Батыш

​Орусия PACE’ге кайтып келди: кимге оюн, кимге кыйын

27 июня 2019 г. 17:31 138

Орустар PACE’ге эч кандай шартсыз жана чектөөсүз кайтып келе алышты. Жети өлкөнүн ызаланган өкүлү отурум бүтө электе талкуу залынан чыгып кетти

Беш жылдан бери Орусия менен тирешип келген Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (PACE) 26-июнда анысынан баш тартты. Ассамблеянын депутаттары кандайдыр бир чектөөсүз жана алдын ала шарт койбостон орус делегациясынын ыйгарым укуктарын тааныган резолюцияны колдоду.

Орусияга каршы Украина боюнча кабыл алынган PACE’нин жети резолюциянын бирин да Москва аткарган эмес. Кечээги резолюцияда Орусиянын Крымды тартып алуусу жана Донбасстагы баскынчылыгы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Анда болгону Керч булуңунда колго түшүрүлгөн 24 украин морягын бошотуу талабы гана айтылган.

Орус делегациясына ачык талкууга катышууга, өзгөртүү киргизүүгө жана резолюция сунуштоого тыюу салуу сыяктуу чектөөлөрдү депутаттардын көбү четке каккан.

Орус делегациясынын PACE’ге кайтуусу: максаттары менен аспаптары

Орус делегациясына ыйгарым укуктарын бул сессия аяктаганга чейин кайтаруу үчүн ассамблеянын эрежелери бузулуп, чечимдери көз жаздымда калтырылып, Еропа Кеңешинин негизги принциптери унутулду.

Орустардын ыйгарым укуктарын толук жана шартсыз тастыктоо керек дегендер менен алардын PACE’деги ишине чектөө киргизүү керек дегендер кайым айтышты. Бул маселенин баяндамачысы британ депутаты Рожжер Гейл да чектөөчүлөр тарабында сүйлөдү.

Баяндамачыны угушкан жок

Гейл резолюцияны коштогон баяндамасында “орустардын эреже бузганы анык, ошондуктан алардын ыйгарым укуктарын толук кайтаруу туура эмес” деген. “Бул тескери түшүнүлүп, ассамблея менен кызматташуудан төрт жылдан бери баш тартып келгенин кубаттаган болобуз”, - деген британ депутаты.

Баяндамачынын пикири эске алынбастан, орустардын ыйгарым укуктары кайтарылуусу керек деген чечим добушка коюлду. Ассамблея болгону Европа Кеңешинин бюджетине мүчөлүк акы төлөп, PACE’нин көзөмөлдөөчү органдары менен активдүү кызматташуу керек экенин айтып, Крым, Донбасс жана Грузиянын аймактары тууралуу PACE’нин “сунуштарын аткарууга” чакырды.

Крым үчүн өзгөчө санкциялар

Натыйжада баяндамачы бул резолюцияга каршы добуш берээрин айтты. Орустарды чектөө сунушу өтпөй калганы аны өкүнттү. “Бизге акча керек болгондуктан, капчыгы калың ким болсо принциптерибизди сатабыз, - деп нааразы болгон Гейл, - Төрагалык кылып олтургандардын бири бүгүн мага “учурда акча принциптерден да баалуу” деп айтты”, - деди. Президиумда катчылыктын эки аткаминери жана Европа Кеңешинин генералдык катчысы Торбьерн Ягланд менен PACE’нин президенти Лилиан Мори Паскье отурган. Муну уккан Паскье: “Сэр Гейл сиз баяндамачынын ыйгарым укугунан чыгып кеттиңиз”, - деген.

Орустардын ыйгарым укуктарын толук жана шартсыз кайтарып берүү керек дегендердин бири, немис депутаты Франк Швабе PACE’нин санкциялары Европа Кеңешинин санкцияларына тиешеси жок: “Биз Крымды басып алууну эч качан актабайбыз. Биздин уюм диалогду колдойт, Европа Кеңешинин санкциялары күчүндө калат”, - деген.

Орусиянын койгон шарты

Словак депутаты Мартина Полячек: “Орусия үй тапшырмасын аткарган жок, орус бийлиги анын бетин да ачкан эмес”, - десе, орус делегациясынын башчысы Петр Толстой буга: “Орусияга эч ким сабак бере албайт, биз үй тапшытмасын аткаргандай окуучу эмеспиз. Тең ата сүйлөшүү биз үчүн маанилүү”, - деп жооп берди. Ал “укуктун үстөмдүгү – Орусия Федерациясынын негизги баалуулуктары”, PACE муну “украиндердин маалыматты бурмалоосунан” улам байкабай турат деген оюн айткан.

Жети өлкөнүн дегегациясы PACE’нин талкуу залынан чыгып кетти

“Орусия жүрүм-туруму үчүн жооп бериш керек дегендер эми ага жардамдашып кирди. Маселе Украинада эмес. Биз силер менен же силерсиз күрөштү уланта бермекчибиз. Бирок миллиондогон европалыктын көзүндө PACE’нин аброю сакталып калдыбы?”, - деген собол таштады украин депутаты Сергей Кираль.

PACE’нин Орусияга карата аракети “Европа Кеңешинин негизги баалуулуктарына карама-каршы келет” деген билдирүү кылган соң Украина, Грузия, Польша, Словакия, Литва, Латвия жана Эстониянын өкүлдөрү тарыхий кадам катары Европа Сарайындагы талкуу залынан чыгып кетти.