Ара жолдогу мамлекет

Диктаторлукту эңсесең диктатор келет

23 августа 2019 г. 14:41 181

Диктаторлор диктатор болуш үчүн алардын текеберлигине кол кабыш кылган топторго жана текеберлигин туура көргөн калкка муктаж. Мындай топ менен калк диктатор кетсе да диктаторлук чөйрөнү сактап турат.

Демократия нугунан чыккан соң, ага кайра түшүү барган сайын оорлошот. Диктаторлукту саясаттын өтүшкөн оорусу десе болот. Рак оорусу сыяктуу.

Бардык мамлекеттер мындай ооруга чалдыга бербейт. Демократиялык иммунитети күчтүү өлкөлөр бул ооруну жеңе алат. Бирок ар бир өлкө белгилүү бир доорунда бул ооруга чалдыгып турат. Кээ бир саясий системаларда ага каршы иммунитет пайда болгон. Алардын организми алсырабайт. Башкалары болсо вирус кирээри менен ага жеңилип берет. Диктатор утат.

Meхмет Эфе Чаман,Diktatörlükten sonrası da diktatörlüğe gebe, tr724.com