Борбор Азия

(5) Солтон-Сары: тургундардын пикири – Бийлик жана мыйзам

22 августа 2019 г. 10:54 354

Пикирлер: “Мейли кен мамлекеттики дейли, бирок биринчи байлык эл да. Эл болбосо кайсыл мамлекет?”, “Ар бир көчөдөн он чакты ардактуу киши таап, элди тынчыткыла дешет. Кайдагы... Тынч бол деп көрчү”...

Жалпысынан алганда айылдарда мамлекетке карата таарыныч жана ишенбөөстүк бар сыяктуу. “Эптеп өзүбүздү, мамамлекетти багып туралы налог төлөп. Жайыт комитетине, башкасына төлөйбүз...”, - дейт чөбүн чаап бүтүп, кытайлык фирманын акчасына алынган трактор менен чөп боологон машинаны күтүп турган миң-булактык жигит.

Анын сөзүн анча жактырбаган дүйнө кезип келген айылдашы салыктын өлчөмү анча кымбат деле эмес экенин айтып, жумуш орун бере алчу ишкана салабыз деп бири келсе, үлүшүндөгү жерди бекер деле берет элем деген пикирин айтты.

Союз тараганда бир жолу бөлүнүп берилген жерди эмки жаштар экинчи колдон сатып алууга мажбур. Себеби бардык жердин ээси бар. Жер менен малды башка жерден иштеп келип гана сатып аласың.

Кен жөнүндө кеп кылып келгенде “кытайлар кендерди бербесеңер Ат-Башы менен Арпаны бөлүп алабыз” деп жатышыптыр деп чочутту кытай фирмасында иштеп жаткан жигит. Бул суук кабарды андан башка эч ким айтпаганы менен мындай кеп эл арасында бар сыяктуу.

“Чиновниктердин катасынан улам мамлекетке коркунуч келсе, чыгабыз да”, - деген анын айылдашы жер менен кыймылсыз мүлк чет элдиктерге сатылса болот деген мыйзам чыгыптыр, ал туура эмес “кыргыз кыргызга сатсын, башкага сатпасын” дейт.

Эмгекчилдик мамлекеттик кызматкер Солтон-Сарыдагы митингге “Спецназды эмнеге алып келди? Террорчу, куралчан эч ким жок болсо”, - деп, муну бийликтин катасы катары көрөт. Бирок айылдаш эже “Бишкектен милийса келбесе эл кытайды өлтүрүп, комбинатын сапырып салмак” деген ойдо.

Жергиликтүү бийлик эл менен Бишкектин ортосунда чайналып турат экен. Жогору жакты карап “кен малекеттики, каалаган убагында иштетет” дегени менен айылдаштарынын сүрүнөн коркот.

“Ар бир көчөдөн он чакты ардактуу киши таап, элди тынчыткыла дешет. Кайдагы... Тынч бол деп көрчү...”, - деген айыл окмөттүн биринде катчылык кылган айым, “биздин айыл өкмөт “мен эл тараптамын” деп эле өтө качпадыбы” деп күлөт. Бул алтын маселесинен улам эл эки жылда бирден айыл өкмөтүн алмаштырганын жана учурдагы айыл өкмөт жаңы эле шайланганын айтты.

Алтын иштеткен кыргыз фирмасын коргогон райаким менен айыл өкмөттүн төрайымы Жерге-Талдагы жыйналышта мыйзамдуулукка чакырып элди тынчыткан болду.

Кытай фирмасы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасына пайдасы өтө эле аз болгон келишимди эч ким көрбөгөндүктөн, бул окуяда мыйзамды оозго алган киши көрүнбөйт.

Элди Солтон-Сарыдагы митингге үндөп чыккан жигиттин бири, бийликтин буга чейинки тактикасын эске алып “Эки айдан кийин балдарды бирден кармап алып эзишпесин” дейт. Активист балдар маселе туура жагынан чечилип, экология бузулбашы керек деген ойдо.

Кара-Чийдеги айылдык жыйналышта ак бейсболкачан сары жигит: “Мейли кен мамлекеттики дейли, бирок биринчи байлык эл да. Эл болбосо кайсыл мамлекет? Алтын казылган тоолордон суу келбей, айылдар жок болуп кетип жатат”, - деген пикирин билдирди.

Солтон-Сары боюнча буга чейинки макалалар: Алтын жана аны иштетүү ---///--- Жайыт, суу жана глобалдык экология ---///--- Жаштар менен аялзатынын жумушсуздугу жана жогорку үстөк менен насыя алуу ---///--- Кытай фирмасыбы же кыргыз ишкериби?