Батыш

Эски унаа журналисттин эркиндигине кандай колдонулат

30 сентября 2019 г. 16:57 216

Америка Кошмо Штаттарында айдалбай калган машина менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндиги ортосунда түз байланыш бар. Ал кандай деген суроого жооп беребиз. Бирок маселени кеңири карабасак анча түшүнүктүү болбой калат

Американын журналистикасы дегенде акылыбызга Азаттыкты, CNN, FOX каналдары же New York Times жана Washington Post гизиттери келет. Бирок АКШнын ичинде биз өмүрү укпаган, NPR жана PBS деген кыскартмалар менен берилген медиа ресурстары эң таасирдүү.

Американын ичинде биздеги КТР же Орусиялык ОРТ сыяктуу мамлекеттик же “коомдук” каналдар жок. Себеби, мындай каналдар “өзүнүн сөз эркиндигин коргой албайт” деген чочулоодон улам ачылган эмес.

Калк кожоюндук кылган радио

Шаарлары аз кабаттуу үйлөрдөн тургандыктан, орто эсеп менен алганда, ар бир америкалык күнүнүн эки саатын жолдо өткөрөт. Коомдук транспорт да анча көп эмес. Менчик унааң болбосо көп ишке жетише албайсың.

Мындан улам радионун таасири күч.

Эң таанымал медиа курулуш NPR (Улуттук коомдук радио желеси). Анын өкмөт менен байланышы жок. Бюджеттен бир аз акча бөлүнгөнү менен ансыз деле жашап кете алат. Ал акчаны да өкмөт эмес АКШ Конгреси (парламент) берет. Ошондуктан кандай болбосун саясатчыга “бар, эс ал” дей алат.

NPR бүткүл өлкө боюнча 900 жергиликтүү коомдук радиону иштеткен уюм. Анын стандарттары менен принциптерин кармансаң, мүчө болгондон сырткары, маанилүү чечим чыгарууда добушка да ээ болосуң.

NPR’дын кирешесинин жарымы радиолордон түшөт, калганын демөрчүлөр берет. Аларды акча менен эмес кийим-кечеден баштап идиш-аяк менен берсе болот. Радио-курум ошонун баарын сатып, киреше табат.

Кызык кирешеси эски унаасын садага чапкандардан түшөт. NPR: “Кереги жок машинаңыз барбы, башыңызды оорутпай бизге айтыңыз, биз аны сатып радио иштетели”, - деп кайрылат.

NPR’ды бир нече коомдук фонд да колдойт. Бирок эң көп киреше радиого жазылган жогорку билимдүү карапайым калктан келет. Кыскасы, акчаны өкмөттөн, саясатчы же ишкерден албайт. Ошондуктан бийликке ким келсе да радиого таасир бере албайт.

Бийликке келген ар бир киши же топ NPR’дын бутасына айланат. Анын журналисттик стандарттары күчтүү болгондуктан кабарчы жана редакторлору белгилүү инсандар. Бул радиодон обого чыгуу өтө престиждүү.

Калктын телеканалы кандай?

PBS’га (Коомдук телеберүү кызматы) 350 телеканал кирет. Анын борбордук башкаруусу жок. Контентин жергиликтүү телеканалдар толтурат. Бул теле-уюмдун да кирешесинин көбү абоненттеринен келет. Ошондуктан саясатчылар ага да таасир эте алышпайт.

Америкалыктар саясий көз-карашына жараша FOX же CNN’ди тандаганы менен “эң ишенимдүү канал” катары PBS’ны көрүшөт.

Америкалык саясатчылар корккон C-SPAN

Үч телеканал жана радиодон турган бул уюм АКШнын Конгресинин отурумдарын үзгүлтүксүз жана кандай болсо ошондой берип турат. Парламенттеги чыңалуу, кайым айтышуу, курч отурумдун баары ачык көрсөтүлөт.

Мына өткөн аптада эле америкалык Конгресте президенти Трамптын украин кесиптеши Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү талкууланды. Анда коопсуздук кызматынын башчысы бир нече саат бою тердеп-кургап конгрессмендердин суроолоруна жооп берип отурду.

Конгресте маанилүү добуш берүү учурунда C-SPAN’дын рейтинги көкөлөп кетет. Мындан сырткары бул канал аптанын этегинде китеп сүйдүрүү менен алек. Жаңы чыккан китептер, жазуучулар менен жолугушуу, конференциялар, маданиятка тиешелүү чогулуштар көрсөтүлөт.

АКШдан алынчу үлгүлөр

Сөз эркиндиги АКШнын Баш мыйзамынын биринчи беренелерине кирип, ыйык нерсе катары сакталат. Журналистке кол салууну же камоону мындай кой, ишине кийлигишүү да эч кимдин оюна келбейт.

Сот системасы ачыктан ачык эле журналист тарапка тартат. Мисалы курч суроо берген журналистке Ак-үйгө кирүүгө тыюу салынганда, сот эртеси эле президент Трамптын токтомун жокко чыгарып, администрациясы журналисттин күбөлүгүн кайра берүүгө мажбур болгон.