Кытай/Индия

​“Жибек Жолунун” боюндагы өлкөлөргө ким көбүрөөк акча бергенин немистер санап чыкты

17 сентября 2019 г. 13:02 257

Казакстан Кытайдын акчасына байланган. Өзбекстан менен “Бир кырчоо – бир жол” долборуна кирген башка өлкөлөр Батыштан көбүрөөк алышкан

Кытай “Бир кырчоо – бир жол” долборуна кирген өлкөлөргө акчалай жардам бергендердин алдына чыкты деген ой чындыкка коошпойт. Батыш, айрыкча Евробиримдик “Жаңы Жибек-Жолунун” боюндагы мамлекеттерге КЭРден кем эмес акча сарптап келет, кээ бирилерине Кытайдан да көбүрөөк короткон.

Ошондуктан ЕБ Борбор Азиядагы мамлекеттерде кытайлык таасирге каршы туруп, өзүнүн баалуулуктарын, стандарттарын, бизнес-үлгүлөрүн жана технологияларын киргизе алат.

Bertelsmann-Stiftung изилдөөсүнө 9 постсоветтик өлкө кирген

Немистердин Bertelsmann-Stiftung фонду “Жаңы кытай Жибек-Жолунда Батыш эмнени каржылап жатат” деген изилдөөсүндө ушундай тыянактарга келген. Анда 25 өлкөгө чегерилген Батыш менен Кытайдын инвестициялары салыштырылган.

Алардын тогузу постсоветтик өлкөлөр. Чыгыш европадан Беларусь менен Молдова, кавказдан Азербайжан менен Армения, борборазиядан Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

“Батыш” деген аныктамага АКШ, Жапония, Түшүк Корея да кирген.

Изилдөө жүргүзүлгөн 25 өлкөнүн 5инде гана кытай каржысы көбүрөөк болуп, 16 мамлекетте батыштык каржыга артыкчылык берилип, калганында теңме-тең чыккан.

Постсоветтик мейкиндикте “батыштык каржы өтө үстөмдүк кылган” өлкөлөргө Казакстан, Азербайжан, Армения жана Түркмөнстан, “батыштык каржы үстөмдүк кылган” мамлекеттерге Тажикстан менен Өзбекстан кирген.

Батыш жардамы Кытайдыкынан эмнеси менен айырмаланат

Изилдөөнү жетектеген Дуйсбург-Эссен университетинин профессору Маркус Таубе: “Мен бул мамлекеттерге Кытайдын өз көмөчүнө күл тартканын катуу эскертким келет. Түрдүү өнөктөш менен мамиле кылуу өтө маанилүү. Олуттуу каржы менен технологияны Европадан да алса болот”, - дейт.

Мындай жардамдын келечеги кең жана берекелүү деп баса белгилейт профессор: “Батыш жардамы ачык-айкын мамлекеттик башкарууга жетүү шарты менен берилет. Бул шарт карапайым калктын кызыкчылыгын көздөйт”.

Таубе айтмакчы, Кытай болсо “жергиликтүү калктын эмес, өзүнүн гана максатын көздөп”, “бир ууч элита” менен мамилелешип, аларга “кытайдын таламын талашуу үчүн материалдык каражат берет”.

Өзбекстан эмес Казакстан биротоло Кытайга беттенип алган

Изилдөө боюнча Казакстан олчойгон кытайлык каржы алган. “Менин оюмча, Казакстандын чыгышка беттенгени айдан ачык”, - дейт Маркус. “Казак коомчулугу мындай жагдайга каршы чыгышы зарыл”, батыш өлкөлөрү болсо Кытайдан башка да тандоо бар экенин ачык билдириши керек.

Өзбектердин башкаруусу кытайдыкына окшоп кеткени менен “Өзбекстанда АКШнын чоң кызыкчылыгы бар экенин эске алуу керек. Ал жерде ири аскердик базасы орногон. Бул батыштын таасирин арттырып, Кытайдыкын чектеп турат”, - дейт Маркус Таубе.

Deutsche Welle

Кыскартылып берилди. Толук версиясын бул шилтемеден окуса болот