Ислам дүйнөсү

Тавваб да Алла Тааланын көркөм ысымдарынын бири​

28 июля 2019 г. 12:38 244

Тообо дубаларынын бири

Албетте Тавваб ысмын толук ачыктап салабыз деген дымак жок, болгону бир тарабынан, бир перспективадан кароо, бир пикир айтуу

Ар бир кишинин катасы бар. Турмушта каталар кетет. "Аллахым, Сенин ыраазылыгыңа жетели деген аракеттерибизде да каталарды кетиребиз, ошолорду да кечир.

Ар күмөн жолго киргенимде, мага аны сездир, же кадамымды жайлатайын, же башка альтернативдүү жол менен кетейин! Айрыкча, мен үчүн зарыл болбосо, ал жолдон толугу менен баш тартайын. Чама-чаркым жетчүү жолду сезейин. Өзүбүздү тааныганга, башкаларды тааныганга, бул дүйнө жолунда туура жүрүү үчүн Пайгамбарыңын колу же тили менен жиберген кабарларыңды (вахилерди) тааныганга мага каалоо, аракет жана күч-кубат бере көр”.

Тообо – бул Жаратканга жүзүн толук буруу

Куранда бир нече аятта инсан үчүн да тавваб сөзү түздөн-түз колдонулат, бирок көбүнчөсүн Тавваб ысмын Жараткан Өзүнө карата колдонот.

Тавваб ысмы – көркөмдүк мааниде “кайтуучу”, “кайра-кайра кайрылуучу” деген маани берет. “Тообо” сөзү да “кайтуу” деген мааниде.

Тоободо, б.а. кайтууда эки чекиттин ортосундагы тек чийин бар. А – чекитинен В – чекитине чейинки түз сызык.

Киши А-дан В-га баратат, барбай эле коёюн деп чечти, кайра А-га бурулду.

Мында баш-аягы жок, кайда баратканы билинбеген, аныкталбаган спираль же тегерек сызык менен кайтуу жок.

Алланын инсандан тообо талап кылган 5-6 аятта (Худ, Тообо...) “жүз үйүрүү, жүз буруу” түшүнүгү бар.

Эгер мен бир жерден жүзүмдү бурсам, ага аркамды салдым демек. Же жүздөнөм, же далымы салам.

Куранда пайгамбар же момундарга жаман кишилерден, жамандыктан кайтуусу мүмкүн болбогондордон, жакшыны жана жакшыларды шылдыңдап, кемсинткендерден узакташуу үчүн “аларга аркаңды сал” (тавалла) деп буюрат Жараткан.

“Жүз үйүрүү” да Куранда тообо сөзү менен бирге колдонулган сөздөрдөн.

Демек А чекитинен жүзүңүздү үйүргөндө, В чекитине караган абалга келесиз да, далыңыз же желкеңиз А чекитине багытталат.

А-дан В-га барасыз же кайтасыз.

Аллах тобокерди дайыма күтөт

Тавваб сөзүндөгү ашыкча же ашкере кайтуучу деген маани, инсанга каалашыңча күнөө кыла бер дегендик эмес, бирок канча тообо кылсаң Аллах баарын бирдей кабыл кыла алат дегендик.

Зумар сүрөсүнүн 53-аятында “Аллах болгон күнөөнүн баарын кечирет” деген маани бар. Аллах инсанга окшоп, эч качан “мынча күнөөңдүн кайсынысын кечирейин” дебейт, тообо кылсаң баарын кечире алат.

Тавваб сөзүнүн “кеткен жерине кайтуу” деген мааниси да бар. Күнөөгө барып кайра кайтуу инсанга таандык, бирок тообо кылып кайтканда, маңдайында Тавваб болгон Алланы дайыма табат.

Ошондо А чекити – бул Аллах, В чекити инсан. Инсандын табияты аны дайыма күнөгө багыттап азгырып турат, бирок Аллах инсандын тообосун кабыл кылууга даяр. Канча ирет? Инсандын акылына сыйбаганчалык көп жолу.

Тообо – инсан өз ордун тапканда гана мүмкүн

Күнөө – бул үзүр, кемчилик. Кемчилигиңиз дагы эле сизге жагып аткан учурда кылынган тообо, чыныгы “насуха” делген Жараткан кабыл кылган тообо болбойт. Чыныгы тообо күнөөдөн жийиркенүүдөн улам пайда болот.

Тообо – бул Алла Тааланы тапкан кишинин акыбалы.

Суфийликте дүйнөнүн алаксыткан ызы-чуусу арасында Улук бир нерсени көрүп, Ал көздөй барып, Аны менен бирге болууну “жем” деп коёт.

Тууралыкты, өзүнүн чыныгы ордун, аткаруусу милдет болгон нерсени билген жана тапкан адам гана тообо кыла алат.

Тилиңиз канча жолу “тооба кылдым” дебесин, А чекитин акылыңыз менен аңдап билип тапмайынча, ага кайта албайсыз.

Ооруганыңызды дабакерге айтып берүүңүз керек

Курандын 9-10 аятында “тавваб” сөзү, 35-40 аятында тообо түшүнүгү бар. Булардын баарында тообонун негизги талабы – кайталабоо.

Берекелүү күндөрдө, берекелүү сааттарда, момун кишилердин арасында сонун дубаларды кылганыңыз менен катадан баш тартпасаңыз – ал тообо болбойт.

Бакара сүрөсүнүн 54-аятында “напсиңерди өлтүргүлө” деген буйрук бар. Кандайдыр бир күнөөгө каршы өлгөн напси ага бара албайт.

Бул жерде күнөө илдетине кабылган киши “сен доктур болгон соң, менин оорумду бир карап эле билбейт белең” дей албайт. Ал күнөөсүн моюндап, доктурга оорусу тууралуу айтып бериши керек.

Азрети Алиге жаш жигит “Тообо кылам, бирок кайра эле улантып атам. Бул канчага чейин созулат”, - дейт. Азрети Али “Аны кылбай калганча”, - деп жооп берет.

Курандагы тообонун негизги белгиси – күнөөнү кайталабоо. Ошондуктан тообону билүү жана билгенине жараша аракеттенүү акыбалы десек болот.

Өкүнүү да тообонун белгиси

Пайгамбарыбыздын кыска хадисинде да: “Өкүнүү – бул тообо”, - делген.

Өкүнүү – бул билим жана ой жүгүртүүнүн мөмөсү. Эгер өкүнүп, бирок мүмкүнчүлүк болоору менен ошол эле күнөөнү кайра кайталаган болсо, демек Кудай тууралуу билим да, ойлонуу да жетишсиз болгон. Турмушта бир иш аягына чыкпай калган сыяктуу, күнөөкөрдүн мээсинде билгилүү бир логикалык процесстер аягына чыкпай калган.

Кудай тарапка бурулуу – бул ишеним, сезим жана ой-пикирдин бурулуусу. Мурун пайдасы бар деп эсептеген нерсенин зыян экенин билген соң андан кайтпасаңыз, ишеним, сезим жана ой-пикириңизде бир проблема бар дегендик.

Ката кетиргениңизди айтыңыз, өкүнүңүз, тообону дайыма кабыл кылчу Алла Тааланы мактаңыз жана кыла элек күнөөлөрүңүз үчүн да Кудайдан истигфар тилеңиз.

Күнөөгө күйүп кайтуу – бул тообо, күйбөстөн кайтуу – бул истигфар. “Дагы бир аз болгондо, кирип кетмек экем күнөөгө, Кудай эле сактады”, - дегендик.

Билүүчүдөн арам стратегияларыңызды жашыра албайсыз

Инсандын күнөөдөн кайтуу чекити Аллах болгондуктан, Ал Өзүн Тавваб сыпаты менен да таанытып атат.

Алла Таала Куранда (Ниса, Тообо, Бакара, Муъмин, Шуура) көп учурда Тавваб ысмын Алиим ысмы менен бирге колдонот.

Алиим – Билүүчү демек.

Өзүңүзгө, башка кишилерге жана Жаратканга каршы кетирген кемчиликти, “күнүмдүк турмушка баткан эл меникин бир күнү унутат” деп көрүнбөй жата туруу стратегияны же тескерисинче дагы бир ызы-чуу чыгарып кишилердин көңүлүн башка тарапка бурган стратегияны колдонгон киши тоободон алыс. Бул тообосуздук абалы. Бул киши В чекитине беттенген бойдон турат дегендик.

Күнөөнү ортодо калтырбоо

Тообо кылган киши өзү кетирген катаны же күнөөнү моюндайт, аны башка бирөөнө артылышын каалабайт. Башкача айтканда, чындыкты болгонундай ачыкка чыгаруусу зарыл.

Билүүчү болгон Аллах ал катаны ансыз деле билет, бирок тообонун чыныгы тообо болуусу үчүн күнөө ортодо калбашы керек, аны аткарган киши ачыкка чыгышы керек.

Күнөөңүздү Алла Таала алдында да, эл-журт алдында да моюнуңузга аласыз, анан тообо кыласыз.

Акыбалды жана ишти дароо туура жакка буруу

Тообого тиешелүү дагы бир тема – бул Хидаят, б.а. туура жолго түшүү темасы.

Кудай өзүн жана абалын өзгөрткөндөрдүн тооболорун кабыл этээрин айтат.

Ошол эле убакта тообосу кабыл болбогондор тууралуу, “алар өздөрүн жана иштерин оңобогондор” дейт Жараткан.

Эгер Кудай койгон тартип тарапта болсоңуз, Алла тообону кабыл кылат, эгер тартип бузуучулардан болсоңуз тообоңузду кабыл кылбайт.

Ошондуктан кишилердин арасындагы мамилени бузган, табиятты талкалаган, эгин талаалары менен бакчаларды соолуткан, жалпы эл кабыл алган эрежелерди бузган кишинин тообосунун кабыл болуусу арсар.

Кыскасы, абалын же ишин оңдогон киши, тообо кылган киши десе да болот.

Абалын же ишин туура тарапка бурбаган киши өкүнбөптүр, тообо кылбаптыр демек.

99 кишини өлтүргөн кишинин тообо аракети жөнүндө белгилүү хадис бар. Анда күнөөнүн канчалык көп жана оор болгону тууралуу мааниден да күчтүү маани бар.

Канчалык ашепке кеткен оор күнөөкөр болсоң да Алла Тааланын андан да ашыкча тообо кабыл алуучу Тавваб экенин көрсөткөн хадис бул.

Ал жерде билерман киши күнөөкөргө тообонун кабыл болуусу үчүн практикалык абалыңды өзгөрт деп атат. “Эски тас кейпиңди кийип калбашың үчүн, баланча жерге кет жана өз мекениңе эч качан кайтпа”, - дейт аалым.

Мында хадис ички дүйнөсүн өзгөртөм деген кишинин - сырткы, практикалык абалын дароо, азыр өзгөртүүсү шарт экенин баса белгилеп турат.

Хадистин каарманынын кемчилигине ыраазы болуусу да, күнөөсүн кайталоо ниети да жок.

“Мүмкүнчүлүктөр колдон кетет” дебе

Тообо – бул жакшылыкка чечкиндүү аракет кылган кишинин абалы.

40 жыл жакшылык кылып жүрүп, бир ирет күнөөгө батып калган киши кантет?

“Буга чейин жакшылык кылып келгем, мындан кийин да жакшылык кылгым келет, буга чейинки кылгандарым талаага кетпеши үчүн ортодо кетирип алган катам үчүн тообо кылам. Аллахым, буга чейинки жакшылык гана кылганга мүмкүндүк бердиң, бирок мен жыгылдым” деп тообо кылуу буга чейинки жакшы иштердин сообун да куткарат, келчү балээни да тосот.

“Ката кылгандардын эң жакшы амалы – тообо кылуусу”, - дейт Пайгамбарыбыз. Бул жүзүн кайтып А чекитине буру демек.

"Муну бүтүрө салып, анан жүзүмдү бурсамбы", – деген колуңуздагы жана мээңиздеги капчыктарды ойлонбойсуз. Ката экенин билдиңизби, дароо бурулуп, жүзүңүздү А тарапка бурасыз.

***

Кудай Таала Куранда “Алла Тааланын сонун ысымдары бар, ошолор менен дуба кылгыла” деп буюрат. Тавваб дагы Жараткандын сонун ысымдарынын бири, аны менен да дуба кылуу туура болот.

Алла Тааланын бар экенин билип, Ага ишенип, Анын каалаганын түшүнүп, абалын дароо өзгөртүү тообонун белгилеринен.

Жаратканды эстөө, күнөөнү моюндоо жана Аны мактоо тообо жолунун тепкичтери экенин унутпоо керек.

Истигфар болсо, күнөө отуна күйө электе, каталардан улам күнөөгө кирип кетпеш үчүн Кудайдан ыйбаа кылып, дайыма кечирим сурап туруу маданияты демек.

Салих амал (Кудайга жаккан иш) тообонун кабыл болуусунун маанилүү шарттарынын бири.

Хакан Зафер, Tevvâb da Allah'ın Güzel İsimlerindendir - Bi Konuşalım 24 Temmuz 2019