Жорум

​«Кызыл жоолук жалжалымдагы» мен байкаган башкача көйгөй

24 марта 2019 г. 12:02 2980

«Кызыл жоолук жалжалымдагы» мен байкаган көйгөй

Бүгүн «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен Тянь-Шань» киносун көрүп атып таптакыр башка көйгөйгө, же жаңы бир ачылышка кабылдым.

Чынында, бул кинодогу эле ачылыш эмес. Чыгарманын өзүндөгү ачылыш эле. Көрсө биз чыгарманын өзүн дагы, андагы көйгөйлөрдү да байкабай, андагы маселелерди башка өңүттөн эле карап жүрүппүз.

Балким, Айтматов өзү деле мен ойлогон ойду берейин деген эместир. Ооба, автор айтайын дебеген, дегеле жазып атканда оюна да келбеген нерселерди кийинки сынчылар, адабиятчылар, же мага окшогон чала сабат окурмандар да чыгармадан таап чыккан учурлар болот тура. Деги, бул чыгармаң деле чыныгы турмуштан алынган реалдуу окуя сындуу нерсе болгондуктан, андан улам бир окурмандын улам бир нерсени таап чыга бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш окшобойбу...

Айтматов чынында кандай ойлогон, бул чыгарманы жазып атканда кайсы көйгөйдү, кайсы маселени көтөргүсү келгенин так билбейм. Бирок, бизге жеткирген адабиятчылардын айтуусу боюнча, жазуучу бул чыгармасы менен куру намыстын курмандыгы болгон, кашкөй, көздөгөнүн бербеген жигиттин турмушу тууралуу жазган экен.

Бирок, бүгүнкү байкаганым боюнча, маселе анда деле эмес сыяктуу. Себеби, мен бүгүн андан таптакыр эле башка маселени көрдүм. Эмесе, мага берилген жазмакерлик өнөрдү аз да болсо колдонуу менен ошол көйгөйдү түшүндүргөнгө аракет кылсам.

Биринчи сокку – кыз «бойдок»

Муну менен кимди айткым келгенин жакшы эле билип турсаңар керек. Бул – Кадича. Базадагы шоопурлардын далайынын шилекейин агызган, алардын суктанып, кызыгып турганын билип ого бетер бой көтөрүп, эч кимисин бучкагына теңегиси келбеген, билим десе билими бар, бийлик десе өзүнө жетерлик бийлиги да бар, келберсиген бойдок кыз. Балким, жубандыр, анысын айта албайм. Бирок, бир билгеним, бул дагы оңой аялзаты эмес.

Ошол саат басып, прицебин кулаткан күнү Илияс ачуусу менен келип жалгыз арак ичип отурган. Кап аттиң, ошол жерге жанагы Алыбек досу келип калбаганын карачы. Бирок, ал кайдан келет эле? Үй-бүлөлүү, орун-очок алган жан жети түндө каңгып жүрмөкпү? Бүгүнкү күндө балким эчак бузулуп, ашмалтайы чыгып калган жандар, же күндүз жумуштан чолосу тийбей жүргөн бирөөлөр түнү менен барар андай жерге. Анан калса, азыркы учурда андай жерге азгырган азгырыктар да күч албадыбы. А ал убакта болсо, мындай шойкомдуу жерге түн караңгысында үй-жайы барлар көп жолой берчү эмес. Баягы эле турмуштан жолу болбой жүргөн колу-жолу бош, эртеңкисин ойлобогондор бармак. Кыскасы, ошондой шойкомдуу жерге түн кирип турганына карабай Кадича кирип барды. Балким ал атайылап баргандыр. Балким, байкабай кирип калгандыр. Балким күнүгө эле ошол жерде жүрөттүр. Деги автор анысын айтпайт. Илияс ачуудан буулугуп, жубайы менен кер-мур айтышып алып ичип отурганда Кадича кирип келгени гана айтылат.

Эми Кадича деген ким? Ушуга дагы бир ирет токтоло кетсек. Жогоруда айткандай, ал чыкчырылган, анча-мынчаны көзүнө илбеген кыз. Балким мурда бир турмуш көргөн, балким көргөн эмес. Айтор, учурда, башы бош. Бирок, турмуш курууга, өз алдынча үй-бүлө күтүүгө анча деле ашыкпайт. Минткенимдин себеби, ага ошончо эркек көз артып турганы менен, ал эч кимге дилин ачпайт. Илиясты сүйүп да калгандыр. Бирок, анысын да ачык билдирбейт. Тек гана көз карашы, жүрүм-туруму менен билдирет. Жазуучунун сүрөттөшүнчө, ата-эне, ага-тууганды деле укчу кыз эмес. Кыскасы, бул да өз билемдигин бербеген, «турмушта керек болсо эркек аттууга көз каранды болбой деле жашай берем» деген кашкөйлөрдүн бири. Чыгармада чуңкурда жүргөн Жантайды буту менен ээкке нукуп, чамгарактап басып жүргөнү да айтылат эмеспи.

А бирок, кийин эмне болду? Ошентип, өз алдынча жашай алдыбы? Ошентип, дайыма эркин куштай учуп жүрүп бакытка жеттиби? Эч кимди көзгө илбей, чыкчырылып жүрүп золобосу көтөрүлдүбү? Жок. Такыр андай болгон жок. Тескерисинче, кимдир бирөөнүн кылт этишин күтүп турган шайтандай, бир аз мүдүрүлө түшкөн Илиястын алдынан торой чыкты да, кылтылдаган ичимдиктин, кылыктанган мүнөзүнүн жардамы менен койнуна тартып, турмушун бузду.

Ооба, Илиясты жакшы көрчү. Ал үйлөнгөн күнү сезимин жашыра албай ыйлап, талаалай чуркаганы да бар. Бирок, Илияс эми башы бош жигит болбогон соң, эчак үй-жай күтүп балалуу болгонун билген соң, бул да деми сууп, өзүн токтотуш керек эле. Капилеттен азгырып келип, алсыз учурда кармап алып бактысын бузбаш керек эле. Же ошондой эле зыңкыйган, ошондой эле кыйын кыз болсо, ошол кыйындыгын көргөзүп, өмүр бою так өтүш керек эле. Жок. Анте алган жок. Бирөөнүн бактысын талашты. Бирөөнүн жарын азгырып жүрүп тартып алды. Акыры өзү да бактысыз болду, беркилердин да бакытысына балта чапты. Муну Илияс экөөнүн Памир жакта кыйлага чейин бирге жашап жүрүп, акыры жашоолору жалгашпасын билип, ажырашып тынган аянычтуу көрүнүштөн байкоого болот.

Баса, «Илияс прицеби оодарылып калганы үчүн бактысын талкалап албадыбы? Ал көк бет, куру намыс, кашкөйлүгү менен бактысын бузбадыбы» дейттирсиз. Жок, айланайын. Илияска чиркелген жүк эч нерсе болгон жок. Аны Алыбектер сүйрөп чыгарып кетти. Ал жүк үчүн Илияз соттолгон да жок. Ал жүк үчүн Илияз жумуштан да айдалган жок. Ал тургай Асел менен да ошол жүк үчүн урушкан жок. Биринчи күнү гана кагып, чыгып кеткени болбосо, ал кадимкидей эле жумушка келип-кетип иштеп атты. Кадимкидей эле үйүнө да барып атты. Бирок, үйүнө барган сайын Аселге бир нерсе айта албайт. Кечээ эле кылып койгон былыгы менен анын жүзүн карап отура албайт. Али эч нерсе биле элек, ниети сүттөй ак келинчегинин алдында өзүнүн чочкодой кирдеп калган сезимдери менен отура албайт. Ооба, ал ошол Кадича менен жасаган кылмышы үчүн үйүнө батпайт. Ошон үчүн үйүнөн качып чыгат. Ошон үчүн Аселден кайра-кайра кечирим сурагысы келип, бирок ага да оозу барбайт. Акыры ошентип үйүнө батпай атып кайра баягы жерине барат. А тигил жакта бир азгырык бар. Дайыма «Мага келсең жарпыңды жазам. Башыңды оорутпайм. Ичем десең ичирем, жатам десең жаткырам» деген азгырык бар.

Бул азыркы турмушта да болуп келген көрүнүш. Үйүңө келсең аялың чындап сага ишенгени үчүн болгон көйгөйүн айтат. Сенин балдарыңдын энеси болгон үчүн алардын маселесин айтат. Алар менен да, сени менен да алпурушат. Сага балдарынын атасы катары көйгөйлөрдү айтат, сезимдерин айтат, аркы-берки кептерди айтат. Ал тургай ошондой жакын сезгени үчүн сени жемелейт. Болбосо, бүгүн келип эртең жок болчу киши болсоң эмнени айтмак эле? Сага убакыт да бөлмөк эмес.

А тигинде отурган азгырык үчүн болсо, сен тек гана көңүл ачуучу эрмексиң. Аз да болсо убакытты өткөрүп алуучу оюнчуксуң. Ошон үчүн жеңил-желпиден сүйлөйт. Сенин маселелериң, эртеңки келечегиң үчүн да башы оорубайт. Балким, сени биротоло имерип алыш үчүн болгон амалын колдонуп алдап-соолайт. Мына анан ошондойго кыска ойлуу пенде, адашкан жан алданат...

Илияс да алданды. Ал Кадичага кашкөйлүгү менен алданган жок. Ал көк беттиги, куру намысчылдыгы менен алданган жок. Ал аялынын алдында чындыкты айта албаган алсыздыгы менен алданды. Кокус, башында эле Аселге болгон күнөөсүн айтып, андан кечирим сураганда, ишти создуктуруп жүрө бербей, бир жолу чыдамкайлык кылып болгон жагдайды алдына жайганда маселе мынча ырбамак эмес. Асел аны акыры кечирип тынмак. Ошончо кыйналган соң өзү да экинчи андай жолго баргыс болмок. Анан жан дүйнөсүндө тынчтык болгон күнү достору менен да табышмак. Иши да жүрүшмөк.

Үйүңдө, артыңдагы ыйык чебиңде, алтын уяңда тынчтык болбой турса, оюңдун баары ошол жакта болуп, турмушуңду мындан нары кандай улайм деп башың катып турса, кантип жумушуңда ийгилик болот эле? Же жок дегенде ошол маселени түшүнө турган досу болсочу. Жок, досу Алыбекке да айта албады. Анысы да кайра-кайра прицеп тууралуу, жумуш тууралуу кеп кылып, үйүндөгү маселени түшүнбөй койду. Ал дагы биз, окурмандар сындуу, маселенин баары прицепте, Илиястын болсо көк беттиги кармады деп жүрө берди.

Мына ошентип, Илиястын турмушуна биринчи сокку кыз «бойдоктун» колу менен урулду.

Экинчи сокку – эркек «бойдок»

Байтемир. Карт бойдок. Биринчи турмушу табигый кырсыктын айынан бузулган, үй-бүлөсү, короо-жайы менен кар көчкүгө кетип, тагдырына таарынып жүргөн бечара.

Бул каарман Кадичадай болуп шалактап бош жүрө берген бойдоктордон эмес. Турмуш чындыгына абдан жакын табылган каарман. Эгер, бул да эч кимди карабаган, анча-мынча кызды теңине албай терс аяктанып жүрө берген неме болгондо, чыгарма анчалык чындыкка коошпой калмак. Ошончо чыкчырылып жүрүп эле талаада темселеп жүргөн балалуу аялды сүйүп, кетирбей койгону жарашмак эмес. Экинчиден, окурмандарды да анчалык кейиткен түйшүктүү каарман болбойт болчу. Ал тургай бул кишини көпчүлүк жакшы киши катары кабылдайт. Жол боюнда турган Аселди ала кетип, ага чапанын жаба калып, аны баласы менен үйүнө түнөтүп, камкордук көргөн чыныгы кавалер. Чыныгы мырза. Анан турмуштан запкы жеп, жалгыздыктан кор болгон киши катары Аселди кетирбей алып калганы. Улам машина тосуп келем деп жолго чыгып, кайра чыккан машинаны тоспой убакытты чойо бергени. Мына ушунун баары боорду оорутат. «Байкуш, жакшы киши тура» деген ойго салат. Бирок...

Кашайганда, бул кыраан неге башынан эле бактысын башка жерден издеген жок эле? Айтматов чынында кандай жазат бул киши тууралуу эсте жок. Бирок, кинодо Байтемир бир абышка менен үй-жайы тууралуу кобурашып бараткан жеринен кошулат . Ат менен баратып кобурашат... Салабаттуу, көптү көргөн карыя ага ошондо жакшы эле айтат. «Үй-бүлөңөн ажырапсың. Эми ушунтип эле башы бош жүрө бересиңби? Үйлөнүп алсаңчы» дейт. Бирок, берки кайбар болбой койбодубу. «Кар көчкү менен күрөшөт элем, турмуш кургандан көңүл калды» деп өзүн шумдук сезип отуруп албадыбы.

Анан эмне болду? Кар көчкүнү жеңдиби? Коколой башы менен туу чокуга чыгып, жеңиш туусун сайдыбы? Жок. Биринчи көргөн күндөн тартып эле Аселге байланып, аны кетиргиси келбей алып отурду. Жанагы азгырык шайтан ага ушул жагынан жармашты. Кадичада да Илиясты алаксытам, ачууга батып турганда жанында болом деген аруу тилек болгондур. Шайтан ага ошондой ак тилек менен ишти баштатып келип, акыры ичине жинди суу кирип, Илияз менен шыңкылдашып отурган соң, эми болору болду, биротоло бир түнөп чыгайын деген сезимге түрткөндүр.

Ооба, бул азгырык башында дайыма эле жакшы көрүнө берет. Кайсы бир иш үчүн акча чогулткан кишилер деле башында «Ушуну чогултуп туруп жеп салайын» деп ойлобойт. Алгач «Элиме жакшы иш кылып койойун» дейт. Анан акча чогулуп, кытырап чөнтөккө түшкөн соң, «кичине ооз тийейин» дейт. Анан «тиги тууганымды да бир кубантып койоюн, кайра ордун толуктап койом» дейт. Кыскасы ошентип отуруп башында адал ниет менен башталган каражатты мойсоп тынат. Анан бир баштап алган соң, шар аккан суудай эле кетет. Алгачкы күндөрдөгүдөй абийири да кекиртектебей калат.

Ошентип, Байтемир да башында, эң башында жакшылыкты гана ойлонгон болду. «Бир түнөтүп кетирейин» деди. Анан «дагы бир түнөсө эмне болот эле» деди. Анан «шашып кайда барат эле» деди. Анан «жакшы сүйлөшсөм калып калаттыр» деди. А эгер ал ошентпегенде Асел эмне болот эле? Асел кетет эле Балыкчыга. Балким кыйналат эле, балким азап тартат эле. Балким, ата-энесинин алдына ыйлап барат эле. Анан акыры Илияс аны издеп келет эле да. Же өзү деле бир күнү чыдабай Илиясты издеп чыгат эле. Ооба, Байтемирдин үйүндө жүргөндө деле издеп чыкты го. Жол тосуп атып жанагы көрө албас Жантайга жолукту. Ал болсо калпты карандай соктурду. Ошентип ансыз да көңүлү сууп турган неме биротоло үмүтү өчүп тынды. Артында болсо дайыма кыраңдын кызыл гүлүндөй азгырып, кылгыра тиктеп турган Байтемир бар...

Ошентип, муну дагы эркек бойдок азгырып, жолунан адаштырды. Болбосо, ал мындан мурдарак эле биротоло так өтчүдөй, өмүр бою турмуш курбачудай, үй-бүлө күтпөчүдөй күрсүнүп жүргөн. Ой-кыялы чабыттап, улуу тоонун кар-көчкүсүнө өзүн тең санап, ошолор менен күрөшмөк болгон.

А көрсө эмне экен? Көрсө көчкү тургай бир келинди жеңе албайт экен. Өмүр бою жалгыз өтмөк тургай, бир түндү жалгыз өткөрө албайт экен. Тагдыр ага айдап келип Аселди жолуктуруп койду эле, бир эле түндөн кийин кетиргиси келбей жалдырап отуруп калды.

Мына сага бойдоктук дымак! Куру дымак менен бир жаш үй-бүлөнүн очогун бузуп, бир баланы атасынан бөлөк чоңойтуп, бир жаш жигитти өмүр бою темселеп жүрө турган селсаякка айланткан бойдоктук дымак. Эми анысы дагы кайсы бир күнү бир келинди, турмушунан бир мүдүрүлө калып оңоло албай турган бир келинди азгырып алып кетээр. Ооба, тигилерди карап туруп жыйынтык чыгарчу болсок, ал деле өмүр бою бойдок жүрө албайт окшойт.

Деги эле бул жалганда адам баласы жалгыз башы менен бактылуу өмүр сүрө албайт. Балким, торунда бөгүп жаткан жөргөмүштөй болуп, жакын арада ылайыктуу бирөө жок кезде күнүмдүк турмушун тымпыйып өткөрө берер. Бирок бир күнү болбосо бир күнү жайган тору былк этип, ылайыктуураак бир караан пайда болору менен ордунан селт ойгонуп, алдап-соолап болобу, же азгырып-жазгырып болобу, өз очогуна тартканга аракет кылат. Анан анысы да өзүнө окшогон бир бойдок болсо жакшы. Анда жолу шыдыр болсун. А бирок, Илиястай, же Аселдей болуп көзү тумандап, жолунан мүдүрүлүп келаткан бирөө болсо, аны туура жолго чыгарып, өз жолун таап берип койгонго жарабай, «Менин олжом. Башкаңар эмне болсоңор ошол болгула. Мен тапканымды бөлүшпөйм» деген инстинкт менен өз бактысын түптөгөнгө, өз турмушун оңдоп алганга алдас уруп, жан үрөп жөнөйт эмеспи.

Мына, мен чыгармадан байкаган көйгөй ушул. Каран калган куру намыс менен, көкөйдү кескен көк беттиктен дагы, торуна түшкөндү баса калар алдым-жуттум бойдок «карышкырларды», адашканды кылт эттирбес куралы күч «очок бузарларды», жаңылганга жардам берип жолуна салып коймок тургай, кайра канткенде өз жаныман чыгарбай алып калам деп көзү күйүп турган субай «жырткычтарды» байкадым. Буларга салыштырмалуу куру намыска алдыруу, жолдоштору менен уруша кетүү, бир прицепти жолдон чыгарып, жыгып алуу эч нерсе деле эмес. Мындай көрүнүш, мындай каталар жашоодо боло берчү окуялардан.

Айтмакчы, динде да бекеринен шайтандын эң улуу жеңиши үй-бүлөнү бузуу деп айтылбайт тура. Мына, ушул философия менен караганда деле, Илиястын куру намысы, көк беттиги, бетке айтар мүнөзү чоң маселе эмес болчу. Аны азгырып, ак сүйүүсүнөн, тутанткан очогунан ажырата турган шайтандар бери жакта тымызын торуна түшчү учурду күтүп отурган. Алар бүгүн да туш-тушка чачырап, бир жаңылып алдынан чыгаар Илиясын, караңгыда карайлап калаар Аселин аңдып отурушат. Кокус, «Кызыл жоолук жалжалымдын» бир кездеги козгогон көйгөйү башка болсо, бүгүнкү көйгөйү ушул «бойдоктук» болор...