Борбор Азия

Ач көз элитаны төңкөрүү – жакшы көрсөткүч

17 февраля 2019 г. 10:12 1179

Дарон Ажемоглу менен Жеймс А. Робинсон жазган Өлкөлөр эмнеге кулайт/Бийликтин, өнүгүүнүн жана жакырчылыктын себептери (Why Nations Fail\The Original of Power, Prosperity, and Poverty) аттуу китеби экономикага кызыккан адамдардын көңүлүн бургандыктан, андан бир нече үзүндү которуп, жайгаштырууну туура көрдүк. Аны окуганда, Орто Азия мамлекеттеринин арасында Кыргызстандын өнүгүү потенциалы эң күчтүү өлкө экенине ишенсе болот

Себептердин себеби бар

Бул китеп кирешеси, жашоо шарттары жагынан бири-биринен асман менен жердей айырмаланган эң бай жана эң жакыр мамлекеттердин тарыхына жана азыркы учуруна саресеп салат. Кээ бирилери мамлекеттердин жакырчылыгын географиялык шарттарга байланыштырышат. Мисалы, жерине эч нерсе өспөйт, кургак, ошондуктан айыл-чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайсыз дешет. Экинчилери болсо, жарандарынын байыртан калыптанып калган маданияты өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана байлык топтоосуна жарамсыз деген бүтүм чыгарышат. Мындай сынчылар - «жакыр элдин ашыкча диндарлыгы эмгектик этиканы калыптоого тоскоол болот, дин экономикалык өнүгүүгө такыр коошпогон нерсе», деп айтышат. Экономисттердин көпчүлүгү «Өкмөтү өлкөсүн кантип өнүктүрөөрүн билбейт. Ошондуктан буга чейин жүргүзгөн чаржайыт саясатынын кесепетин тартууда» деген ойго келишип, «төбөлдөрү туура кеңешчилерден туура кеңеш алышса эле телегейи тегиз, кой үстүнө торгой жумурткалаган доор келет» деп ишенишет.

Мындай ыктымалдарды айткан адистер, карапайым калкка чап кенедей жабышып, канын соруп келаткан чакан элита бийликте турганын көз жаздымда калтырып коюшкандай. Бул ач көз, арам тамактар өлкө экономикасын толугу менен элдин эсебинен жашоого ылайыктаган. Мына ушул тыянакка жараша бардык жакыр элдерге саресеп салсаң, алардын жакырчылыгынын бирден-бир себеби ушундай элита экенин түшүнөсүң. Түндүк Корея болобу, Сьерра-Леоне болобу, Египет же Зимбабве болобу, негизги себеби ошол эле.

Америка Кошмо Штаттары, Англия сыяктуу мамлекеттерде жарандар бийликти толугу менен басып алган элитаны тактан шыпырып түшүп, элге бирдей караган саясий система кура алгандыгы үчүн байып кетишкен. Бул мамлекеттердин өкмөтү эл алдында жоопкер жана ар бир жаранынын баюусуна шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Мамлекеттердин эки түрдүү калыптанып калуусунун себебин билүү үчүн алардын тарыхтарына көз чаптыруу керек.

Жатып ичерлер менен айдатмалардын мамлекеттери

Испаниянын эки Американы өзүнө каратып алуусу 1519-жылы Эднан Кортестин Мексикага келүүсүнөн башталып, жергиликтүү калктын ырыскысын басып алуу ыкмалары өтө тез натыйжа берген. Испандар индеец уруу башчысын туткунга алуу - анын көзүн карап жашаган элди баш ийдирүүнүн эң жакшы жолу экенин тез эле баамдашкан. Натыйжада, төбөлдү барымталоо аркылуу, бүтүндөй уруунун казынасын колго алып, аларды кара жанын карч уруп иштөөгө мажбурлашкан.

Ацтектердин борбору Теночтитланда императору Монтесума кеңешчилерине муюп, испандарга сый көрсөтөм деген маалда туткундалганы тууралуу франциска кечили Бернардино де Саагуна төмөнкүчө баяндайт: «Испандар Монтесуманы тегеректегенден кийин бардык мылтыктарды бир убакта атышты. Ацтектердин жүрөктөрү түшүп калды. Монтесуманын жакындарынын баары туткунга алынды. Таң атканда испандар бышырылган таш бака, үндүк, жумуртка, таза суу жана отун талап кылышты. Курсактары тойгон соң, испандар кериле басып, шаарда кандай байлыктар бар экенине кызыга башташты. Монтесума казына менен үй-бүлөсүнө таандык байлыктар жыйналган бөлмөлөрдү ачып берди. Баалуу таштар, кетцаль кушунун канаттарынан жасалган желдеткичтер менен императорлук белги болгон бирюзадан жасалган диадеманы тартып алышты. Алтындан жасалган калкан, курлар жана зер буюмдардын баарын эритип, калыптарга куюшту. Андан кийин көздөрүнө жакшы көрүгөн эмне болсо барын жыйнай башташты».

1569-жылы Түштүк жана Борбордук Америка басылып алынган соң, ал жерлерди бириктирүү үчүн Франциско де Толедо вице-король болуп дайындалган. Ошентип Испан королдугун байытуу системасы курулуп, 1825-жылга чейин өзгөрүүсүз иштеп келген.

Ал система боюнча, калк каттоодон өткөрүлүп, жергиликтүү эл атайын курулган шаарчаларга жайгаштырылган. Мамлекеттик иштерди ашар менен бүтүрүү үчүн уюштурулган ацтектердин «мита» аттуу байыркы ыкмасы испандардын колунда жергиликтүү калктын жонунан кайыш тилген аспапка айланган. Мындан сырткары, калк салык төлөөгө жана испандар өндүргөн азыктарды жогору баада сатып алууга мажбурланган. Жергиликтүү калк жүк ташуучу унаа катары да колдонулуп, испандарды байыткан.

Бул экономикалык ыкмалар испандарды убактылуу байытканы менен калктын бир бөлүгүн жатып ичер, экинчисин өз каалоосу менен иштебеген айдатма кылып, Латын Америкасын дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттер жайгашкан чөлкөмгө айлантып, экономикалык өнүгүүсүнүн кендирин кескен.

Мите жукпаган Түндүк Америка

Англичандар Түндүк Американы жыргаганынан тандап алышкан эмес. Болгон себеби – аба ырайы ыңгайлуу жана жергиликтүү калкы арбын жерлердин баарын испандар менен португалдар аларга чейин эле ээлеп алышканында эле. Англичандар алардан калган устуканды мүлжүгөнө барган десек калп болбойт. Алардын Жеймстаун деген алгачкы шаары Америкада 1607-жылдын 14-майында түптөлгөн. "Виржиния" компаниясы деп аталган баюу ишканасын негиздеген бул шаардын алгачкы тургундары да испандардай эле жергиликтүү уруу башчыны туткундап, байлыгын карактап, калкты өзүнө кул кылууну көздөшкөн.

Өз эмгеги менен ырыскы табуу баскынчылардын үч уктаса да түшүнө кирбейт эле. Бирок алардын үмүттөрү тез эле таш капты.

Колонисттер конгон жер күчтүү борбордук башкаруусу жок отуз чакты уруунун бирикмесине таандык эле. Алар өзүнө Вахунсунакок деген башчыны шайлашкан. Дайыма бири-бири менен атаандашып келген уруу башчылары бөтөн бирөөнө тургай, өздөрүнө да араңдан зорго ишенчү. Ошондуктан алар эч качан англичандар менен жеке жолугууну каалаган эмес.

Жергиликтүү калктын тамак-аштан башка байлыгы жок болчу. Барган жылы эптеп кыштан чыккан англичандар, «англис королунун алдында жергиликтүү корол катары дайындалсын» деген катты белек-бекчеги менен Вахунсунакокко жолдошот. Ал болсо англичандарга төмөнкүдөй жооп кайтарат: «Эгер силердин королуңар мага белек жолдосо, демек мен да королмун. Бул менин жерим. Силердин уруу башчыңар мага келсин. Мен силердин кылтагыңарга түшүп бергидей акмак эмесмин». Ошондон кийин Вахунсунакок элине колонисттерге азык-түлүк сатууга тыюу салат.

Жергиликтүү калкты иштетип баюудан үмүтүн үзгөн англичандар бири-бирин иштеткенге аракет кылышкан. Колонисттердин баары "Виржиния" ишканасынын менчиги аталып, жыгач сарайларга жайгаштырылган. Алардын иштеп тапканы толугу менен компаниянын карамагына өтүп, кайра өздөрүнө жанын араң баккыдай азык гана берилген. Карапайым колонисттер буга нааразы болуп, кээси индеецтерге качса, кээ бири көчүп кетип, өз алдынча оокат кыла баштаган.

Компаниянын башчылары 1618-жылы гана эсине келип, колонисттер менен кеңешип иш кыла баштаган. Натыйжада ар бир эркекке, анын үй-бүлө мүчөсүнө жана малайына 50 акрдан жер бирилген. Кийинки жылы Генералдык ассамблея түзүлүп, эрезеге жеткен ар бир эркек колониянын мыйзамдарын өз эрки менен кабыл алуу укугуна ээ болгон.

XVII кылымда, колонисттерди өзүнө кызмат кылдыргысы келген топтор, бир нече жолу буга аракет кылышкан. Бирок алардын бири да ишке ашкан эмес. Ошентип, эмгектенүүгө, баюуга жана байлыгына ишкана ачууга мүмкүнчүлүгү бар жарандар гана күчтүү коом түзө алаарын колонисттердин башчылары бир кылым бою кайра-кайра жаңылып жүрүп араң өздөштүргөн.

1720-жылга чейин келечекте Кошмо Штаттарга айланчу колониялардын дээрлик бардыгы бирдей башкарууга өткөн. Баарында губернаторлор менен Генассамблеялар болгон. Аларды, кандайдыр бир мүлкү бар, эркек колонисттер шайлаган. Бул ассамблеялар менен лидерлер 1774-жылы Биринчи континенталдык конгресс өткөрүп, Түндүк Американын саясий түзүмүн калыптаган.

(Экинчи жана үчүнчү бөлүмдөрү бар)

БАШКА МАКАЛАЛАР