Орусия

Православ молдокелердин ачык каты Орусияны жандантты

24 сентября 2019 г. 11:20 211

Молдолордун “московское дело” деп аталган кылмыш иши боюнча соттолгон кишилерди колдогон катын бир суткада Орус православ чиркөөсүнүн жүздөн ашык имамы колдогон.

Катка москва менен санкт-петербургдук жана чет өлкөлүк атактуу православ имамдары кол койгон. Бирок көбүнчөсү Волгоград, Ростов Великий, Томск, Минусинск, Великий Новгород, Нижний Новгород, Тверь, Саратов, Тюмень, Иркутск шаарларынын, Кострома, Рязан, Орёл облусу жана башка региондун молдокелери колдоп чыккан.

Православ имамдарын көрүп, мугалимдер, врачтар, илимпоздор, китепканачылар жана программисттер да орус бийлигине ачык кат жазды. Алар миңдеген кол топтоду.

Кыска-нуска катта молдолор “московское дело” боюнча айыпталган кишилердин кылмыш иштерин кайра карап чыгып, мындан нары дайыма адилеттүү чечим чыгаргыла деп православ динин карманган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылышкан.

“Тагылган айыптар адилеттүү чечим эмес эле Орусиянын жарандарын коркутуу сыяктуу көрүнгөндүктөн тынчсызданып турабыз... Эркин, бири-бирин сүйгөн коом коркутуп-үркүтүү менен курулбайт”, - делет катта.

Бул катты тарыхий десе болот. Орус православ чиркөөсүнүн башчылары менен макулдашылбаган мындай кат биринчи жолу жазылды. Катка алгачкы колдор Фейсбуктун мессенжери аркылуу личкалардан коюлган.

Чиркөө кызматкерлери Орусиянын эң унутта калган тайпасына кирет. Алар чиркөө жетекчилигине толугу менен көз каранды. Өзү билип жумушунан кетип же кызматын алмаштыра алышпайт.

Ар бир “туура эмес” сөзү үчүн жумуштан айдалып, үй-бүлөсү менен талаада калышы мүмкүн. Алар үчүн сот жана аткаруу бийлигин сындаган каттын алдына кол коюу Кудай алдында жоопко тартылуу менен эле барабар.

Православ молдолор тарыхта биринчи жолу жамаатындагы карапайым кишилерди коргоп чыккан. Айыпталган Константин Котовдун кылмыш ишине маркум Александр Меньдин “Биз чакырган нерсе – Мээрим гана” деген сөзү жазылган плакат кошо тиркелген.

СИЗОдо эки айдан бери сотун күтүп жаткан Алексей Меняйло кармалганда Пресвятая Троица чиркөөсүнүн молдокеси “Биздин Лёшабы” деп үрөйү учкан. Меняйло митингге “Досу үчүн жанын аябагандан да улуу сүйүү жок” деген уран менен катышкан. Мындай киши үчүн чыкпаганда, анан ким үчүн чыкмак эле устаты.

Кайдыгер болбогон православ молдолор Чиркөөнүн жансыз система эмес, тирүү коом экенини билдиришти. Болгондо да орус чиркөсүнүн салтына жараша күнөөсүз айыпталгандар боюнча “печалование” (болушуу) формасында кат жазышкан.

Катка кол койгон православ имамдар ЖМКларга: “Мен басынуудан тажадым”, “Башка бирөөнүн кайгысын жеңилдетким келет”, “Биз көп кол топтоо максатын койгон эмеспиз. Максат – бул каттын өзү”, - деп ачыктап жатышат.

Гомелдик архимандрит Савва Мажуко Фейсбукта: “Мага күн бою “сиз корккон жоксузбу” деген суроо берип чыгышты. Силер бул суроо менен мени да, өзүңөрдү да басынтып жатканыңарды түшүнбөйсүңөрбү? Бул – кишинин, молдонун ар-намысын сыйлабоо дегендик”, - деп жазган.

Бул каттын натыйжасы – каттын өзү. Ал кол койгондордун турмуштук тажрыйбасынын олутту фактысы. Кесепети кандай болбосун, кайрылуу Чиркөө тарыхына кирди.

Ксения Лученко, Carnegie Moscow Center, Орусия

Макаланын түп нускасы бул шилтемеде