Борбор Азия

Өзбек мигранттарын кимдер “саап” турат

26 сентября 2019 г. 11:40 252

Мигранттарды Түштүк Кореяга жиберген чиновниктер түрмөдө. Өзбек бийлиги сыртка иштеп кеткен жарандарынын маселесин чечмекчи.

Ислам Каримов өз доорунда миграцияны көзгө илбестен, жумуш издеп сыртка чыгып кеткен жарандарын “жалкоолор” деп атаган. Бирок анын учурунда да, азыр да Өзбекстанга сырттан кирген каражаттын бир тобун мигранттар жиберген акча түзөт.

“Каримов миграция маселесин чечейин деген эмес. Анын учурунда Түштүк Корея менен гана мигранттар жөнүндө келишим түзүлгөн”, - дейт социолог Алишер Ильхамов.

Анын айтымында, мигранттардын атынан тосуп алган тарап менен макулдашкан агенттик түзүлүп, гастарбайтерлер ага акча төлөгөнгө мажбур болчу. “Каалоочу көп болгондуктан, узун кезекте алдыга жылыш үчүн расмий төлөмдөн сырткары да акча алууга мүмкүндүк түзүлгөн”, - дейт Ильхамов.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде бул багыттагы арам кекиртектикке сокку урулуп, ушул жылдын август айында аталган агенттиктин кызматкерлери узак мөөнөттөргө кесилген.

Аткаминерлер 20 млн доллардан ашкан пара алды деп айыпталышкан. Алар мигранттардын ар биринен 5тен 7 миңге чейин доллар алып турушкан.

Орусия менен Казакстандан айырмаланып, Түштүк Кореяда иштеген мигранттар үч миңдей айлык алып, кайтканда заңгыраган үйлөрдү сала баштаган.

Жакынкы өлкөлөргө миграцияга келсек, Дойче Велленин булагынын маалыматы боюнча өзбек мигранттарын Орусиянын мегаполистеринен кыргыздар сүрүп чыгарып жатышат. Бишкек Евразиялык экономикалык биримдикке киргендиктен, белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болгон.

Ильхамов Шавкат Мирзиёевдин коррупция менен күрөшү ийгиликке жетпей жатат деген ойдо. “Өзбекстандын административдик системасы паракорлукка баткан. Бир нече реформаларды ишке ашырган өкмөт коррупция менен күрөшүүдө алдыга жыла элек”, - дейт социолог.

Аталган агенттиктин аткаминерлери да өзбек бийлигиндеги ресурс талашуудан улам камалып кеткендей, майлуу жерден улам чыккан чыр кейиптенет деген ойдо өзбек эксперти.

Орусиялык “Миграция 21-кылым” фондунун башчысы Вячеслав Поставнин Борбор Азиядан эң көп келгендер өзбектер экенин тастыктайт. Миграциянын ичинде эбегейсиз каражат айланып турат.

“Бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн келишим жарытып иштеген жок. Өзбек тарап Орусия үчүн көп талапкер даярдаган, бирок Москва кыймылдап да койгон жок. Мындан улам өзбектердин агенттигинде коррупциялык мамилелер пайда болгон”, - дейт орус эксперти.

Орустардын өздөрүнүн арам кекиртектеринен колу бошобой жатат, жергиликтүү жана борбордук чиновниктерге кылмыш иштери биринин артынан бири козголуп турат деген пикирин билдирди Поставнин.

“Өзбектердин атайын кызматы мигранттарынын арасындагы экстремисттик маанайга гана көз салып келген. Каримовдун убагында мигранттар кетип жаткан поезддерде СНБнын кызматкерлери кошо жүрчү”, - дейт Алишер Ильхамов.

Өзбек атайын кызматы эмгек миграциясынан жарытып акча тапкан эмес, “СНБ экспорт менен транспортту көзөмөлдөп акча тапчу. Ал жакта бир убакта эле көп акча табуу мүмкүндүгү бар. Миграциядан канча убакыт коротсоң да кыйраткан бир нерсе таппайсың”, - дейт социолог.

Кандай болбосун, августтун этегинде премьер-министрдин миграция боюнча атайын кеңешчиси пайда болду. Ал макамга келген Рашид Камилов аябай такшалган чиновник. Ал келээри менен эмгек мигранттардын бирдиктүү тизмеси даярдала баштады.

Тизме статистиканы автоматтык анализ кылып, тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү ниетинде түзүлмөкчү дейт тиешелүү агенттик.

Deutsche Welle, Борбор Азия