Батыш

Борис Жонсон Путинге дөөрүдүң, Евробиримдикке бузулдуң деди

3 июля 2019 г. 17:43 365

Тереза Мэйден кийин Британиянын премьерлигине отурмакчы болгон Борис Жонсон Путиндин “либералдык идея эскирди” дегенин “сандырактыктын дал өзү” деген. Ошол эле убакта өзүн гана ойлогон азчылык “Евробиримдиктин штаб-квартирасындагы керектүү эшикти тыкылдатып, каалаган чечимин чыгартып алат” деп расмий Брюсселди сындаган. Либералдык идеялардан алыс деп эки тарапты бирдей сынга алды

Путиндин, 27-июнда The Financial Times’ге берген маегинде либералдык идея “акыры ишке жарабас болду”, - дегенине жооп катары The Daily Telegraph’ка жазган жорумунда Борис Жонсон: “Либерализм тирүү. Анын дени сак. Ал мурунку муундардын акылына сыйбаган бакыбаттуулукту камсыздап жатат”, - деген.

Анын айтsмында эркин коом бизнес негиздөөнүн, инвестиция чегерүүнүн жана үй-бүлө күтүүн эң ыңгайлуу жери. Бардыгынын мыйзам алдында бирдейлигин либералдык демократиянын өзөктөрүнүн бири деген. “Бизде демократия жана мsйызам үстөмдүгү бар... Либерализмдин бул эки өзөгүнө ээ болгон өлкө ийгиликке жетет. Алары жок мамлекет бара-бара ойрон болот”, - дейт британ саясатчысы.

“Эгер сиздин мүлкүңүздү президенттин катыны же күйө баласы тартып ала алса, сиз андай өлкөдө иш баштап, инвестиция чегергиңиз келбейт. Эгер кандайдыр бир саясатчынын досуна өзүңүз түзгөн пайдалуу келишимди тарттырып жиберсеңиз, сиз андай жерге акча жумшаганга аракет кылбайсыз. Саясатчы демократиялык жол менен бийликтен кетирилбесе, арам кекиртектик өсүп натыйжалуулук төмөндөйт, жарандар жабыркап жакырлык артат”, - деп баса белгилеген Жонсон.

Андан соң түздөн-түз орус президентине “кээ бир мамлекетте” капитал бийликке жакын олигархтардын колунда топтолуп, журналисттер өлтүрүлүп, “либералдык баалуулуктар шылдыңданып” жатат деген. “...Росстаттын статистикасы боюнча бул өлкөдө, элдин үчтөн бири жылына эки жуп бут кийим сатып ала албайт, калктын 12 пайызы сырттагы ажаатканага барат, элдин кирешеси беш жылдан бери төмөндөп келет” - деген Борис Жонсон.

Анын айтымында коомдук жана саясий эркиндик менен туруктуу экономикалык бакубаттуулуктун ажырагыс байланышы бар. Андан сырткары демократия жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу либералдык баалуулуктар бакубаттуулук менен да бекем байланышта. Анткени коррупциянын, каракчылыктын жана бизнестин саясий бийлик менен биригүүсү экономиканы муунтат.

“Дал ошондон улам бардык инсандын мыйзам алдында тең укуктуулугу либералдык демократиянын өзөгү болуп эсептелет”, - деп эскертет Жонсон.

Буга чейин Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск да Путинди сындаган. Ал: “Эскирди десек, акыйкатта жеке бийлик, саясатта түбөлүк калуу жана олигархтардын үстөмдүгү эскирди... Либералдык демократия эскирди дегендер – эркиндик, укуктук мамлекет жана адам укуктары да эскирди – деп жатканын унуташы керек”, - деген.