Ислам дүйнөсү

Сауд Аравиясын бомбалоого кимдин тиешеси бар?

18 сентября 2019 г. 18:11 280

14-сентябрдагы Сауд Аравиясындагы ири мунай иштетүүчү ишканага кол салуу Иран менен Саудиянын тирешүүсүн күчөтмөкчү.

Чабуулдун натыйжасында дүйнөдөгү мунай чыгаруу 5%га төмөндөгөн. Анын кесепети качан жоюлаары алиге чейин бүдөмүк.

Хуситтер (йемендик шииттер) бул чабуулду моюндаганы менен АКШ менен Саудия алардын сөзүнө ишенген жок.

Америкалык мамкатчы Майк Помпео твиттеринде: “Иран дүйнөлүк мунай системасына чабуулун күчөттү... Чабуул Йеменден болгонунун далили жок”, - деди.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф: “Помпео “ашкере жалаа жаап” баштады... Иранды айыптоо менен маселе чечилбейт”, - деген каяша кылды.

Анда чабуулду ким кылды?

Йемендик хуситтердин буга чейинки чабуулдары күткөн натыйжасын берген эмес. Аналитиктердин айтымында, хуситтер мындай дрондорду колдонушу кыйын.

CNN’дин булактары сауддардын Абкайктагы мунай ишканасын талкалаган дрондор “Ирактан коё берилгени болжолдонууда” деп билдирген.

Иранга жакын топтор Ирактын түштүгүндө тамырлаганы жана аларды ирандык куралдуу күчтөр колдоп жатканы маалым. 15-сентябрда ирак өкмөтү мындай маалыматтарды четке каккан.

Хуситтер болсо алардын чабуулуна Сауд королдугунун жарандары жардам бергенин каңкуулашкан. Бирок серепчилер саудиялык шииттер менен суннийлердин арасына от жагуу хуситтердин негизги максаты, ошондуктан алардын айтканына анча ишене бербеш керек дешет.

Бул чабуулдан кийин Сауд Аравиясы дүйнө мунай базарындагы бааны туруктуулаштырган позициясынан тайыды деген пикир күч.

Анткени менен мунайдын баасын көтөрөбүз деген тараптардын максаттары таш капты десе болот. Анткени “Брент” маркасындагы мунайдын баасы дүйшөмбү эртең менен 72 долларга чыкса да, кечинде 66 долларга төмөндөгөн.

Бул, мунай 11%га кымбаттаганы менен июлдагы эле баасына кайтты дегендик.

Ирактын Кувейтке кол салуусунан кийинки отуз жылдан берки мунайдын бир убакта мынча кымбаттоосунан уткандардын бири – Орусия. Москванын биржасында Роснефттин акциялары 3, Лукойлдуку 2,71, Газпром Нефттики 1,17%га көтөрүлгөн.

Владимир Путин Орусиядан “С-300төрдү алган ирандыктар менен С-400төрдү алган түркттөр” туура кылган деп, сауддарга каш каккан болду.