Орусия

Путинден жин чыгарам деген шаман камалса эле маселе чечилеби

20 сентября 2019 г. 16:43 322

Орусия президенти Владимир Путинди Кремлден чыгарам дегенби же андан жин чыгарам дегенби, айтор, Москвага сапар тарткан якут шаманы кечээ кармалды. Кээ бирилери буга күлүп эле тим болгону менен 20 жылдан бери бийликте отурган киши терең ойлонушу керек

Якутиядан сапарын баштаган шаман Александр Габышевдин Москваны көздөй жортуулу орус астанасындагы апта сайын тынчыбай жаткан митингдерге дал келди.

Ал митингдерде кармалган кишилер Путиндин өз бийлигин коргоо үчүн түзүп алган Росгвардиясынын аскерлерин кагаз стакандар менен жабыркатты деп соттолуп жатышат.

***

Буга окшогон соттор Орусия Федерациясынын баардык аймактарында байкалууда.

Орусияда май-талкан жашоосун уланткан борбордук жана регионалдык бийликтин өз көлөкөсүнөн чочуганы укук коргоо органдарынын пайдалуу эрмегине айланган.

Өз элинен чочуган атка минерлердин буйругу менен камалган Орусия жарандары полис, прокуратура жана сот үчүн кызматта жогорулоого жана сыйлык пулун байма-бай алууга мүмкүндүк берди.

***

Шаман Габышевди капаска жаап, унутуп коюу да орус бийлиги үчүн опурталдуу. Анткени ал дубаларды күбүрөп-шыбыранган адаттагы эмчи-домчуларга окшобойт экен.

Шаман жөнөкөй орус тили менен эле “Путин кетиши керек, анткени элдин абалы барган сайын начарлап баратат” деп келди.

Андан сырткары ал элге бөтөндөшпөй, жолдо катар кишилер менен баарлашып, митингдерге да катышып жатты. Читада элдик кошундарды түзүп, калк өз маселесин өзү чечиш керек деген оюн айтты. Акыры: “Путин силерге үйрөтпөй эле койсун, эркин жашагыла”, - деп балп эттирди.

***

Якут шаманы Орусиянын дагы бир стереотипин жокко чыгарды.

Буга чейин ОФнын башка улуттары орус калкы менен бийлигинин аркасында турган жүзү бүдөмүк масса сыяктуу болчу. Пулуң болсо кулуңмун деген жергиликтүү топтор Москвада отурган режимди калкы бүтүндөй колдоп жаткан сыяктуу түр көрсөтчү.

Эми элдин калың катмарынан чыккан бир шаман борбордук бийликке ыраазылык сөздөрдүн ордуна башка эле бир нерселерди сүйлөп жатат. Анын сөздөрү карапайым орус, татар, якут жана башка кыштактарда колдоо таапты.

Орусия Федерациясынын калкы 20 жыл Кремлди бербей келе жаткан Путин шамандын жардамы менен болсо да бийликтен кетсе экен деп тилеп турат.