Орусия

​Путин Эрдоганды ыңгайсыз абалда калтырды

24 августа 2019 г. 14:55 657

Орусия менен Түркия сириянын Идлибиндеги кишилердин копсуздугун кепилдешкен. Бирок миңдеген өлүк жана жүз миңдеген качкынга караганда Эрдоган Путиндин каарына калгандай

Түрк өкмөтү же өтө эле дардаңдап кеткен кишидей же акылы кемтик баладай көрүнүп калды. Коопсуздугун камсыздабай туруп ал сириялык Идлиб провинциясы аркылуу Морек айылын көздөй бир нече аскердик кербен жолдогон.

Ал жакта түрк армиясы былтыр он экиге жакын көзөмөл бекеттерин курган. Алардын бири чакан Хан-Шейхун шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. Ал жерде Асад режиминин аскерлери козголоңчулар менен кармашып жатат.

Президент Режеп Тайып Эрдоган козголоңчулардын борбору Идлибге сириялык армиянын чабуулун карап отура албасын билгизкиси келген сыяктуу. Аны менен бирге Башар Асаддын негизги союздашы болгон орус өкмөтү түрк бекеттерине кол салдырбайт деп үмүттөнгөн көрүнөт. Эми энөөлүгүнүн кесепетин тартып жатат.

Түрк өкмөтү кербендеринин бирине асмандан чабуулга кабылганын айтып чыкты. Ал жакта сириялык абаа күчтөрүнөн башка эч ким жок.

Асад Москва жана иран режиминин жардамы менен Сирияны козголоңчулардан толук тазалачуудай көрүнөт.

Эрдоган да, Путин да сөздөрүнө турган жок

Эрдоган Асаддын Идлибди алышын каалабайт. Андай болсо сириялыктар Түркияга качып киришет. Үч миллиондон ашык сириялык ансыз деле ал жакта. Акыркы апталарда түрк бийлиги көптөгөн сириялыкты Идлибге ташып кирген. Учурда ал провинцияга орустарга таянган Асад армиясы чабуул коюп жатат.

Өткөн күздө Эрдоган Владимир Путиндин алдынан өтүп, Идлибге каршы чабуул токтоп калган. Эки мамлекет башчы карапайым калктын коопсуздугун кепилдешкен. Бирок Эрдоган Идлибдеги жыхадчыларды тыям деген сөзүндө турган жок. Путин менен Асад болсо провинцияны Дамасктагы өкмөттүн алдына киргизбейбиз деген сөзүнөн баш тартышты.

Ошентип апрелден тартып согуш кайра тутанды. Асад режими менен орус аскерлери мектеп менен бейтапканадан баштаган бардык жарандык мекемелерди аткылап жатышат. Шейшембиде Путиндин тышкы иштер министри Сергей Лавров Идлибде орустардын жөө аскерлери бар экенин моюндады.

Апрелден бери Идлибде миңдеген киши өлүп, 540 миңден ашык киши качты.

Эрдоган эки анжы абалда калды. Асаддын жаалданган аскерлерине каршы Идлибге көбүрөөк аскер жибериши керек. Бирок согуштан тажаган түрк калкы буга каршы. Аскер жибербесе Путиндин оозун биротоло карап калмакчы.

“Орусия менен байланыштабыз”

Моректеги түрк аскер бекети сириялык армия менен анын өнөктөштөрү тарабынан курчалды. Бирок Анкара аскер базасын таштап кетем деген ою жок. “Биз бекетибизди башка жерге көчүрбөйбүз, - дейт түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, - биз Орусия менен бардык деңгелдеги байланышты кармап турабыз”. Бирок Орусия көчүр деп жатат.

Түркия менен Орусия буга чейин да согуш эшигине чейин келип кайткан. 2015-жылы түрк аскерлери орусиялык учакты атып түшүргөн. Бирок Эрдоган кечирим сураганда мамлекеттер кайра мамилелешип кеткен.

Эрдоган менен Путин Сириядагы саясатын сүйлөшүп турат. Жакында Анкара Орусиядан С-400 ракеталарын сатып алып, НАТОго жаман көрүнгөн.

Бирок Түркия менен Орусиянын өнөктөштүгү кыска мөөнөттүү экени билинип калды. Түрк кербенине кол салган сыяктуу, ал ар убакта бир тараптуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

Максимиллиан Поп, Кристоф Зюдов,Der Spiegel. Германия