

СК: Чек арага жакын калк коркконунан Түркияга кире качты. Эртең менен турсаң эле эл-нусрачылар “аллаху акбар” деп кыйкырып жүрсө кантет? Айрыкча Түркия бир топ жыл “ачык чек ара” саясатын жүргүздү.

Инсан аткезчилиги менен алектенгендер соцтармактарда Түркиядан нары Европа мамлекеттерине кетүү боюнча соода жүргүзүшчү ал кезде.

НВ: Сирияда согуш бүтсө, Түркияга качкандар кайра өлкөсүнө кайтабы?

СК: Эми Түркияда иш таап алгандар жана байлыгы менен келип бул жерде ишкана кургандар кайтышы кыйын. Андан сырткары бул жакка бала бойдон келген же бул жерде туулган балдар түрк мектептерине кирип, арапча сабаты жок.

Мындай балдарга өз мекени Сирия чоочун болуп калды. Ошондуктан улгайып калгандардан сырткары сириялыктардын мекенине кайтуу ниети жокко эсе.

НВ: Бул кишилер Сирияга кайтканда кылмыш иши ачылабы? Мисалы, аскерден качтың деген шылтоо менен?

СК: Аскерден качкандар үчүн амнистия чыкты. Эгер башка кишиге каршы кылмыш кылган болбосо, мамлекет өз акысын кечти.

Алардын кайтып келүүсү бийлик үчүн маанилүү. Анкени согуштан кийин жумуш күчү тартыш болот. Ошондуктан мамлекеттин аларды кабыл алуудан башка жолу жок.

Мисалы Ливан, Ирак, Иорданиядан 100 миңдин тегеретесинде кайткандар бар.

НВ: Бул доордон кийин суннийлерге карата көз караш өзгөрдүбү? Мисалы, суннийлер алевилерге (шииттер) чыккынчылык кылды деген көз-караш барбы?

СК: Андай эмес. Сириянын көбү суннийлер. Калганы калктын 20%ын гана түзөт. Эгер суннийлердин баары бийликке каршы чыкса, Сирия деген мамлекет калмак эмес.

Азчылык көпчүлүктү чыккынчы дей албайт, көпчүлүк азчылыкты деши мүмкүн. Бул пикир акылга да сыйбайт.

Мындан сырткары сириялык суннийлер – суфийлер. Алар саясатка динди аралаштырып, курал менен бийлик алуу деген нерседен алыс.

НВ: Ирандын Сирияга таасири кандай?

СК: Ирандыктар сирия өкмөтүнүн суранычы менен келишкен. Башында аскердик жана саясий кеңешчилер катары кирген. Кийин согушка аралашты. Саясий жактан таасири жок. Орусияныкы да жок.

Бир тарабынан Израиль, экинчи тарабынан АКШ пайда болгону Иранды катуу коркутуп турат. Ошол эле убакта Сирия аркылуу ливандык шииттерге жардам берүү оңоюрак. Тегерандан Бейрутка кеткен түз жолдун жабылуусун каалашпайт.

Орусия болсо Ак-Деңиздеги базасы үчүн келди.

НВ: Сирияда башталган согуш ушу менен эле токтоп калабы?

СК: Сирия өкмөтүнүн бир топ каталары болгон. Калктын түрлүү топтору түрдүү талаптарды коюп жатышкан. Анан сырткы күчтөр киришип кетти.

Жергиликтүү калктын бир бөлүгү демократия болсун деп нааразылык акцияларына чыккан. Анан “Аль-Жазира” телеканалы кичине балдардын тырмактарын жулушту деген жалган маалымат берди, муну Аль-Каида сыяктуу террордук топтор колдонуп кетишти.

Мисалы, башында Сириядагы террордук топторду колдогон Катардын мурунку тышкы иштер министри Хамед бин Жасемдин: “Сирияга Саудиядан кийик талашып кирип бардык эле, кийик бизден качты”, - деп Сирияны кийикке теңегени бар.

Учурда калк жыхадчылардан көрө Асад жакшыраак деп жатат. Айрыкча бийлиги алмашкан Ливия менен Ирактын итке минип калганын көрүп да чочуп калды.

DW Türkçe

материалдын түп нускасы бул шилтемеде