Борбор Азия

КР Президентине Коррупцияга каршы демилге тобу​нан ачык петиция

31 июля 2019 г. 11:03 385

Петицияны бул шилтемеден кирип колдосоңуз болот.

Акыркы айларда өлкөбүздүн экономикасы сенектикке учураганы, ички жана чет элдик инвестициялар кескин кыскарганы айдан ачык болуп калды. Статистика менен ойноп бул абалды жашыруу мүмкүн эмес. Абал ушул бойдон кала берсе, өлкө олуттуу экономикалык чөгүшкө учурашы мүмкүн.

Күч органдарынын экономикага кийлигишүүсү мунун негизги себептеринин бири. Ошондуктан көп инвесторлор менен ишкерлер үчүн Кыргызстанда бизнес жүргүзүү маанисиз болуп бара жатат.

Күнү куру эмес бизнеске каршы кылмыш иши козголгонун угуп-көрүп атабыз. Күч органдары бизнести шылуундар менен паракорлордон коргоонун ордуна, аны душманына айланып баштады. Мындан сырткары, күч органдары өздөрү, кандай болбосун бизнес-долбордун тагдырын чечкен, экономикалык күчкө айланууда.

Биздин экономикага эркин экономикалык демилге жана чет элдик инвестициялар зарыл. Ал чет мамлекеттердин кредиттери жана садагалары менен гана өнүкпөйт, жөө жомокко айланган “меморандумдар” жана “каалоо-тилек келишимдери” качан ишке ашат деп күтүп отура албайт. Экономикабыздын пайдубалы – көз-карандысыз ишкерлер. Ошондуктан аларды паракор күч органдарынын терроруна салып бербеш керек.

Сиздин инвесторлорду коргоо жана иш жүргүзүү маанайын жакшыртуу зарыл дегениңизди толук колдойбуз. Бирок учурда бул чакырыкка кыянаттык кылынып жатат.

Экономикабызды колдоо жаатында радикалдуу чара көрүү убагы бышып жетилди. Куру сөз ишке жарабай калды. Инвесторлордун бекем корголоорун конкреттүү иштер менен тастыктап, аларга ишенимдүү кепилдик бериш керек.

Сизди, учурдагы экономикалык абалды оңдоо үчүн төмөндөгү конкреттүү кадамдарды колдоп, ишке ашырууга чакырабыз:

1. Ишкерлер менен инвесторлорго карата күч колдонуу чечимдери кабыл алынганда, инвестициялык саясатка гана артыкчылык берилиши керек. Бизнестин иши табиятка жана кишинин ден-соолугуна олуттуу коркунуч жараткан учурлар гана башкача каралсын;

2. Соттук өкүм мыйзамдуу күчүнө кирмейинче, коммерциялык уюмга, ишкерге жана инвесторго тиешелүү маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарууга тыюу салуу. Күнөөсүздүк презумпциясын бузуу, иште айыптоочу маанай бар экенин баарына билгизип, инвесторду чочутууда;

3. Жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекс (КПК) тергөө жүргүзүүгө жана мүлктү камакка алууга убакыт жагынан эч кандай чектөө койбойт. Бул аны иштеп чыккандардын катасы, ошондуктан мындай жоболорду токтоосуз өзгөртүү же тиешелүү чектөөлөрдү коюу керек. Аталган норманын тегерегинде эбегейсиз паракорлук желеси өрүлүп жатат;

4. Жаңы КПК, кандай болбосун кылмыш тууралуу билдирүү катталып, анын тергөөгө берилишин талап кылууда. Турмушта болсо жарандар жана бизнеске гана каршы иштер дароо козголуп, атка минерлердин кызматтык кылмыштары тууралуу арыздар жалпы реестрдин ордуна атайын “журналга” катталып, андан нары иш козголбостон жоюлуп кетүүдө. Чиновниктер жакшы идеяны бурмалап, өздөрүнө арызданууга аракеттенген кишелерге бөгөт коюшту. Бул абалды дароо өзгөртүү керек;

5. Сотторго берилген “баарын бюджет үчүн” деген ооз-эки көрсөтмөнү жокко чыгаруу зарыл. Ал салык кызматынын коррупцияга батуусуна, ошондой эле бизнестин көмүскөгө качуусуна (эгер таза салык эрежелери болбосо, каалаган убагында каалаганча сыгып алынса, салык төлөөнүн эмне кереги бар?) алып келүүдө. Сотторго мындай көрсөтмө берилгенин баары билип, талкуулап жүрөт. Биздин өлкөдө эч нерсе жашыруун калбайт;

6. Күч же салык опузасы менен коркутуп, келерки убакыт эсебинен алдын ала салык алуу практикасын токтотуу. Калган салык төлөөчүлөрдү чочуткандын ордуна бюджеттик тең салмактуулукка жетип, алга жараша жашаган жакшыраак.

7. Экономикалык иштер боюнча камоо чарасын колдонуу практикасын токтотуу;

8. Кишилер банктарда ири сумма сактоодон коркпошу керек. Каржы чалгындоо кызматы менен полициясы коркунуч булагы болбостон, жарандар менен бизнести кылмыштуу опузадан коргоосу керек. Жарандардын банктык эсептерин өзүм билемдик кийлигишүүдөн коргоонун чечкиндүү чараларын иштеп чыгуу зарыл;

9. Коомчулук жана эксперттердин катышуусу менен бизнеске каршы акыркы убактагы бардык күч колдонуу акцияларында коррупциялык факторлор болуп-болбогонун анализдөө шарт. Көп учурда күч органдарынын кийлигишүүсүнө дал ушул коррупциялык-рейдерлик фактор бар экени сыр эмес.

Бул петицияны жолдоп жатып, анын саясий нейтралдуулугун баса белгилейбиз. Аны саясий күрөш үчүн колдонуудан алыс болууга чакырабыз.

Сиз жарыялаган, инвесторлорду коргоо саясатыңыздын чын ыкластан экенине ишенүү менен.

Коррупцияга каршы демилге тобу, change.org

Петицияны бул шилтемеден кирип колдосоңуз болот.