Борбор Азия

​“Мен ишеними тайкы динчилдерди көп кездештире баштадым”

15 сентября 2019 г. 15:36 376

Жазуучу, сценарист жана режиссер Ермек Турсуновдун соцтармактарда катуу талкууга алынган казак коому жана маданияты жөнүндө постун кыскача бердик. Казак боордоштордун көйгөйү биздикинен канчалык айырмаланаарын байкасаңыз болот

Өлкөдө акыркы жылдары эмне көбөйдү? Соода борборлору, базар, тойкана жана мечиттер. Демек биз тезирээк акча таап, аны тойго жумшап, анан мечитке барып Алла Тааланы мактайбыз же андан кечирим сурайбыз. Улутубуздун өзгөчөлүгү ушул. Муну туура деш мүмкүн эмес.

Биз “биринчи экономика, анан саясат” деп келгенбиз, эми тескерисинче “оболу саясат, анан экономика” деп баштаган сыяктуубуз. Ал экөө тең туура эмес пикир, баарынан мурун маданият болушу керек.

Маданиятсыз кишини саясатка да, экономикага да жолотпош керек. Маданиятсыз инсан убактылуу гана ийгиликке жетет. Тарбиясы тайкы кишинин тарттырганы кайгы болот. Биз муну бүгүн көрүп турабыз.

Кай тармакта болбосун маданият бар: каржы маданияты, саясий маданият, дене тарбия маданияты, коомдук маданият, турмуш маданияты, улуттук маданият, талкуу маданияты, талашып-тартышуу маданияты ж.б.у.с.

Адамзаттын миң жылдаган тарыхы жана бардык диндер: маданият пайдубал, калганы анын үстүнө курулат деп тастыктап турат.

Мен кашыкты кайсыл кол менен кармаш керек дегенди кеп кылган жокмун. Маданият дегенде, баарыбыз карманууга милдеттүү болгон ар-намыс жана абийир минимуму жөнүндө айтып атам.

Мисалы арам кекиртектик, б.а. коррупция менен күрөшүү – бул абийирсиздик жана маданиятсыздык менен күрөшүү да.

Киши туура китептерди окуп, үйүнөн туура тарбия алса, тендерде шылуундук кылбайт, жалганды чындай койгулаштырбайт, зордуктабайт, пара бербейт. Мындай киши айланасын ыплас сөз жана идеялардын таштандысына айлантпайт. Ал абийир минимумун карманат.

Маданияттуу киши – уяттуу киши дегендик. Уятсыз, демек, маданиятсыз. Кишинин маданияты жок дегенде, анын уятсыз экенин айтабыз да. Бул жерде мээ жөнүндө кеп кылган жокмун. Кудай Таала айбанга бербей, инсанга берген уяттуулук жөнүндө айтып атам.

Абийир пайдубалына курулган экономика иштеп кете берет. Уяттуулукка негизделбеген экономика эшиктери ачылган жырткычканага окшош. Биз мунун түшүнбөсөк келечегибиз бүдөмүк бойдон кала берет.

Сергек абийир – бул түгөнгүс күч-кубат. Абийирди маданият, агартуу жана билим берүү гана ойгото алат. Маданиятсыз билим берүү эч нерсени чечпейт, кооптуу десек да болот. Билимдүү шылуундар көбөйгөнүн баарыбыз көрүп турабыз. Азыр ийгиликтүү адам катары акылдуу, билимдүү жана абийирсиз кишини айтып калдык.

Мечиттерге келсек, көпчүлүк динчилдикти диндарлык менен алмаштыра баштады. Бирок булар эки башка нерсе да. Кудайга табынуу оңой. Элге кызмат кылуу оор. Мен ишеними тайкы динчилдерди көп кездештире баштадым. Мечиттер көп, бирок ичинде Кудай жок. Үстүртөн мамиле кылуу менен Алла Тааланын каарын келтирүүдөн коркпогонубуз кызык.

Коомдо руханий, маданий лидерлер жокко эсе. Кишилер менен топторду бириктиргендер калбай баратат. Биздин саясатчылар өлкөдө кандай элди көргүсү келип жатканын ойлонушу керек. Ошондуктан маданият барган сайын маанилүү болуп бара жатат.

30 жылда маданиятка далысын салган үч муун чоңойду. Алар начарлыгы жагынан биринен бири ашып түшөт. Учурдагы жаштын акыл-эси менен аң-сезими глобалдык интернеттин таландысына калды. Анын ой жүгүртүүсү үзүктөрдөн турат. Ал оюн туура түшүндүрүп бере албайт.

Маданияттуу билим алган киши интернеттен өзүнө керектүү маалыматты тандай алат. Азыркы өспүрүм болсо маалыматтын агындысына чөгүп бара жаткансыйт.

Өз жарандарынын ички дүйнөсүн уттуруп жиберген жетекчи гана күч органдарына үмүт артат. Акылдуу башчы маданият менен билим берүүгө көңүл бурат.

Биз өз тарыхыбызды тайманбастан кызыктуу айтып бере алышыбыз керек. Тарыхтын оор жылдарын жандандырып, улут кантип өнүгүп-өрчүгөнүн билишибиз зарыл.

Элди кайра китепке буруу маанилүү. Ал үчүн өлкөдө тиешелүү маданий абал жаралышы керек.

Тезирээк маданият саясатын иштеп чыгып ишке ашыруу зарыл.

Маданияттуулук партия жана өкмөттүн чечими менен кайтып келбесин жакшы билебиз. Ага шарт түзүш керек. Мында маданияттуу инсандардын көбөйгөнү өтө маанилүү.

Постту толук бул шилтемеден окусаңыз болот