Ара жолдогу мамлекет

Грузия: Өлкө тагдыры кайра эле көчөлөрдө чечилчүдөй

26 июня 2019 г. 11:54 395

Грузиядагы нааразылык толкуну Орусияга гана каршы көтөрүлгөн жок. Жарандар күн санап кунары кетип бараткан бийлигине да нааразы

Грузия – нааразычылык өлкөсү. Гэллап институтунун чукул изилдөөсүнө караганда жакындагы окуялар грузиндердин 27%ын кыжырланткан. Ал окуяар нааразынын баарын батырып келген Руставели аянтына миңдеген кишинин чыгуусуна жетиштүү болгон. Аянтта грузин полистери нааразы жарандарды көз ачыштырган газ жана желим ок менен тосуп алган.

Грузин парламентинде орус вице-спикерлеринин бири көрүнгөндөн кийинки Тбилисидеги окуялар Орусияны айран-таң калтырды. Анткени 2008-жылдан кийин эки өлкөнүн жарандарынын мамилеси бир топ эле жакшырып калган. Былтыр миллионго жакын орус туристти Грузияны зыярат кылган.

Андай болгону менен 2008-жылындагы беш күндүк согуш грузиндердин көңүлүндө орус мамлекетине карата басмырлануу жана ызалануу сезимин калтырган. Эгер Сергей Гаврилов 20-июндагы парламенттик сессияга катардагы катышуучу катары келсе, эч нерсе болмок эмес. Ал парламенттин спикеринин ордуна отуруусу менен аны “басып” алган, муну грузиндин көбү өз бетине чабылган шапалактай кабыл алды.

Бирок нааразылык Орусияга гана багытталган эмес. Бийликтин “Грузин кыялы” партиясы элдин колдоосунан күн санап ажырап баратат. Өлкөсү эч кимге жооп бербеген кишилер тарабынан көмүскөдөн башкарылганына шаардык орто тайпа нааразы. Акыркы убактарда “Грузин кыялынын” негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилинин популярдуулугу төмөндөп кетти. Эгер ал 2012-жылы өлкөнүн куткаруучусундай көрүнсө, учурдагы рейтинги бардык грузин саясатчыныкынан төмөн.

Бирок Иванишвили Грузияда мезгилдин талабына жооп бере алган демократиялык маданият бар экенин жакшы билет. Ошондуктан 20-июнда креслосунда бекем отурушу керек болгон Ираклий Кобахидзе катасы үчүн макамынан ажырады. Ал анча таанымал болбогондуктан, элдин нааразылыгын басуу ниетинде,“Грузин кыялы” тарабынан садага чабылды.

Бирок Грузияда элдин нааразылыгы дайыма көчөгө ташып чыгат. Албетте, режимди алмаштырууну каалаган саясий күчтөр мындай жагдайды пайдаланууга даяр турат. Михаил Саакашвили тарапташтарын көчөгө чакырды. Качкын саясатчыга жакын “Рустави-2” телеканалы анын кайрылуусун элге жеткирди. Радикал маанайдагы нааразылар аз болгону менен, алар өкмөттүн кетүүсүн талап кылды, кээ бирилери күчкө салып парламенттин имаратына кирүүгө аракет жасады.

Бул окуялар Грузиянын талуу жерин дагы бир ирет көрсөттү. Анын саясий турмушу бири-бири менен келише албаган топтордон тургандыктан, жалпы элдин атынан сүйлөп чыкчу лидери жок. Адатта бул милдетти патриарх Илья II аткарып келген. Бирок учурда грузин чиркөсүнүн 86 жаштагы башчысы өтө эле алсыз. Саясий лөктөр катары каралган президент Саломе Зурабишвили, көмүскөдөгү лидер Бидзина Иванишвили жана өлкөнүн мурунку жетекчиси Михаил Саакашвили грузин коомун ого бетер бөлүп-жарууда.

Грузиндер болсо адатынча саясий жаңыланууга жетүү үчүн Руставели даңгыр жолуна аттанды. Бул аянт 1956, 1978, 1989, 1991, 2003, 2007 жана 2012-жылдарындай, өткөн аптада кайрадан саясий драманын сахнасына айланды. Алар кээде тынч бүтсө, кээде кан төгүү менен аяктаган.

Демократиялык институттар калыптанганы менен Грузия саясий маселелерин дагы эле көчөлөрдө чечип келет. Грузин жазуучусу Гурам Одишария он жыл мурун: “Эгер жаңы саясий маданият калыптанбаса, эгер бийлик менен коом арасында ымала пайда болбосо, жарандар башкаруудан түңүлүп кете берет. Биздин өлкөнүн саясий тагдырын грузин саясатчылары эмес Руставели даңгыр жолу чече берет”, - деп жазган. Өткөн аптада Тбилисиде кайра эле ошол опурталдуу оюн башталды.

Томас де Ваал, Кавказ боюнча адистешкен британ журналисти, Carnegie Moscow Center, АКШ