Батыш

Парижде жасалма уруктандыруу мыйзамына каршы чыгышты

8 октября 2019 г. 16:09 303

Митингге катышкандар мыйзамдын лесбий (эки аялзаты үйлөнгөн) эштерге жана күйөсүз аялдарга жасалма уруктандырууга уруксат берген беренелерине нааразы болушкан

Жекшемби 6-октябрда Франциянын борбору Парижде жасалма уруктандыруу мыйзамын реформалоого каршы он миңдеген киши катышкан демонстрациялар өттү. La Manif pour tous альянсы уюштурган нааразылык акцияларына түрдүү эсептер боюнча 75 миңден тартып 600 миңге жакын киши катышкан.

Нааразы эл мыйзамдын лесбий эштер менен түгөйсүз аялдарды жасалма уруктандырууга уруксат берген жоболоруна каршы болгон. Уюштуруучулардын айтымында, мындай нерсе туулган балдарды атасыз гана калтырбастан, атасынын бардык бир-туугандарынан ажыратат.

"Мыйзамга кирчү өзгөртүүлөрдү токтотуп калуу али кеч эмес", - дейт салтчыл La Manif pour tous альянсынын башчысы Людовин де ла Рошер айым.

Франциянын Улуттук жыйыны бул өзгөртүүлөрдү сентябрда кабыл алган. Буга чейин жасалма уруктандыруу эки жыл балалуу боло албаган аял менен эркекке жана расмий никедеги жубайларга гана уруксат болчу.

La Manif pour tous альянсы 2014-жылы таанымал болгон. Анда салтчыл активисттер окшош жыныстуулардын никесин таанууга жана алардын бала асырап алуусуна каршы массалык нааразычылыктарды уюштурушкан. Он миңдеген акциялар убагында полистер менен кагылышуулар орун алган.

Franceinfo каналы, Франция