Борбор Азия

Өзбекстан өзөктүк энергетиканы тандап алды

9 октября 2019 г. 17:50 244

Күтүүсүз чечим. Борбор Азияда жайгашкан Өзбекстан газын сатып, Атомдук электр станциясын (АЭС) сала баштады. Мындай стратегия өлкөнүн келечегин ондогон жыл алдыга аныктайт

“Энергетика – өнүгүүнүн кыймылдаткычы”, - дейт Ташкенттеги инвестициялык конференцияда сөз алган Азиялык өнүгүү банкынын вице-президенти Дивакар Гупта.

Бул чечимге келүү алдында өзбек өкмөтү алдыдагы ондогон жылдардагы электр кубатын керектөөнү, экономикасынын келечегин жана 33 млн калкынын өсүүсүн эсептеп чыккан.

“Биз электр кубатынын жетпей калуу коркунучун көрдүк”, - дейт энергетика министринин орун басары Журабек Мирзамахмудов таптаза англис тилинде. Дагы бир атка минер электр кубатын берүү учурда да үзгүлтүккө учурап жатканын айта кетти.

Өзбектердин энергетикалык инфраструктурасы совет доорунан калып эскилиги жеткен. “Биз бардык сценарийди карап көрдүк”, - дейт замминистр.

Дүйнөлүк банк кошо каржылап жаткан күн энергетикасы 2023-жылы 5 GW кубат бере алат. Бул беш өзөктүк реактор чыгара алган кубат болсо да келечектеги керектөөгө жетпейт.

Былтыр өзбек өкмөтү атом иштеткен 30 өлкөнүн клубуна кирүүнү чечкен. Ал 11 млрд долларга эки өзөктүк реактор сатып алып, дагы экөөнү куруу боюнча Орусия менен келишим түзгөн.

Росатомдун сунушу эң кызыктуу болду дейт “Узатом” мамлекеттик мекемесинин башчысы Журабек Мирзамахмудов. Орусия келишимдин чыгымдарын өзү каржыламакчы.

“Француздар менен америкалыктар келишим менен ишке кирүү арасын үч жыл дешти, орустар болсо жарым жылга жетпей башташат”, - дейт Узатомдун жетекчиси.

Уран казууда дүйнөдө жетинчи орундагы Өзбекстан француздардын Orano фирмасы менен уран чалгындоо боюнча келишим түзгөн.

Өзөктүк энергетиканы өнүктүрөм деген өзбектер газын сыртка сатууга кызыктар. “Биз газдан болушунча көп акча табуу аракетиндебиз”, - дейт “Узтрансгаз” ишканасынын жетекчиси Улугбек Сайидов.

Автократ Каримовдон кийин ачык саясат жүргүзгөн Мирзиёев келгенде Өзбекстанда бизнес жанданган. “Бюрократия жоюлуп, бизнестин алды кеңири ачылды, - дейт Enter Engineering курулуш компаниясынын кызматкери Тимур Абдуллаев. – Акча ачык алмаша баштаганы да чоң жетишкендик”.

“Ошол эле убакта элдин жашоосу анча деле өзгөргөн жок”, - дейт өзбек журналисти жакырчылык дагы эле бар экенин эскерип.

Газ тармагы бир нече ишканага бөлүнүп, электр кубат базары атаандаштыкка ачылууда. Ушул активдешүү нугунда 2028 жана 2030-жылдары алгачкы эки реактор ишке кирмекчи. “Өзөктүк энергетика Париждеги климаттык келишимден чыкпаганга жардам берет”, - дейт энергетика министри Алишер Султанов.

Сентябрдын этегинде борборазиялык мамлекеттердин энергетика министрлери Ташкентте Азиялык өнүгүү банкынын өкүлү менен жолуккан. Кытай өкүлү катышкан бул иш чарага Орусия кирбесе да Москванын таасири сезилип турат.

Жаштар өзбекчеден сырткары орусча да сүйлөшөт. Орусиянын Лукойл, Роснефть, Новатэк жана Газпром компаниялары өзбек базарынын негизги оюнчулары бойдон калууда.

Бирок башка борборазия мамлекеттери сыяктуу эле Өзбекстанга да Кытай өтө кызыктар. Жогорудагы министрлердин жолугушуусуна кытайлар түзгөн Азиянын инфраструктуралык инвестициялар банкынын өкүлү катышкан.

Бир ай мурун Ташкент кытайлар үчүн визаны жокко чыгарган. Кытай өзбектердин мунай-газ тармагында активдүү жана газынын негизги сатып алуучусу.

Мындан сырткары орустардан айырмаланып, кытайлар күн энергетикасын өнүктүрүү жана Фергана өрөөнүндө электр унаа заводун салуу сыяктуу келечектүү тармактарга акча жумшап жатат.

Фабрис Ноде-Ланглуа, Le Figaro, Франция

Түп нускасы бул шилтемеде