Борбор Азия

(4) Солтон-Сары: тургундардын пикири – Кытай фирмасыбы же кыргыз ишкериби?

20 августа 2019 г. 14:31 800

Пикирлер: “Мейли 10 тонна алтын болсо да, анын 1 пайызы эле 44 млрд доллар болуп атпайбы. Булар инвестор эмес”, “Бул намыс маселеси. Жерибизди алды, кызыбызды алды, сойкуларды алып келип жатышат”, “Катуу иштешет экен. Тимеле бул жерден кирип Кытайдан чыкчудай”...

Кытайлардын алтын кенин иштетүүсүнө тургундардын дээрлик баардыгы каршы. Кыргыз казынасына бир да грамм алтын бербегендей түзүлгөн келишимге жергиликтүү калк өзгөчө нааразы. Кытайлар кыргыз бюджетине салык гана төлөп, алтынды ташып кетет экен дейт алар.

“Союз доорунда Солтон-Сарыда 40-50 тонна алтын бар дешкен, кытайлар 8-10 тонна деп жатышат. Бул алтындан да кымбат уран же компьютердик технологияларда колдонулган полупроводник металлдарды эсепке албаганда эле. Мейли 10 тонна алтын болсо да, анын 1 пайызы эле 44 млрд доллар болуп атпайбы. Булар инвестор эмес”, - дейт мамлекеттик структурада иштеген эмгекчилдик жигит.

Бул жигит алтынды унция өлчөмүндө санап жогорудагы цифраны айтты. Бирок жергиликтүү эл Бучук жайытында оңой алтын жатпаганын башка да кыйыр түрдө божомолдойт экен. Кен иштеткен комбинатка Датка-Кеминдикиндей столбалар орнотулуп “кубаты Нарын облусуна жеткенчелик электр чубалгы тартылат экен” дешет тургундар.

Солтон-Сарыга тиешелүү макалаларда аталган айылдын баары Нарын районуна кирет. Бул райондун эли алтын казам деген кытайларды биринчи жолу кууп чыгып жатпаптыр. 2000-жылдардын башында Кум-Бел жайытынан да кытай фирмасын куушкан экен.

Бучук жайытындагы кен берилип жатканда да Эмгекчилдин эли катуу нааразы болуп “жаалдап” кеткен дейт бул айылдык айым. Ал: “Солтон-Сарыда эзелтен бери алтын өндүргөн “Кыргызалтын” концентратты Кумтөргө ташып, ошол жактан алтын ээритип алат. Бул кытайлар жерди чукуп уусун куйса, алтын ээрип өзү чогулуп калат экен. Эмитен эле алтын ала башташыптыр. Катуу иштешет экен. Тимеле бул жерден кирип Кытайдан чыкчудай.”, - деди.

Эмгекчилдик активисттердин бири кытайлар жөнүндө: “Бул намыс маселеси. Жерибизди алды, кызыбызды алды, сойкуларды алып келип жатышат”, деген нааразылыгын билдирди.

Миң-Булактык көптү көргөн тургун: “Мен ондогон жылдары ар кайсыл мамлекетте жашадым. Кайтым келдим. Кыргыз жери ыйык. Эң керектүү нерсе. Балдарыбызга “Ата-бабадан силерге калтырдык” деп, таштап кетишибиз керек да”, - дейт.

Кара-Чийдеги жыйналышта “Ата-баба найзанын учу менен сактап калган” деген ураан айтылды.

Тургундар кытайлар сөзүнө турган жок деген ойдо. Алар жаратылышка аяр мамиле кылып, жергиликтүү калк “токто” десе дароо ишти токтотоорун айтышкан дешет. Эми болсо “чектен чыгышты” пикири күч. “Чыр мал өлгөндөн чыгып, токтоп, балдар ооруганда кайра күчөдү”, - дейт Миң-Булактык эже.

Солтон-Сарынын Бучук жайытындагы кытай фирмасына каршы ызы-чуунун шары менен кара-чийликтер Кум-Бел жайытында алтын кенин иштетип жаткан кыргыз фирмасын да кууп түшкөн.

Кыргыз фирмасы өз ишин болушунча мыйзамдаштырып, чакан кенди ачык аукциондон утуп алып, Кум-Белди колдонгон төрт айылга колунан келишинче жардам берип жатат дейт район жетекчилиги.

Казылган породаны жайытта иштетпестен, Кара-Балта шаарына ташып кеткен кыргыз ишкерлери жаратылышка минималдуу зыян келтирип, жайыттын жолдорун бир топ оңдогонун айтып жатышты.

Төрт айылдан 70тен ашык кишиге жумуш берген фирма, атайын форма жана үч маал ысык тамак берип, мончосу дайыма иштеп турат дейт ишканага жумушка орношкон кара-чийлик жигит.

Өкмөт кытайлыктарга Бучук жайытын ондогон жылдарга берген болсо, кыргыз фирмасы келишимди жыл сайын узартып турушу керек экен. Келишим узартылган сайын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары талаптарын улам жаңыртып, ага өзгөртүү киргизип тура алат дешти.

Кара-Чийден сырткары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө кирген үч айыл жыйналышта кыргыз инвесторун коргоп чыкты. Төрт айылдын жалпы чогулушунда кыргыз ишкерлерине келишимде каралган – 2020-жылдын 25-майына чейин иштөөгө уруксат берилди.

Район жетекчилиги менен айыл өкмөтү да кыргыз фирмасы салыштырмалуу таза, ачык жана адилеттүү иштеп жатат, инвесторлорду тартуу өкмөттүн талабы дешти.

Кийинки макалабыз бийлик жана мыйзамдуулукка тиешелүү болмокчу.

Солтон-Сары боюнча буга чейинки макалалар: Алтын жана аны иштетүү ---///--- Жайыт, суу жана глобалдык экология ---///--- Жаштар менен аялзатынын жумушсуздугу жана жогорку үстөк менен насыя алуу