Ислам дүйнөсү

Косово Сириядагы ИГИЛчилер менен аялдарын эмнеге кайтарып жатат

7 октября 2019 г. 16:03 308

Күрддөр көзөмөлдөгөн Сириянын түндүгүндөгү лагерлерде миңдеген ИГИЛчи жана алардын аялдары менен балдары бар. Алардын көбү чет өлкөлүк. Көбүн ата-мекени кабыл алгысы келбейт, бирок Косово анткен жок

Үстүбүздөгү жылдын апрелинин 19нан 20сына караган түнү Косовонун борбору Приштинанын аэропортуна атайын учак конгон. Анда Сириядан 110 косовар учуп келген. Алардын баары күрддөрддүн Ал Хол аттуу лагеринен кайтышкан.

Приштинага кайткан ИГИЛчилер

Жашыруун операцияны жетектеген Мансур Хоти кайтаруу оор болгонун айтат. Сириядан кайткандар тууралуу жакындарына да кабар берилген эмес.

Ал түнү Приштинанын аэропорту толугу менен курчалып, Сириядан кайткан 32 аял, 74 бала жана 4 эркекти коопсуздук күчтөрү курчаган. Эркектер Пожужеведеги түрмөгө, аялдар менен балдар медициналык жана психологиялык көзөмөл үчүн Бранидол борборуна жеткирилген.

“Алардын саламаттыгы гана эмес өмүрү да коркунучта болчу”, - деп эскерет Хоти. Ачкалыгынан азып, өздөрүн таптакыр карай албай саңырсып кетишкен. Бирок эң коркунучтуусу башкада деген ойдо Мансур Хоти: “Ойлоп көрсөңөр, мээсинде эмне бар? Аларга жарашкандай мамилени калыптоо коом үчүн чоң сыноо”.

Үч террорчунун аялы болгон косоволук кыз

Флора (аты өзгөртүлгөн) Косового жарым жыл мурун кайткан. Ал өзүнө окшогон башка аялдардай эле үй камагында отурат. Учурда уулу менен кичинекей кыштактагы ата-энесинин колунда.

Бир караганда эле Флоранын бул жерге чоочун болуп калганын түшүнөсүң. Үйдөгү аялзатынын баары кең этектүү гүлдүү көйнөк кийип жүрүшөт. Ал болсо никабчан. Флора “халифатта” 5 жыл жашаган. Ал эки жашар уулунун ойноп жатканын караганча кобурап отурду.

Баласы атасын эч качан көрбөйт. “Аны өлтүрүшкөндө жанында болчумун, - дейт Флора. – Экөбүз чогуу болгондон кийин эшке чыкканда ракетанын сыныгы тийип өлгөн”. Ал анын экинчи күнөөсү болчу.

Үч жубайы тең ИГИЛ тарапта согушкан. 17 жашында күйөгө тийип бирге Сирияга качкан күйөөсү беш жыл мурун эле өлгөн. Үчүнчү күйөсү тирүү, бирок Сирияда калган. Ал Косоволук эмес, Флора аны эскергиси келбейт.

Жарым жыл мурун кайтып келишкенде уулу ачкасынан моюнун кармай алчу эмес. ИГИЛ кулайын деген маалда Багуз деген кыштакта курчоодо калышкан. Акыркы маалда күнүнө бир курма же чөп жеп жашап калышкан.

Террорчулардын аялдары кадимки турмушка кайта алышабы

Флора ИГИЛди колдогону туура эмес болуптур деп, бирок аялдарды эмнеге соттогону жатышканын түшүнбөйт. “Биз үйдөн чыкпай эле отурчубуз. Жаман оюбуз жок болчу, болгону эрлерибизди ээрчип жүрчүбүз”, - деп актанат ал.

Күйөөлөрү ИГИЛчи болгон аялзатынын көбү ушул кепти айтышат. ИГИЛдин мыкаачылыктары менен кылмыштарын уккулары келишпейт.

Флора үй камагынан чыгып коомго аралашкысы келип “эл мени кандай болсом ошондой кабыл алса, никабыма эч ким каршы чыкпаса” дейт.

Атасы анын кайтканын таанышынан уккан. “Кызым дагы эле чоочун бойдон. Ал мурун жоолук да салынчу эмес. Өзүнүн динин катуу кармап, намаз окуганы аябай кызык көрүнөт”, - дейт.

Психолог Валбона Тафилай (төмөнкү сүрөттө) Флораны жана апрелдеги түнкү рейс менен кайткан аялдарды билет. 20 психиатр жана психолог Сириядан кайткан аял менен балдардын коомго аралашуусуна жардам берип келишет.

“Алардын баары укмуштуудай кылмыштар кылынган согуштан, бомбалоодон кайтып келишти, - дейт Тафилай. Ал Сириядан кайткан аялдарды ай сайын кыдырып, коомго реинтеграция кылуу аракетинде. Кайткандар Приштинадагы психиатрия борборуна да келип турууга милдеттүү.

Валбона Тафилай эмгегинин үзүрүнө ыраазы. Алты жаштан жогорку баланын баары быйыл мектепке барышты. Алардын коомго жана мектептеги курбуларына канчалык аралашып кете алаарын билиш үчүн бир нече жолу эс алуу парктарына чыгарып келишкен.

Бирок энелери дагы эле үй камагында болгондуктан, балдары да алыс кете алышпайт. Кайтып келген 32 аялдын кээ бири коомго коркунучтуубу деген суроого психолог “ал сыр бойдон калышы керек” деп, жооп берген жок.

ИГИЛчилердин көбү Косоводон чыккан

Косово Балкандардагы эң кичине өлкө. Анда эки миллионго бир аз жетпеген калк жашайт. Бирок Сирия менен Иракка согушууга кеткендер боюнча Европада эң алдыда. Мисалы, 82 миллион калкы бар Германиядан 1050 жыхадчы чыкса, Косоводон 400дөн ашык киши барган.

Германия, Франция жана Англия Сирияга кеткен жарандарынын балдарын гана кабыл алабыз деп турат. Бирок Косово бардыгын кайра кабыл алууну чечкен.

Косовонун өкмөтүндө иштеп, террорчулар менен күрөшкөн Фатос Маколли мунун себептерин айтып берди. Приштина өкмөтү Сирияга кеткен жарандары күрддөрдүн колунан качып кетсе ого бетер радикалдашат деп чечкен.

“Ошондуктан аларды кайтаралы дедик. Билип туруп ушундай тобокелге бардык. Биз аларды тааныйбыз. Кылмыш кылгандары соттолот. Башкаларын коомго кайтарууга колдон келишинче аракеттенебиз”, - дейт Маколли. Анын айтымында 2014-жылдан бери ИГИЛдин 150 жактоочусу кармалып, 80и узак мөөнөткө кесилген.

Косовардын 95%ы сунний мусулмандар. Алар салттуу исламды карманат. Бирок 1999-жылдан бери Сауд Аравиясы жана башка араб мамлекеттери кайрымдуулук кылуу менен бирге Косоводогу жаш балдарды радикалдаштырып кирген.

2005-жылдары ваххабиттер менен салафиттердин таасири мөмө бере баштаган. “Балдар үйдөгү аялзатын жерип, алар менен сүйлөшпөй, үй-бүлөлүк мааракелерден кача башташкан. Алар ата-энесин чыныгы мусулман эмессиңер деп айыптап чыгышкан”, - дейт Маколли.

Жумушсуздук, бийликтегилердин арам кекиртектиги, жаштардын келечеги бүдөмүк болгону буга үстөккө босток келип, Косово радикал жыхадчылардын борборуна айланган.

Мансур Хоти ИГИЛге аралашкандардын кайтуусуна косоварлардын баары ыраазы эместигин айтты. “Бирок көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу ушул болчу. Алар биздин жарандар. Атуулубуз кай жерде болбосун жардам берүүнү Баш мыйзамыбыз буюруп жатпайбы”, - дейт ал.

Deutsche Welle, Косово