Ара жолдогу мамлекет

​Эрдоган жөө жомогуна баарын ишендире алды

16 сентября 2019 г. 12:27 207

2016-жылдын 15-июлунда Фетхуллах Гүлендин жамааты аскердик төңкөрүш аракетине барды деген бийлигинин жалган жомогун түрк оппозициясы да кабылдады.

Түркияда таасири күчтүү күрт саясатчылары да Хизмет кыймылын криминалдаштырып, коомдук турмуштан толугу менен сүрүлүп чыгуусун колдоду.

Учурда түрк коомунун басымдуу бөлүгү Тайып Эрдоганга каршы болсо да Гүлен кыймылын жек көргөндүктөн ага тиешелүү кишилер менен уюмдарды жерип келет.

Түрк интеллигенциясы дагы Хизметти Эрдоган режиминен жапа чеккен тайпа катары көрбөйт. Гүленге жакын деп билинген интеллектуалдарды жеригени жериген.

Түркиядагы адам укуктарынын бузулуусуна байкоо салган эл аралык уюмдар да Гүлен кыймылына келгенде үнүн бир аз чыгарып тим болууда.

Жогорудагы жагдайларды эске алганда, Түркияда 2016-жылынын 15-июлунан кийин орногон жарым диктаторлук режим түрк коомун, оппозициясын жана дүйнөлүк коомчулукту Хизмет кыймылы тууралуу жөө жомокко ишендире алды. Арам кекиртектикке баткан түрк бийлигинин оюнан чыккан “Фетхуллахчы террор өрүмү” (ФЕТӨ) деген уюм бар экенин бул тайпанын баары кабылдап калды.

Акыйкаттан тайыбаган бир ууч саясатчы, интеллектуал менен журналист гана Гүлен жамаатынын душман катары сунулушуна каршы чыгып келет. Алар дагы “Хизмет кыймылынын кишиси” деген айыптар менен алп урушууга мажбур.

Мунун баары бизди төмөнкү суроолорго жооп издегенге мажбурлап турат:

- эмнеден улам түрк коому Хизмет кыймылын албарсты көрсөткөн бир ууч кишиге ишенип кетти?

- ар бир маселе боюнча бири-бирине каршы чыгып келген саясий топтор менен диний жамааттар Гүлен жамаатына каршы кантип биригип кетишти?

- болгон күчүн билим берүүгө жумшап, саясаттан болушунча узак болууга аракеттенген кыймыл эмне үчүн түрк бийлигинин бардык каталары үчүн жооптуу деп табылды?

Өтмүшкө тиешелүү бул суроолордон кийин келечекке багытталган суроолорду да коюп көрөлү:

- учурдагы президент Тайып Эрдоган жана анын партиясынын ордуна башкалары келсе эмне өзгөрөт?

- алардан “кечирип койгула, силер жок жерден эле куугунтук жепсиңер” деген сөздү күтүү канчалык реалдуу?

- муну айткан саясатчы же партиянын Түркияда саясий келечеги болобу?

Канчалык ишенгибиз келсе да мындай үмүттүн жакынкы он жылдыкта ишке ашуусу кыйын.

Жаман ойлоп, жаман сүйлөш, албетте, туура эмес. Бирок негизсиз бир нерсеге ишенүү да болбогон жорук.