Ислам дүйнөсү

​Баамчылдык – жоготулган билим

5 августа 2019 г. 9:46 227

Баамчылдык – жоготулган билим

Баамчылдык – учурдун мусулмандары жоготуп жиберген жөндөм десек да болот.

Ошондуктан аргасыздан баамсыздык жөнүндө, б.а. кишинин сырткы көрүнүшүнөн ички абалын түшүнбөй калганыбыз жөнүндө көбүрөөк айтчудай болуп турабыз.

Өкүнүчтүүсү бул сезим барган сайын жок болуп бара жаткан сезимдердин бири десек болот.

Пайгамбарыбыз акыр заманда динди туура кармануу кызарган чокту кармагандай оор болот деген хадисинде, жоомарттыктын баркы кетээрин, андай кишилер шылдыңга калаарын, алар жерилген тайпага айланаарын да айткан.

Жоомарттык кандай жок болуп бара жаткан сыяктуу эле баамчылдык, башканын дартын өзүнүкүндөй көрүү да соолуп бара жаткан сезимдерден деп ойлойм.

Курандагы “өзүңдүн абалыңа кара” деген сөз, башканын абалына көңүл бурба дегендик эмес. Мында “биринчи өзүңдүн маселелериңди чеч, кийин башкаларга жардамыңды улантасың” дегендик.

Абал – дайыма өзгөрүп турган нерсе

Баамчылдык антоними менменсинүү деген ойдомун. Инсандар барган сайын менмесинүүгө алдырууда, ошондуктан баам-парасаттуулук табылбаган жөндөм болуп бара жатат.

Албетте, баамчылдык тууралуу айтканда, аны атайын тема кылыштын кереги жоктой, баары билген сапат сыяктуу көрүнөт. Башыбызга бир иш келсе, “аа, так ушу мендей болгон турбайбы башкасы” деп айтышыбыз мүмкүн.

Бирок “абал” деген сөз “дайыма өзгөрүп турган” деген маани берет.

Тасаввуфта да “хал” деген түшүнүк бар. Мында атайын бир абалда болуу эмес же туулгандан берилген рефлекс эмес, ал белгилүү бир маалда конкреттүү бирине берилген бир өзгөчөлүк. Атайын кайрат жумшоо аркылуу эмес, бир нерсе кылгансыз, ал абал сиздин башыңызга келген.

Мисалы, бир жакырдын көңүлүн жубаткансыз, ошол күнү Алла Таала сиз күтпөгөн бир нерсе берген. Же болбосо, бир оор абалда сабыр кылгансыз, Жараткан сизге бир кубаныч тартуулаган.

Эки карама каршы абалды салыштырасыз

Абалдын келишинин сөзсүз практикалык себеби болот. Тасаввуфта капыстан берилген кереметтер жөнүндө айтылат. Бирок биз андай абалды караган жокпуз. Кандайдыр бир аракеттен улам келген абал тууралуу сөз болуп жатат.

Бир киши бактылуу, ошондуктан бактылуулугу улана берет же башкасы бактысыз, аны башынан кара булуттар кетпейт деген түшүнүк да жок бул жерде. Баары алмашат. Ошондуктан ага – абал делет.

Кандайдыр бир абалдан башка бир абалга өтүүсүн байкап аңдоону билермандык десе болот. Эмнеге бактылуумун же кайгылуумун, ичимдин тарыганын же кең пейилдигимди түшүнсөм гана абалды аңдаган болом. Бул – карама-каршы абалдардын ортосундагы айырманы билүү дегендик.

Башка бирөөнө карап туруп: “Бул киши азыр капалуу, анткени мындай, мындай нерселери байкалат”. Ушул абалда күнөөгө жакын, ушал абалда аябай өзүмчүл, ушул абалда ысырапкор экенин түшүнөсүз. Анткени эки карама-каршы абалды салыштырасыз. Жоомарттык бул – ысырапкорчулук болсо ушул, текеберлик бул – салабаттуулук болсо бул деп салыштырасыз да, “жок, мунуку салабаттуулук эмес” дейсиз.

Доктур болгону менен ооруну сезбеши мүмкүн

Демек билгенден кийин гана мындай салыштыра аласыз. Сизде эки абалды айырмалай алчу билим болушу шарт.

Ошондуктан баамдаш үчүн байкоо кылып жаткан кишиде ал абалдардын кайсынысы бар экени тууралуу билимиңиз болушу керек.

Химия менен иштеген кимдир бирөө ысыктык тууралуу көп билим жыйнаганы менен күйүү деген эмне экенин билбеши мүмкүн. Бириси психиатрия, социология, антропологияга бүт өмүрүн арнаганы менен көңүл чөгүү менен көөн айнуу эмне экенин түшүнбөшү мүмкүн. Саламаттык сактоону кесип кылып, бирок өзүнүн тегерегиндеги кишилердин оорукчан экенин байкабай калуусу ыктымал.

Ошондуктан “сен доктур болуп туруп мунун бөйрөгү сыздап атканын кантип билбей калдың” дей албайсың. Балким киши өмүрүндө бир да жолу ооруп көрө элек.

Киши конкреттү бир оорунун кесипкөйү болушу мүмкүн, бирок ал органдын кандай ооруганын сиз сезгендей биле албашы ыктымал. Бирок ошол оору менен ооруган кишилердин айтып бергенинен бир билим таап чыгышы мүмкүн. Мына ушуну билермандык дейбиз. Карап, салыштырып, чара көрүүнү билермандык дейбиз.

Алмашкан абалды түшүнүү

Ошондуктан алмашкан ар бир абал байкоону талап кылат. Ар бир абалдын жараяны бар. Бул кондиционерди кошуу сыяктуу нерсе. Кишини тер басышы мүмкүн, чыйрыгышы же тоңуусу да ыктымал. Кондиционердин даражасын кишинин алмашкан абалына жараша өзгөртөсүз, б.а. абалды дайыма байкап туруу зарыл. Алмашкан акыбалды түшүнүүгө аракет кыласыз.

Куранда “адамдын көңүлүн куушурган да, кеңейткен да Аллах” деген мааниде аят бар. Кээде көңүлүң ушунчалык тарыйт, дүйнөнүн кычкылтеги мол жерине барып кенен дем алайын десең да өпкөң ачылбайт. Дүйнөдө эң ыракат берүүчү нерселер сизди сыздатат. Керек болсо, бул абалыңызга дабаа болчу кишини да жактырбай калышыңыз мүмкүн.

Кээде анын тескерисинче, көңүлүң ушунчалык ачылат, болбогон бир нерсеге жарым саат күлөсүз. “Мага дүйнөдө жактырылган нерсенин бири – сонун жыттар” дегендей, кээде жийденин же акциянын, же дабыркайдын жытына бала сымал сүйүнөсүз.

Баамчылдык – кишинин абалын түшүнүү билермандыгы

Инсандын абалы дайыма өзгөрүп турат учат-чөгөт, учат-чөгөт... Мындай жараян ар кишиде бар. Курандын эки жеринде “... жаныңды эмне мынча кыйнайсың...” дейт Алла Таала пайгамбарына “...аларга карата өтө мээримдүүсүң...”. Оттун тегерегинде учкан жетим көпөлөктүн акыры күйүп кеткенин көрсөтүп, Пайгамбарыбыздын сахабаларына “Силер менен мен ушуга окшойбуз. Мен силерди оттон коруйун дейм, бирок силер билип туруп ага кирип атасыңар”, - дегени бар.

Кишинин дайыма бир абалдан экинчи абалга өтүп тураарын түшүнүү менен кабылдоо керек. Баамчылдык – кишинин абалын түшүнүү билермандыгы.

Кишинин кайгы менен бактылуулуктун арасында түрдүү абалы болушу мүмкүн. Мунун баарын сырттан карап турган биринин түшүнүүсүн күтөбүз. Сырттагы бири баамдаганды мындай кой, жок дегенде абал билбестик, мерестик кылбашын каалайбыз. Абалыбызды сырттан биле калып жан-алакетке түшүп калбаса да, билбестикке салып басып кетишин каалабайт элек.

Мисалы, кимдир бирөө моюнубузга бир жоопкерчилик жүктөп жатканда, биз канча көтөрө алаарыбызды билсе дейбиз. “Мен буга мынча жүк жүктөп, керектүү натыйжа күткөнүм туура эмес” деп, белим канчаны көтөрө алса, ошончону гана көтөрүп жүрүүмө уруксат берсе дейбиз.

Башкалардын көйгөйүн өзүнө алуу

Бахрейн жортуулунун олжолору таратылып жатканда азрети Аббаска тиешелүү хадис бар. Олжо өтө көп болгонуна карабай, Пайгамбарыбыз кишилердин бири-бирине акысы өтүп кетпесин деген ниетте, баары талатылганча отурат. Жан-жөөкөрлөрүнүн бири-бирине карата күмөнү, жаман ою, куру дооматы болбошу үчүн, жоопкерчиликти өзүнө жүктөнүү дейбиз буга. Бул өтө улуу сүннөт.

Пайгамбарыбыздын абасы азрети Аббас келип “мага ушул кабымды толтуруп бер” дейт. Чоң кабын өз колу менен толтурган соң аны көтөрөм деп “бирине айтсаң, я Мухаммед, капты аркама салышып койсун” дейт. Пайгамбарыбыз “мен эч кимге айтпайм” деп жооп берет. “Анда өзүң туруп, салышып кой аркама”, “Мен да анте албайм”, “Анда бир аз жүктү таштайын, көтөрө алгандай болоюн” деп бир азын таштап, кайра көтөрүүгө аракеттенип “Мухаммед, айтсаң бирине сөөп койсун” дегенине Пайгамбарыбыз “жок” деп баш чайкайт. Азрети Аббас кабын дагы бошотуп, өзү көтөрө алганчалык олжону жүктөнүп кетет. Пайгамбарыбыз абасы көрүнбөй калганчалык аркасынан карап турду дейт сахабалар.

Сенин белиң бул жүктү көтөрө албайт, ошондуктан мынча жүктү арта албайм сага. Кишинин чама-чаркын баамдаганым, ага жүктөгөн жүгүмөн, берген жоопкерчилигимен, андан күткөн нерселеримден же кылган сунуштарымдан байкалышы мүмкүн.

Кээде башкалар эмес сиз өзгөрөсүз

Ошондон улам кишилерге өз колу менен зулум кылган, жүк жүктөгөн, иш берген, кызматка койгон, алдыга чыгарган бирилеринин канчалык баамчыл экенин жогорудагы тесттен өткөрсөк болот.

Өкүм бергенибизден да баамчыл же эмес экенибиз байкалат. Уяткарып же өкүм берип жаткан кишилердин абалын көбүнчөсүн түшүнбөйбүз. Кимдир бирөөнү алыстан чала-була байкап алып эле ыйыкташтырып , же тескерисинче каргап жиберебиз. Бир эле абалды кишиге жараша башкача, же бир кишиде эле түрдүү убакта башкача баамдашыбыз мүмкүн.

Бир эле нерсеге бир эле киши эки башка жерде күлүп жатса, эки башка мамиле кылышыбыз ыктымал. Мында эмне өзгөрдү? Сиз өзгөрүшүңүз мүмкүн.

Мотивация тең салмаксыздыгы деген түшүнүк бар. Бул да абалды баамдабоого алып баруусу мүмкүн. Аябай мотивация болдум дейли, аң-сезимим тимеле чыңалган, ракета сымал бир маселени максаттап турам “муну кылам, болбосо уктай албайм” деп, уктап жаткандын баарынын уйкусун качырдым. “Мен уктай албасам, силер кантип уктап жатасыңар” дейм.

Азрети Пайгамбар каткырып жаткан кишилердин жанынан өтүп баратып “бейиш менен сүйүнчүлөндүңөрбү” деген. Алардын күлкүсүн көтөрө албагандык эмес, бул олуттуу нерсеге жеңил ойлуулук кылып жаткандарына жараша айтылган сөз.

Канаты сынган көгүчкөндү таштап кетүү

Бир эле киши, бир эле жерде, бир эле нерсеге күлүп жатса, биринде кошулуп күлөм, экинчисинде урушам. Эмнеге? Анткени аны менен мотивациям дал келбей калды, ошондуктан наалып жатам. Аным аз келгенсип “сен мындайсың-андайсың, карап койбодуң, жаныңды ачытпайсың, мен көргөндү көргөнүңдө, эптеп эле дуба кыласың, устаздын китебин окубайсың” деп ага карата өкүм чыгарам. Мунун баары баам-парасат жоктугунан улам айтыган нерселер.

Таштап кетүү же таштабоодон да баамчылдыгыңызды баамдасаңыз болот. Айласы куруган киши турат, сиз аны таштап кетип жатасыз. Канаты сынган көгүчкөн жүрөт, мышыктарга жем кылып калтырдыңыз. Бул баам-парасаты жок дегендик.

Киши дайыма өзгөрүп, бир абалдан башкасына өтүп турат. Ал абал-акыбалдарын санап бүтүрө албайсың. “Кээде көктөргө чыгам, бүт аалам мени кара! Кээде түшөм жер бетине, аалам дегеним кана?”.

Мухаммед деген киши бир карасаң Жабраил менен асманда, учуру келгенде улуу периштеге кол булгалап андан да жогору чыгат, бир карасаң базарда соодалашып курма, ат, төө алып-сатып жүрөт.

Акыбал өзгөрсө да абалды өзгөртпөө

Аралашуу, кишилер менен камыр-жумур болуу да баамчылдык. Карасаң аял же бала келип, ага каалаганын жасатып кетет, бир байкасаң орой бириси аны адам көтөрө алгыз оор сөздөр менен урушуп кетет. “Мейли” дейт сабыр кылат.

Пайгамбарыбыз жана Нух пайгамдар тууралуу окшош аяттар бар. Пайгамбар бар жана анын тегерегиндеги карапайым кишилер бар. Азрети Нухка “сени тегеректеп жүргөн биздин байкуштарыбызды эмне кыласың, бирдеме болсо алар эмес, биз сага жардам бере алабыз” дешет. Миңдеген жылдардан кийин Пайгамбарыбызга да :“Бул тер саңырсыган кишилерди жаныңан алыстат, анан биз келели жаныңа, келбейбиз деген жокпуз го, я Мухаммад. Келели жаныңа, бирок...” дешет. Ар доордо ушундай кишилер болот.

Эки пайгамбар тең мындай типтерге карабастан, карапайым кишилер менен камыр-жумур болуп атышат. Бул өтө жана өзгөчө маанилүү, акылга сыйбаган инсандык абал. Пайгамбарыбыз да, азрети Нух да киши тандаган немелерге “мен аларды таштабайм” дешет. Таштап кетүүбүз да кишилердин абалын түшүнүп-түшүнбөөгө байланыштуу.

Таштабашыбыз керек учурда жалгыз калтырганбыз, жеригенбиз, бөлгөнбүз. Мунун баары баам-парасатыбыздын жоктугунун белгиси. Кечээ мотвациябыз жогору болчу, мен сизди улум-улам сурап турдум “кандайсыз, жакшысызбы, бир мүчүлүштүк барбы” деп жан-алакетке түшөм. Бир-туугандык, жакындык, достук көрүнүшүн көрсөтүп, тим эле болбойм. Эртеси бычак кескендей токтотом. Айрыкча алар аксаган кезде кандай мамиле кылам? Башкаларга кошулуп “трибунага” чыгып айыптап, душмандаштырып, чокморду колго алсам, карап тур анан менин кебете-кешпиримди.

Кээде байкабоо да баамчылдык

Кээде көрбөшүбүз, көрүүгү аракет кылбашыбыз керек болгон абалдар болот. Кишилердин жеке жашоосу, өзгөчөлүгү болушу мүмкүн. Биз териштирип, аңдыбай “баарын билейин, ар абалды байкайын” дебешибиз керек. Айрыкча көз-карашымды өзгөрткөн, бузган, өкүм чыгарып, айыптаганга түрткөн абалдардан качканыбыз жакшыраак.

Албетте мунун баары алдын алынышы шарт болгон маселелерге тиешеси жок. Мында, мисалы, милиция кылмышты көрүп, жүзүн буруп кетиши керек деген жокпуз.

Мага демектен мүдүрү болсоң да, дубалдан ашып түшүп, короосуна кире албайсың. Күбөө болбочу нерселерде көзүңдү жумсаң – бул да баамчылдыкка кирет.

Кишинин айыбына көңүл буруунун кереги жок учурлар көп. Көрүшүң зарыл эмес, зээниңди алаксытууга татыбаган абалдар болушу мүмкүн. Күбө болуу сыяктуу эле, күбөлүктү чектөө же күбөлүктөн качуу да баамчылдыкка кирет кээде.

Динде сөзсүз жеңилин сунуштаңыз

Жеңилдетүүнүн да баамчылдыкка тиешеси бар. Момундардын негизги сапаты катары Куранда Алла Таала жеңилдетүүнү да эскерет. Пайгамбарыбыз да “оорлоштурбагыла, жеңилдеткиле” деп буюрут атат.

Бирине бир нерсени сунуштап жатсаңыз, сөзсүз жеңилин сунушташыңыз керек. Айрыкча динде диндарыраак, такыбараак, берилгенирээк болсун деп кишини кыйнай албайсың.

Пайгамбарыңыз жеңилдет десе, сиз оорлоштуруп жатсаңыз – бул субординацияны бузуу, оордун билбей обу жок аша чабуу дегендик. Дин психологиясы адиси катары сизге айтам, эгер жеңили бар болсо, сөзсүз ошонусун сунуштайсыз.

Дин – бул чарчаткан нерсе, бирок Алла Таала чарчоону алат “Сени чарчатпаш үчүн...” делет Куранда.

“Мен өлө чарчап атам, бирок аябай бактылуумун” деген жалган. Башкасын алдайсың, өзүңдү алдайсың. Бала-чакам мага кыңк эте албайт деп, оорун таңуулоо туура эмес. Эч ким диний өкүмдөрдү өзгөрт деген жок, бирок эгер бар болсо, сөзсүз жеңилин сунуштоого милдеттүүсүз.

Дары колдонууну өзүнө арам кылган байкуштар бар. Ырыскы кудайдан деп, жолго азык албай чыгып, тилемчилик кылган кишилер кездешет. Башкасына жалдырап, анан “мен кудайга тобокел кылдым” дейт. Бул болбогон нерсе.

Динди жонуп жеңилдетүү эмес, А жолу бар, В жолу бар. В жолу жеңил болсо, бир эле натыйжага жеткирсе, демек В сунушталат. “Илгертен А’ны кылып жүрдүк эле”. Ал илгериде калсын, бүгүн болбойт.

Кишинин деңгээлин билүү да баамчылдыкка кирет

Пайгамбарыбыз сүйлөп жатканда сөз тандаганы мунун эң сонун өрнөгү. Кимден эмнени угасың, кимге эмне сөз сүйлөйсүң – муну байкоо да кишинин абалын түшүнүүгө кирет. Кимдин жанында эмне жөнүндө сүйлөсө болот, кимдин жанында эмнени айтпаш керек. Кимдерге сүйлөсөң туура эмес түшүнүлөт, кимдер туурасын аңдайт. “Кайдан билем кимге эмне сүйлөш керек экенин?”, - десеңиз, “Дал ушуну билүү – баамчылдык”, - деп жооп бермекчимин.

Бул оор нерсе. Өзгөрүүнү, бир абалдан экинчисине өтүүнү билүү жана ошого ылайыкташуу, кишинин деңгээлин түшүнүү, б.а. мында да баам-парасаттуу болуу зарыл.

Өз жүгүңдү өзүң аркала

Таштап кетпестен жардамдашуу, жөлөк болуу да баамчылдыктын белгилеринен. Абалын көрүп түшүнгөнүңүздү оор жүгүн жеңилдетүү менен билдире аласыз.

Бул жерде маанилүү нерсе – сиз жардамдашып жаткан кишинин билбегени өтө жакшы. Бир гана Алла Таала билген жакшылыкты – чыныгы жакшылык дейбиз. Башкача болсо, кишини карыздар абалда калтырасыз.

Куранда айтылгандай “кылынган жакшылыкты жокко чыгарган” абалга жеткирбей, анын билинишине кайдыгер болуу да баамчылдыктын белгилеринен.

Өз жүгүбүздү башкага жүктөй салып, башкага муктаж болуп калуубуз баамчыл эмес экенибизди ашкере кылышы мүмкүн. Өзүм аткара алчу ишти өзүм кылган кезде, башкага муктаж болбойм, өзүмдү жок жерден көз каранды кылбайм.

“Кишиге муну кылып бердик, рахмат айтып койсо деле болмок” дедиртип, башкасын сыноого калтырбайм.

Заманбап кулду кантип аныктайбыз?

Исламда кулчулук деген нерсе жок. Учурда кулчулук, жаариялык деген түшүнүктөр чыга баштады. Муну мусулманчылыктын талуу жерлери деп сындагандар да бар.

Куранда зекет берилчү кишилер тизмектелген. Канча жолу бул тизмек келтирилсе, сөзсүз “боштондукка чыгарылчуулар” деген тайпа бар. Зекет “берсе берсин” эмес, “бересиң” деген даражадагы өкүм. Анткени ал сеники эмес, башканыкы, эгер бербесең башкасыныкын тартып алган болосуң.

Мал-мүлк менен эң жакшы эмне кыла аласыз? Зекет бересиз. “Зекеттен да жакшы ибадат кылдыңар малыңар менен” дегендердин оозуп жабыш керек. Эмне үчүн? Анткени ал Алла Тааланын өкүмү.

Бир киши боштондукка чыксын деп, мал-мүлкүңүздү бересиз. Канча? Өзүңүз кыйналып, муктаж болуп калбаганчалык деңгээлде.

Эми мындай киши сөзсүз кул болушу шартпы? Заманбап кылмыш жолдору менен кул кылынышы мүмкүн. Боштондук эмне экенин билбеши мүмкүн. Кай жерде, кантип, эмне үчүн – деген маанилүү эмес. Киши эркинби же жокпу, эркиндиги бир башка инсан тарабынан чектелгенби же жокпу ошол маанилүү.

“Киши 30 кишини өлтүрүптүп, капаста, эркин эмес” дештин кереги жок. Сөз ал жөнүндө эмес. Бириси өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өзүнө окшогон инсанды буюм деңгелине түшүргөн. Ушундай кишини ал жерден куткарыш үчүн малыңызды жумшайсыз. Диндин өкүмү ушундай.

Мусулмандын өкүмдү аңдабоосу

Акчанын диндеги өкүмү менен мусулмандар мээсине киргизип алган акча түшүнүгү ортосунда кургуй менен тоодой айырма бар. Түшүндүрө албай эсиң оойт.

Зекет түшүнүгүбүз жакырды тойгузуп, кийинтип коюудан нары кетпейт. Ал дагы белгилүү бир стандарттан чыгып кетпейин деген ой менен кылынат.

А бул жерде эркиндик турат. Башка бир инсан тарабынан буюм абалына түшүрүлгөн инсанды кайра адам деңгээлине чыгарыш үчүн акча жумшайсың, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоносуң. Диниң ушуну талап кылып атат.

Исламда кулчулук да, жаариялык да бар дегендер чыкты. Бирок сенин диниң бул бети жоктук бүтсүн деп акча жыйнап атат. Сага дагы кандай түшүндүрүү керек? Бул ишке “көңүлүңүздөн канча чыкса, бериңиз” эмес, “берүүгө милдеттүүсүң”.

Чынжырча менен кеткен оюндар бар го. Мисалы шар келип калемсапка тиет, ал жылып барып домино таштарын кулатат, алар дагы башка нерсени... Эми ушул жерден калемди алып койсоң, кыймыл чынжырчасы үзүлөт, калемден кийинки нерселер кыймылга келбейт.

Кул кулга кулчулук кылбайт

Ошол сыяктуу “Менин диним согуш дини эмес” дейсиң да, согуш себебинен пайда болчу нарселерди “бар” дейсиң. Кандай убакта диниң согушка буюраарын оозуңду толтуруп сүйлөйсүң да, “кылыч менен баш ийдирген пайгамбар” дегенге “бизди кантип ушундай дешет” деп нааразы болосуң. Мындай түшүнүк сенин тилиңдин кесепети.

Диниң “бүтсүн” деп акча жыйнаган бир көрүнүш бар, ошол эле убакта сен анын кесепеттерин каалап турасыз.

Пайгамбарыбыз “кулдун кулга кулчулугу жок” деп, өзүнө тиешелүү ишти өзү аткарып жатат. Динибизде биринин этегин өбүү деген нерсе жок. Ошондуктан Жараткандын алдында рүкүгө барасың, инсандын эмес. Инсан инсанга муну кылдырбайт, инсан инсанга муну кылбайт. “Баланча доордо баланча падишахка...” десеңиз, ал демек башка дин, менин аны менен ишим жок.

Камчысы жерге түшүп кетсе, эч кимге бердиртпей, өзү түшүп алган улгайган сахаба турат бизге өрнөк болуп. “Бул иште эч кимге муктаж эмесмин” жана бири-бирибиз менен сыналуудан алыс бололу дегендик бул.

Хашр сүрөсүнүн 19-аяты: “Ушуларга окшобогула. Алланы унутушту, Алла Таала да аларга өз напсилерин унуттурду” деп турат. Бул “өзүңөрдү унутпагыла, өз абалыңарды билгиле” өзгөрүүңөрдү, өзгөргөнүңөрдү тааныгыла дегендик. Бир абалдан экинчи абалга өтүүңөрдү түшүнбөй, бир абалдан экинчи абалга өткөн соң милдетиңди билбей калсаң, демек, Жаратканыңдын талаптарын да унуттуң.

Кандайдыр бир оору сага ишарат-белги катары келди, сен болсо керектүү жоопту бербедиң. Оорудан айыгып же айыкпай калган эки учурда тең, сен баары бир жоопкерчилигиңди унуттуң. “Өлгөн жокпуз го акыры” деп алжаңдап кутулушуң мүмкүн, бирок бардык кесепетин белбейсиң, абал талап кылган милдетиңди аткарган жоксуң.

Аятында Кудай Таала “окшобогула” дегендендер – өз абалын аңдабагандар. Демек өз абалын түшүнүү, аңдоо, билүү, кыскасы, баамчылдык бизди Кудайга жакындаткан сапат. Инсандын Жаратканын таануусунун маанилүү куралы.

Демек Алла Тааланын башка вахийлери менен бирге өзүңдү жана башка инсандарды да окушуңуз шарт. Эгер Курандын аяттарын инсан фильтри аркылуу окубасаңыз, түшүнбөйсүз. Түшүнүү мүмкүн эмес.

Түшүнбөсөң, диниңди буга чейинкидей, “падишах гаремин отуз метр дубал менен курчаптыр, ичинде отуз жаариясы бар экен” деген белден төмөн деңгээлде аңдайсың. Анан барып алып, муну оңдо-солдо жактап басып жүрөсүң.

Ошондуктан инсан, доор жана табият фильтрин койгондо гана Курандын аяттарын “оомиий” деп окуйсуң. Куран “оомиий..., шумдуук..., кокууй...” дедирптесе, демек ритуалдык окуудан жогору көтөрүлө алган жоксуң. Албетте, пайгамбарыбыздын хадистерин окуганда да ушундай метод колдонулуш керек.

Хакан Зафер, Hâlden Anlamak - Bi Konuşalım 31 Temmuz 2019