Кытай/Индия

​КЭРге 70 жыл: “улуу кытай кыялы” ишке аштыбы?

2 октября 2019 г. 11:37 383

Түзүлгөндөн берки 70 жылда Кытай эл республикасы күчтүү кономикалык дөөлөткө айланды. Бирок бийлиги “улуу кытай кыялы” ураанын таштай элек. Эмне үчүн?

Германиянын Көльн университетинин Кытайды изилдөө кафедрасынын профессору Феликс Вемхойер бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтат:

КЭРдин башчысы Си Цзинпин ушул күнгө чейин “улуу кытай кыялы”, “бекемдөө” жана “жаңыртуу” идеяларын туу көтөрүп жатканынын себеби Кытайды жандантуу долбору алигиге чейин аяктай элек.

Мао Цзе Дундан баштап Си Цзинпинге чейинки бардык кытай лидерлери Кытайды дүйнөлүк дөөлөткө айлантуу максатын бапестеп келген.

Маонун убагында эле “АКШга жетип, басып өтүү” урааны бар болчу. Бирок өлкө ушул күнгө чейин бул максаттан, айрыкча курал жагынан, алыс. Акыркы технологиялык ийиликтергине карабастан башкаларга көз каранды болуп келет.

Тайвань эгемен мамлекет бойдон калгандыктан мамлекети да толук бириге элек.

КЭР максатын ишке ашырып баштаган кезден бери “Кытайдын бутуна туруусу бүтүн дүйнөгө пайдалуу” деген үгүтүн токтотпой келет. Си Цзинпин башчы болгондон бери бул сөз башка түскө боёлуп, маселе Жапония менен арал талашууга чейин жетти.

Пекин буга чейин “биз мындай жагдайга макул эмеспиз, бирок азырынча ушундай туруп турсун” десе, учурда чет мамлекеттерде аскердик база жана учак ташыган чоң кемелерди курууда.

Дагы бир өзгөрбөгөн нерсе – “Кытай улуу цивилизация жана дүйнөлүк дөөлөт болгон” деген ишеним. 1840-жылдардагы “апийим согушунан” кийин гана басынуу жана кордоо жүз жылдыгы өкүм сүргөн, ошондуктан Кытай өз ордун кайра ээлеши керек деген пикир күч.

Кытайга технологиялык жардам берип келген АКШ учурда тескерисинче бут тосуу аракетине өттү. Американын эки күчтүү партиясы КЭР менен экономикалык согушка бирдей макул. Натыйжада эки өлкөдө тең улутчулдук артууда.

Кытайды башкарган коммунисттик партия өлкөнүн борбордук аймактарында күчтүү. Бирок чет жакаларында аксаганы аксаган. Уйгур менен тибет улутчулдугу сырттан колдоо тапса, КЭРдин абалы оорлошот.

Кытай жетекчилиги учурда чочулап турган кези. Анткени Гонконгдогу митингдер кайда бараары белгисиз. Жакында эле өзгөчө шарттар менен КЭРге кошулган аралда түздөн түз күч колдонуу оор.

Гонконгдук жаштардын тынчын алган маселелер Шанхай менен Пекиндеги курбуларын да ойлонтот. Университетти бүтсөң дагы өз жаныңды эптеп кетчү жумуш табуу бардык жерде оор.

Ошондуктан кытай бийлиги менен калкынын “улуу кытай кыялы” ар түрдүү.

Deutsche Welle

Маек кыскартылды, түм нускасы бул шилтемеде