Борбор Азия

Солтон-Сары: тургундардын пикири – Алтын жана аны иштетүү

16 августа 2019 г. 14:48 240

Тургундардын пикири: "“алтын” сөзү – “ал” анан “тын” деген курама сөздөн турат", - дегенден баштап, “алтын кендерин иштетсе, кыргыздар өздөрү иштетиши керек”, - дегенге чейин айырмаланат

Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Куйбышев жана Кара-Чий айылдарынын тургундарында, айрыкча алтын иштетүүдөн алыс болгон картайган кишилер менен аялзатынын арасында алтындан чочулоо бар сыяктуу.

Алар илгериден бери келе жаткан сөз деп эсептешкен “алтын” сөзү – “ал” анан “тын” деген курама сөздөн турат дегенге бир аз ишенишет. “Алтын бар жерде чыр бар” дешип кооптонушат экен. Ошондуктан жалпы элде күч болгон учурдагы “алтынды таптакыр иштетпеш керек” деген пикирдин негизги колдоочуларына киргендей.

Ошол эле убакта алтын иштетүүгө катышкан эмес делген Миң-Булак, Куйбышев айылдарынын 25-40 жаш арасындагы тургундары бирин-серин болсо да мындан эки-үч жыл алды Эмгекчил айылынын балдары менен алтын иштетүүгө барып келишкен экен.

Жакында болгон ызы-чууга чейин, бул эки айылдын жайыты кытайлар иштетип баштаган Солтон-Сарыда болгондуктан, жүздөн ашык тургуну кытай фирмасы тарабынан түрдүү жумушка тартылып, он беш күндүк сменде 22 миң сомдон таба башташыптыр.

Жумушка орношкон балдар кендердин иштешин каалайт, себеби мындай акчаны айыл жергесинде табуу кыйын. Бирок жумуш орундары аз болгондуктан, алардын мындай пикири жалпы элдин арасында угулбай эле калат экен.

Ошол эле убакта кытайлар менен иштеген балдар жаратылыштын, айрыкча мөңгүлөрдүн кантип талкаланып жатканын өз көздөрү менен көргөндүктөн, маал-маалы менен “алтын кендери таптакыр жабылсын” деген жалпы элге кошулуп кетет экен.

Биз жолуккан тургундардын басымдуу көбү алтын кендерин учурда казбастан, урпактарга калтыруу керек деген ойдо. Келечек муун жаңы технологиялар менен жаратылышка зыян келтирбестен алтынды иштетип алат деген ишенимде.

Айрыкча улуу муун орустардын заманында “шибилит” деген зат менен алтынды “шурфа” тешип эле алып чыгып кетишкенин айтып, жаратылышка зыян келтирбеген технология өткөн кылымдын 40-50-жылдары эле бар болчу дешет. Ал “шурфалар” киши боюнан жогору деңгээлде оюлуп, ичине атайын чакан темир жолдор салынып, породаны вагонеткалар менен сыртка ташып чыгылып, унааларга жүктөлүп бир жакка алып кетилчү деп эскеришет.

Мындан эки жыл мурун алтын породасын талкалап ун кылган эки-үч тегирмен куруп жиберген Кара-Чийлик жана алтын иштетүүнү жайына коё баштаган Эмгекчилдик тургундар алтын иштетүү үчүн лицензия алганга аракеттенишкен. Бирок лицензиянын баасы жогору болгондуктан, ошондой эле кендерди сатуу аукционунда баары бир уттуруп жиберээрин билгендиктен, өздөрүнүн иштерин мыйзамдаштыра албай коюшкан.

Тургундардын бири: “Эмне үчүн Канада, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөй, бизге да “старателдикти” (алтынды жеке жана топ менен казуу) мыйзамдаштырып беришпейт? Чыгарган алтыныбызды Улуттук банкка сатып эле салыгын төлөп, иштете берсек болбойт беле?”, - деген пикирин билдирди.

Дагы бир тургун: “Тянь-Шань тоолору Кыргызстанда така сыяктуу жайгашып, баардык кыркасында алтын бар. Мындай алтын Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайда жок. Ошондуктан аны казып чыгаруу керек, себеби жакынкы жана алыскы кошуналардын көз жуусун ала бермекчи”, - дейт. Ошол эле убакта ал дагы кытайлардын кендерди “жырткычча” казуусуна толугу менен каршы.

Тургундардын арасында алтын менен бирге андан да баалуу заттар казылып, иштетилип кетип жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Мисалы, ошол эле “шибилит”, уран жана компьютердик технологияларда колдонулган металлдар. Бул себептен улам чет элдик инвесторлорго жана жогорку бийликке карата ишеним жокко эсе.

Жогорудагы маалыматтардан улам төмөнкү сунуштарды берсе болчудай:

- кен иштетүү лицензиясын арзандатуу же таптакыр алып салуу жана аны кыргызстандыктарга же көзөмөл пакетин кыргызстандыктар кармаган фирмаларга гана берүү;

- алтын кенине жумшалган капиталды амнистиялоо (ал акаевчил, бакиевчил жана атамбаевчил болсо да), анын кыргызстандыкка таандык экенин гана тастыктоо, кайдан жана кандай жол менен табылганын териштирбөө;

- алтын кендерин тоону тешүү ыкмасы менен алып, чыккан породаны жайытка таштабай ташып кетүү;

- кенди иштетүү аукционун жалпы элге жарыялоо жана түз эфирде өткөрүү;

- алтынды жеке жана жамааттык ыкмада иштеткен жергиликтүү тургундарга алтын породасын чектүү көлөмдө сатып алууга, чыгарган алтыны же концентратын ачык сатууга жол берүү.

(Уландысы бар. Кийинки тема – Тургундар жер, жаратылыш жана экологиялык коопсуздук тууралуу эмне дешет)