Борбор Азия

​(3) Солтон-Сары: тургундардын пикири – Жаштар менен аялзатынын жумушсуздугу жана жогорку үстөк менен насыя алуу

18 августа 2019 г. 12:03 296

Пикирлер: “бул кепеде өмүр бою мал баккан киши жашайт, мигрант кыздары жаңы үй салып жатат”, “иштеткендей болсо, баарыбызды иштетсин”...

Алтындан да терең көйгөйдүн бири катары малдын көбөйүп, жайыттын барган сайын тарыганын буга чейин айттык. Мындан да терең катылган, бирок алтынга же башка маселеге тиешелүү болобу, элдин нааразычылыгын дайыма кубаттап турган көйгөйлөр бар сыяктуу.

Аларга эң биринчиден аялзаты менен жаштардын жумушсуздугун киргизсек болот.

Айылда мамлекет каржылаган мектеп, бала бакча, ФАП жана айыл өкмөтүнөн башка туруктуу иш орундары жокко эсе. Билерман тургундун айтымында, бул кызмат орундарынын 94 пайызы Нарын облусу боюнча республикалык бюджеттен дотацияланат.

Мисалы Эмгекчил айылында 105 (50 мектеп, 20 айыл өкмөтү, 5 фап, 25 бала бакча жана башка 5) бюджеттик орун бар. Алты миңдик айылда булардан башка мамлекеттин көзүн караган эч ким жок. “Эл өзүн өзү эле багып жатат” деген пикир күч.

1200 сомдун тегерегинде пособие алган 95 кишини өкмөттүн көзүн карайт деш кыйын. Бардык айылдын аялзаты “уйу, машинеси, чоң килеми бар” деп жатып пособие алгандарды болушунча кыскартты дешет. Мисалы жакынкы жылдары Эмгекчилде 500 киши жөлөк пул алчу экен, учурда 95и калган.

Буга чейин айтылгандай, мал чарбачылык менен жер иштетүүнүн рентабелдүүлүгү төмөн болгондуктан, сырттан кирген киреше ар бир үй-бүлө үчүн маанилүү. Миң-Булактык активист каптал жактагы үйдү көрсөтүп “мына бул кепеде өмүр бою мал баккан киши жашайт, мигрант кыздары жаңы үй салып жатат” дейт.

Эмгекчил, Миң-Булак жана Куйбышевде акыркы эки жылда ички жана сырткы миграция күчөгөн экен. Кара-чийликтер мурун кандай болсо, учурда деле ошончо киши кетип жатат деген ойдо.

Эри Орусияга, аялы Түркияга акча тапканы кетип, балдары чоң ата-чоң эненин колунда чоңоюп жаткан үй-бүлөлөр бар дешет.

Жерге-Талда өткөн жыйналышта, Кум-Бел жайытында алтын иштетип жаткан кыргыз ишкерин коруган келин “балдарыбыз Орусиядан көрө, бул жерде иштеп акча табышсын” деп бизнесменге каршы чыккандарга нааразы болду.

Кытай фирмасы эки айылдан 150дөн ашык кишини жумушка алса, алтын иштеткен кыргыз фирмасы үч айылдан алтымышка жакын жигитти жумушка алган. Бирок бул жумуш орундар, албетте, жетишсиз.

Кээ бир кызуу кандуу чечен жигиттер жыйналышта “иштеткендей болсо, баарыбызды иштетсин” деп да жиберди. Жумушка кирем дегендер чучукулак кармашкан. Ишке кире албай калгандары нааразы.

Кытай фирмасы алтынды кардуу тоонун этегинде өндүрмөкчү, ошондуктан ага кара жумушчудан сырткары кесипкөйлөр да керек экен. Айылдыктардын талабы боюнча кытай фирмасында иштегендердин 80 пайызы кыргыздар болушу керек дешет. Кытай тарап алтын кен фабрикасы үчүн окутууну баштамак деген пикир айтылды.

Чакан кыргыз фирмасы породаны ташып кеткендиктен, кесипкөй эмес, көбүнчөсүн кара жумушчуларга муктаж. Бирок кытай фирмасы менен салыштырганда, кыргыз ишкери да жакшы маяна төлөп бере баштаган экен.

Айылдык вотсапп группалардан кандай болбосун нааразылык акциясына чакырык салынса, андай иш-чара көңүлгө жагып-жакпаганына жараша эл топтоо потенциалына ээ. Солтон-Сарыдагы митингге көбүнчөсүн жаш жигиттер катышканы менен арасында бирин-серин аялзаты да болгон.

Жерге-Талдагы жыйналышка катышкандардын отуз пайызга жакыны аялзаты экени көрүнүп турду.

20-25 пайыз үстөк менен насыя алуу да өзүнчө бир көйгөй. Жаштарды миграция менен жумушсуздукка байланыштуу нааразылык акцияларына түрткөн себептердин негизкиси – насыя десе да болчудай.

Нарын шаарындагы банктардын филиалдары учурда насыя үчүн залог да сурабай калыптыр. Бир насыясын жаба элек жатып экинчисин алганга да жок дешпеген учурлар бар экен. Бир убакта бир нече банктан насыя алгандар кездешет.

Бир жагынан караганда, банкттар элди акчага туура мамиле кылганды үйрөтө баштагандай. Карыз алса, он эки айга бөлүп тыкыр төлөп берүү маданияты калыптанган сыяктуу. Үстөктүн пайызын түшүрүү аракетинде болгон жеке менчик же мамлекеттик банкка муктаждык бардай көрүнөт.

Жумушсуздукка келсек, алтын иштеткен фирмалар айыл тургундары кеңешип чечкен чакан ишканаларды жабдууга жана тегереткенге каражат бөлсө максатка ылайык болчудай.

(Уландысы бар. Кийинки тема – Алтын иштеткен кыргыз жана кытай фирмалары)

Солтон-Сары боюнча буга чейинки макалалар: Алтын жана аны иштетүү, Жайыт, суу жана глобалдык экология