Ислам дүйнөсү

Орусия мусулмандарды кантип ооздуктамакчы

26 августа 2019 г. 16:37 193

Орусия Федерациясында 25 млн мусулман жашап, православ чиркөсүнөн кийинки экинчи дин болуп эсептелет. Муфтийлер Кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдин кийинки 15 жыл ичинде мусулмандар өлкө калкынын 30 пайызын түзмөкчү деген ойдо.

Орусия боюнча бала төрөтү мусулмандар жашаган Түндүк Кавказ менен Татарстанда жогору.

Moscow Times гезитинин маалыматы боюнча Орусияда мусулмандар 14-20 миллиондон ашпайт (2018-жылкы санак боюнча 146,8 млн калктын 10-14%ы). Бирок ОФто мусулмандар барган сайын көбөйүп бара жатканын эч ким тана албайт. Орус православ чиркөсүнүн молдокеси Дмитрий Смирнов 2050-жылы орус жок болуп кетет деген пикир айткан.

Бирок тез өскөнү менен исламдын жайылуусуна “Орусияда атайын бут тосуулар бар” дейт көпчүлүк. Орус өкмөтүнө караган Муфтийлер Кеңешинин башчысы мындай тоскоолдордон кутулуу керек деген ойдо.

Православдарга аралашып кетчү мусулмандар

Ажо айым Екатерина II (1762-1796) мусулман калкын православ Орусияга сиңирип алуу максатында тарыхта биринчи жолу мусулман молдокелерин көзөмөлгө алган.

Андан кийинки орус падышалары өлкөсүн туруксуздаштырат деп эсептеген исламдык агымдарды көзөмөлдөө максатында белгилүү мусулман ишмерлерин тандап, өзүнө жакындаткан. 1721-1917-жылдар арасында мусулмандар Улуу Даражалуу Императорго ант берип турушкан.

Ошол кезден тартып динди мамлекеттик кызыкчылыкка пайдалануу негизи түптөлгөн. Орусиялык татарлар эзелтен бери кимге жылуу караганын, Крымдын шийит мамлекети жана Осмон халифаты менен мамилеси кандай болгонун Кремль жакшы билет. Акыркы эки кылымда жана 1994 жана 2000-жылдары Орусиянын Түндүк Кавказ элдери менен эмнеге маал-маалы менен согушуп келгенин ушул контекст ичинде караш керек.

Дагестан менен Чечнядагы чыңалуу мусулмандарды “экстремист” катары эсептөө стеоретибин бекемдеди. Орус бийлигине жакын чөйрөдө мусулмандарды Орусиянын биримдигине кооптуу “потенциалдуу фундаменталисттер” деген пикир күч.

Исламды эл аралык коркунуч катары көргөндүктөн Москва бул темадагы дебаттарды колдойт. Мындан сырткары ислам коркунучун өлкөдөгү оппозицияны басуу үчүн да колдонушу ыктымал.

“Салттык ислам” бийликтин куралы катары

Акыркы бир нече жылдан бери Кремль аныктоосу татаал болгон “салттуу ислам” терминин колдоно баштады. Мусулмандар өздөрү орусиялык бийликке жаккан “жумшак” исламды так аныктай албай кыйналышат.

“Салттуу ислам” терминин 1990-жылдары башкыр муфтийи Талгат Тажуддин сунуштаган. Ал аны Орусия менен постсоветтик чөлкөмдүн туруктуулугу үчүн киргизген.

Орусиянын президенти Владимир Путин: “Салттуу ислам орусиялык маданий коддун олуттуу курамы. Мусулман уммасы болсо, эч күмөнсүз, Орусиянын көп улуттуу элинин олуттуу бөлүгү”, - деген. Ошол эле убакта хижаб салттуу исламга кирбеген чоочун көрүнүш деп, мусулмандарды таң калтырып, момун аялдарды чочуткан.

Орусиялык мусулмандарды мыйзамга салуу

TRT World телеканалынын журналистти Арууке Уран кызы: “Исламдын тигил же бул агымын туура же туура эмес деп аныктоо учурунда мыйзамдар менен саясий риториканы мусулмандарды куугунтуктоо үчүн колдонууну чектеген кепилдик жок”, - дейт. “Яровая пакети” деп жакында кабыл алынган мыйзамдар кандай болбосун ишенимди, катты же топту “экстремисттик” деп атоону жеңилдетти.

Орусиянын Адам укуктары бонча кеңешинин башчысы Михаил Федотов террорчулук менен күрөшүү мыйзамынын карама каршылыктары жана кемчиликтери көп деп эскерткен.

Орусиянын салттуу деп атаган исламынын кутусуна сыйбаган агымдын баары фундаменталисттик, ваххабиттик жана салафиттик делип, Кремлге каршы жорулат. Орусиянын соту китеп, макала, ыр, логотип, видео, веб-сайт сыяктуу кандай болбосун материалды “экстремисттик” же салтту исламга каршы деп табышы мүмкүн.

Исламдык окуу жайларда он жылдан ашык окутулуп келе жаткан Эльмир Кулиевдин Куран жорумун Самаранын соту 2019-жылдын 21-январында экстремисттик деп таап, кара тизмеге киргизген.

Кремль чет өлкөлүк мусулмандын баарын орусиялык мусулмандардын радикалдашуусунун негизги фактору катары карап, алардын баарына “салттуу эмес ислам” өкүлү деген мөөр басууга киришти.

Кээ бир изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча мунун баары жергиликтүү мусулмандарды “сиңирүү”, аларды бийликтин көзүн каратуу, салттуу ислам түшүнүгүн таратуу аркылуу диний оппозицияга бут тосууга багытталган.

Орусиянын ички жана сырткы статусун бекемдөө

The Atlantic журналынын журналистти Хасан Хасандын айтымында Москва бир нече араб мамлекети менен бирге саясий исламчыларга каршы өзүнүн исламын жылдырууда.

Мындай орус-араб альянсын Чечнянын президенти Рамзан Кадыров колдоп жатат. Ал 2016-жылдын сентябрында Грозныйда эл аралык конференция уюштурган. Иш чарага саясий исламга каршы аттанган Египет менен Бириккен араб эмираттарынын диний лидерлери катышкан.

2017-жылынын октябрында Сауд Аравиясынын королу Салман бен Абдулазиз Москвада Владимир Путин менен Орусиядагы исламды талкуулаган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү Вашингтондук эксперт Теодор Карасикке Орусиядагы мечиттер менен үгүт иштерин каржылоосун токтотууга королдун макул болгонун айтышкан.

Суфийликти карманган Рамзан Кадыровду Сауд Аравиясы падышадай тосуп алган. Чечен башчысы, арасына АКШ колдогон Сауд Аравия жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадалары кирген, көптөгөн араб лидерлери менен дос болуп алган.

Орустардын мусулмандар менен алакасынын үч фактору

Биринчиден – калкынын 15%ын түзгөн мусулмандардан чочулоо. ИГИЛ менен “Аль-Каида” террорчул уюмдарынын катарында Сирияда согушкан түндүк-кавказдыктар Москваны чочутат. Путиндин айтымында жыхадчылардын идеологиясы ислам динин бурмалаган жалган нерселерден турат.

Экинчиден – Орусия “ислам жана сунний агымга каршы” деген пикирди четке каккысы келет. Мындай шек Иран жана анын агенттери менен байланышынан улам пайда болгон. “Шииттик альянска кирди деген сынга каршы Москва чечен факторун колдонууда, - деп эсептейт Орусиянын жакынкы-чыгыш саясаты боюнча эксперт Юрий Бармин. – Буга Сириядагы чечен аскердик полиси мисал. Чечендер Сириянын сунний калкын өзүнө тартуу үчүн Алепподогу Чоң мечитти калыбына келтирүүдө”.

Үчүнчүдөн – АКШдан айырмаланып, исламга эмес, анын радикалдуу агымдарына каршы экенин көрсөткүсү келет. Бул максатта Рамзан Кадыров менен чечен үлгүсүн сунууда.

Орустардын – саясий исламчылар менен салафиттер жыхадчылардай эле коркунучтуу – деген принцибин Кошмо Шаттары колдобошу мүмкүн. Бирок арабдар менен бирге “жумшак” исламды сунуштаган Орусия экономикалык жана аскердик күчү менен бирге жакшы натыйжага жетиши мүмкүн.

Sasapost, Египет