Борбор Азия

​Түрк элчиси Фырат кимге таянып Айтматовго асылып келет?

28 июня 2019 г. 19:51 734

Элчи Женгиз Фырат орус, кытай же америка элчилери даай албаган нерселерге тап бергени тап берген. Учурда кыргыздын символу болгон Айтматовдорго да тил тийгизе баштады. Чектен чыккан бул элчи сөрөй эмнесине же кимге ишенип мындайга барып жатат?

Өткөн-келген кыргыз бийлиги жана табакташтарынын санта-барабарасы болбогондо, Кыргыз Республикасындагы түрктөрдүн эрке-талтаң элчиси Женгиз Камиль Фырат ЖМКлардын чордонунда кала бермек.

Фырат элчи Кыргызстандын босогосун аттары менен дипломатиядан кабары жок тыңчы же саясий авантюрист экени дароо билинген. Акыркы айларда ал муфтияттын ооз ачаарына жана Орок айылындагы жаңжалга байланыштуу кабарлардын каарманы болду.

Өткөн жана бул аптада Чынгыз атабыздын уулу Аскар Айтматовго акылга сыйбаган акаарат айтып, он миңдеген кыргызга жалаа жабуусу менен дагы бир ирет дүйнөгө дүң болду.

Кызыгы, ачык билгизбегени менен кыргыз бийлиги да, кыргыз мусулмандарынын диний башкармалыгы да өз жарандарын коргобостон адепсиз элчи тарапка ыктаганы таң калтырат.

Фырат элчи эмнесине же кимге ишенип, Кытай, Орусия, АКШ сыяктуу улуу державалардын элчилеринин акылына да келбеген опузасын улантып келет деген суроо турат.

***

Ооба, Түркиянын учурдагы бийлиги түрк эли менен мамлекетин банкрот абалга алып келген учур. Эгер 2005-жылдары түрктөр дүйнө каржы базарынан 5-6% үстөк менен карыз алса, учурда 24%дык акчаны да зорго таап калган кези. Мамлекеттик кызматкерлеринин, пенсионерлеринин жана өкмөтүнүн чыгымдарын жаап туруш үчүн сырттан жылына 150 млрд доллар карызга алып туруусу керек. Анткени Түркия энергия менен технологиянын бардык түрүн, азык-түлүктүн көбүн импорттогон мамлекет.

Мамлекетинин итке минген абалына карабай Женгиз Фыраттын кыргыз ЖОЖдорунун теология факультеттеринде, муфтиятта, негизги министрликтерде, соттордо кожоюн катары басып жүрүүсүнүн сыры эмнеде? Кеп, албетте, кайра эле акчада. Анда кайсыл акчага мынчалык корооз болуп жүрөт?

Азаттык үналгысы абактагы Өмүрбек Текебаев менен маектешкенде, бул сырдуу парданын чекеси ачылган. Көрсө Атамбаев менен Раим Матраимов табакташ кезинде, дүйнөдөгү көзөмөлдөн качкан арам алтын менен нак акчанын борбору Стамбул болуп калыптыр. Ал арам каражаттан кыргыз бийлиги ыктытканча жеген десек жаңылбайбыз. Фыраттын тайраңдаганына караганда, балким, азыр да жеп атат. Маекте миллиарддаган долларлык “ыраазылык пулу” тууралуу кеп болгон.

Түрк президенти Тайып Эрдоган зыярат кылган мамлекеттеги түрк элчилигине бир-эки куржун наличка ала бараары түрк жана дүйнө ЖМКларына чыккан. Анан жогору жак менен сырдаш болсоң, министр менен сот-башчылары эмне болуп калыптыр. Кожоюндун үстөлүнөн түшкөн күкүм деле жетет аларга.

Ошондуктан Камиль Фыраттын кыргызга каршы дымагына, кыргыз аткаминерлерине ат тезегин кургатпай каттаганына жана биздин бийликтин талкан сугунгансып ага үн катпаганына таң калбай эле коюш керек.

***

Ал арада Женгиз Фыраттын “жалаасы, акаараты, фактыларды ооштуруп бурмалоосуна” айран-таң калган Аскар Айтматов агабыз түрк элчисин ачык дебатка чакырган.

Улуу инсаныбыздын урпагын элибиз соцтармактарда жапырт колдоп чыкпаса, жогорудагы шарттарды эске алаганда, дебаттан бир майнап чыкпачуудай көрүнөт.

Мында дагы бир жагдайды эстен чыгарбоо керек. Учурдагы саясий исламчы түрк бийлиги калпты чындай урдуруп көнгөн. Анан Алланын атын да ар бир жалган-жалаасына тиркей кетет. Женгиз Камиль Фырат менен ачык кайым айтышууга бараардан мурун, анын, жалганчы түрк бийлигинин арам сүтү менен чоңойгон, шок бала экенин эстен чыгарбоо керек.