Борбор Азия

Кыргыз-тажик чек арасындагы араздашуунун чыныгы себептери кандай?

19 сентября 2019 г. 19:33 219

Баткен облусу менен тажиктердин Согд облусу кесилишкен жердеги 16-августтагы араздашууда жеңил куралдан сырткары миномёт да колдонулуп, бронетехника да тартылган.

Тартыш жерде дубал курууга киришти, окту биринчи чыгарды деп эки тарап бири-бирин айыптап турат. Чек арадагы араздашуудан кийин өлкөлөр дипломатиялык нааразычылык ноталары менен алмашышты.

Араздашуунун себептери эмнеде

Орусиянын аскердик эксперти Лев Корольков мындай араздашууну ким тутантканын табуу мүмкүн эмес деген ойдо.

“Бул жерде эки мамлекеттин жарандары менен чек арачыларынын ортосунда дайыма эле жаңжал чыгып келет. Жолду пайдалануу боюнча чыр чыгып турат. Акыркы окуя тартыш жерде объект куруу аракетинен башталган. Конфликт дайыма тутанган абалга жеткен”, - дейт Корольков.

“Муну Өзгөчө кырдаал деш эрте, бирок буга чейинкилерге караганда катуу араздашуу болду”, - деп мүнөздөйт БУУнун Афганистандагы атайын саясий миссиясынын мурунку мүдүрү Таалатбек Масадыков.

Германиянын Эл аралык изилдөөлөр борборунун (ZOiS) кызматкери Беате Эшмент кыргыз-тажик чек арасында араздашуулар жай бою токтогон эмес, дүйшөмбүдөгү тиреш ошолордун натыйжасы деген ойдо.

“Менин оюмча, чек аранын тынчыбоосуна жергиликтүү топтор кызыктар”, - дейт немис серепчи.

Аткезчилик менен баңгитрафигине байланыштуубу?

Лев Корольков: “Тажикстан менен Кыргыз Республикасынын чектериндеги араздашууларда аткезчилик менен баңгитрафик факторун эстен чыгарбоо керек. Мындай талаш жерлер баңги өткөрүүгө ыңгайлуу жана баасы кымбат турат. Аларды көзөмөлдөө аракети чыңалууну күчөтөт. Жергиликтүү гана калкка тиешелүү болсо, маселе небак чечилмек”, - дейт.

Беате Эшмент Бишкек менен Душанбе чек ара маселесинин чечилишине анча кызыктар эмес деген ойдо. “Чек аранын жарымы такталбай жатканы муну көрсөтүп турат... Эки өлкөдө тең чыңалууну арттыруудан пайда көргөн топтор бар сыяктуу. Экөөндө тең улутчулдук артып бара жатат. Бул болсо калктын сезимин көзөмөлдөп багыттоонун жакшы куралы”, - дейт Эшмент айым.

Чек араны тактоо пайда береби?

Таалатбек Масадыковдун айтымында кыргыздардын Тажикстан менен чек арадагы чырлары жана этникалык инциденттерине карап, республикада жарылып кетчү маселе көп экенин байкаса болот. “Мунун баары сырттан колтукка суу бүркүүгө окшоп турат. Кыргыз Республикасы менен региондун тутанчу убагы али алдыда”, - дейт ал.

Беате Эшмент чыр чыгып жаткан аймактардын экономикалык абалы мышык ыйлаарлык деген пикирде. “Чек ара чийилсе эле маселенин баары чечилип кетиши кыйын. Борбордук бийликтери тарабынан унутта калтырылган жергиликтүү калк тартыш жер-суу, жайыт жана жолдорду бейрасмий нукта чечип көнгөн. Чек ара такталса, бул мамилелер бузулат. Экономикасы күчтөлгөндө гана чек ара маселеси чечилет. Бирок өкмөттөр буга кызыктар эмес экенини билинип эле калды”, - дейт ZOiS’тин эксперти.

Deutsche Welle

Макаланын түп нускасы бул шилтемеде