Борбор Азия

​(2) Солтон-Сары: тургундардын пикири – Жайыт, суу жана глобалдык экология

17 августа 2019 г. 17:23 594

Пикирлер: “туалетин сууга кошуп алышыптыр”, - дегенден тартып, “жер шаарындагы жалпы кургакчылыкты эске алалы”, - дегенге чейин

Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Куйбышев жана Кара-Чий айылдарынын тургундары акыркы жылдары мал көбөйүп, жайыт тарыганын бир ооздон айтышууда.

Мал тоолуу шарттарда беш айдай кол карап калгандыктан, мисалы, бука бир жыл бою багылса, бир жылдык чөп-жемин гана санап, кишинин мээнетин эске албаганда, болгону 3000 сом таза киреше берээри айтылды. Ошондуктан кеңири айдоо жана кайрак жерлерин менчиктештирип, малын көбөйтүп алгандар гана утушка ээ болот деген пикир бар.

Ири кенге салынган жол, жогорку чыңалуудагы электр чубалгынын столбаларына (“Датка-Кеминдикине окшош, 100 миң киловаттык” дешти) ажыратылган жер жана жардыруулар жайыттын таруусуна үстөккө босток болгон. “Негизги казуулар баштала электе эле ушунча кыртышка зыян келтирилди, толук кандуу иштеп баштаганда кандай болот”, - дегендер көп.

Эмгекчил айылынын тургундарынын айтымында ар бир жардырууга 11 тонна селитра колдонулуп, бир күндө кээде төрт жардыруу болот экен. Кээде кызыл, кээде сары түтүн чыгып, жыты жаман дешет. Селитра менен кошо топурак, жада калса радиактивдүү элементтер да учуп жайытка, айрыкча сууга түшүүдө деген пикирлер бар.

Кытайлар ажаатканасын булактын жанына салып, канализация түтүгүн агын сууга кошуп салганын кенге каршы чыккан ар бир тургундан укса болот. Айрыкча таза суу системасы жок жана сууну Солотон-Сарыдан келген сайдан ташып ичкен кара-чийликтер буга нааразы. Ызы-чуу убагында кендин төмөн жагындагы лагерге чейин барып сөз сүйлөп келген эже, жогорудагы балиттикти укканда тамагы ооруп калганын айтат.

Бирок мындай кыянаттыкты чагылдырган сүрөт же видео-тасма айылдардын ватсапп-группаларында жок экен.

Кытайлар менен иштеп, жакшы маяна таап жаткан жигиттер жардыруулар үчүн кыргыз фирмасы жалданган дешет. Жолдо чоң таш же аска пайда болгондо гана кыркка жакын тешик тешилип, ага чакан өлчөмдөгү селитра салынып, көк май куюлуп жардырылат деген ойлорун айтышты. Жардыруу курамына башка да заттар кошулгандыктан, түтүндүн түсү кээде кызыл, кээде сары болот экен.

Бирок жаратылыштын талкаланганына алардын да ичи ачыйт. Миң-Булактан жалданып иштеген жигиттин айтымында, айрыкча мөңгү маселеси оор экен.

“Мен мөңгү десе эле тоонун башында жаткан карды элестетчүмүн. Көрсө мөнгү деген башка экен. Жол салган жерди жардырганда үч карыштай жердин алдында үч карыштай кап-катуу муз болот экен, андан кийин кайра үч карыштай топурак, анан кайра муз болуп кете берет экен. Кытайлар ошону талкалап кетип баратышат”, - дейт ал.

Куйбышев менен миң-булактыктардын кенде иштегени бир чети жакшы болду дешет. Себеби алар болбосо, кытайлар топурак ташты аралаштырып казып, бир эле жерге ташып салышмак экен. Госэкотехинспекция менен айылдык жумушчулар жайытты кайра калабына келтириш үчүн кыртышты өзүнчө, анын алдынан чыккан ташты өзүнчө карьерге жыйнатып жатышыптыр.

Жергиликтүү элдин айтымында, Солтон-Сарынын Бучук жайытынан кытайлык фирмага бир жарым миң гектар аянт берилген. Кытайларга ошончо жерди ачык казып алууга уруксат каралган дешет.

Солтон-Сарынын суусун ичкен кара-чийликтер кен казылгандан бери ириген сыяктуу бир кызык суу ага баштады деп, айылдык ватсапп тобунан бири-бирине суунун видеосун жиберип, чочулап жүрүшөт.

Быйылкы Курман айтта эмгекчилдиктер Солтон-Сарыда жайлаган малды албай, башка жайыттардагы малды курбандыкка чалышканын айтышууда.

Кытайлар казууга камданган кендин тегерегинде багылган мал, айрыкча козу, торпок жана кулундар башкача ооруга чалдыгып өлүп жатат деген кабар бардык айылдарда тараган. Конкреттүү короо, ага кошкон конкреттүү кишилердин малдары өлгөнү айтылууда.

Мамлекеттик кызматта иштеген жигит Нарын облусунун ветеринариясы менен экотехинспекциясы мал менен суу таптаза деп корутунду бергени да элди өзгөчө кыжырлантканын билдирди. Мал жалдырап, шилекейи менен көз жашы агып, денесин титирек басып башкача өлүп жатканына карабай ушундай корутунду чыгарылганы туура эмес деген ойдо ал.

Кенге байланыштуу маалыматтын көбү бүдөмүк, кытайлар менен түзүлгөн келишимдин көп тараптары купуя болгону элди өзгөчө нааразы кылууда.

Алтынды кытайлар эмес, кыргыздар казсын деген пикирдеги кишилер, тоодон түшкөн суунун жылдан жылга тартылып бара жатканы, жерди толугу менен каптап келе жаткан глобалдык ысууга да байланыштуу деген ойлорун айтышууда.

Балким айылдык деңгээлдеги чакан суу сактагычтарды куруп, сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзгөн сугаруу системаларын колдонуу аркылуу мындай жагдайдан чыгып кетсе болмокпу деген ой келет экен.

Кытайларга алтын кендерин бербөөнүн негизги себеби – жайыт менен суу маселеси экени билинип турат.

Жаштар менен аялзатынын жумушсуздугу, жайыттын тарыганы жана элдин жогорку үстөк менен насыя алганы көмүскөдө калууда.

(Уландысы бар. Кийинки тема – Жаштар менен аялзатынын жумушсуздугу, жайыттын таруусу жана элдин жогорку үстөк менен насыя алуусу)

Буга чейинки - Алтын жана аны иштетүү темасын бул шилтемеден окусаңыз болот.