Борбор Азия

​“Борбор Азиядагы саясий жер титирөө”

23 марта 2019 г. 13:34 244

Чет элдик басылмалар Нурсултан Назарбаевдин отставкасына эмне дешти

Les Echos (Париж, Франция)

Нурсултан Назарбаевдин чөнтөгү жукарган казак коомчулугунун наразылыгын алдын алам деген түрү бар. Калкынын наразылыгы 21-февральда өкмөттү алмаштырууга түрткү берип, акыры өзүнүн да кетүүсүнө себеп болду. Өз каалоосу менен бийликтен кетүү Борбор Азиядагы мурунку советтик республикаларда сейрек кездешкен көрүнүш. Назарбаев өкмөттү кетирип жатканда өлкөнүн жакшы өнүкпөй калганын айтып, социалдык жардамга бир нече миллиард доллар чегерээрин убадалаган.

2014-жылдан тартып мунай арзандап, теңгенин куну түшүп кеткен. Анысы бийлик менен 19 миллиондук казак калкынын ортосундагы бакубаттуулук “келишимине” кедергисин тийгизген.

Financial Times (Лондон, Британия)

Карылыкка алдырган автократтын баары улут лидери наамын алгысы келет, бирок алардын көбүндө Нурсултан Назарбаевдикиндей негиз жок... Коммунисттик партиянын мурунку казак боссу Советтер Союзунун урандысына жаңы өлкө куруп чыкты... Натыйжада, тынчы жок бул региондо, Казакстан геосаясий туруктуулуктун өрнөгү болуп келет. Ал коңшу Орусия жана Кытай менен жакшы мамиле куруп, ошол эле убакта АКШнын шериктеши да боло алды...

Назарбаев автократ лидерлердин көбү кыла албаган нерсеге жетти: ал президенттикти таштаганы менен, өткөөл заманды ийгиликтүү аякташ үчүн, бийлик аппаратына таасирин сактап калды.

Аналитиктер аны макамын өткөрүп берген лидерлер – Ли Куан Ю жана Борис Ельцин менен салыштырып кирди. Назарбаевдин планы, 2024-жылы бийликтен кетет деп күтүлгөн, Владимир Путинге үлгү болуп калышы мүмкүн.

The Times (Лондон, Британия)

Башкаруусун болушунча созуш үчүн окумуштууларына жаштыктын мүрөк суусун таап чыккыла деген Казакстандын президенти 30 жылдык башкаруусунан кийин отставкага берди. 78 жаштагы Нурсултан Назарбаев Орто Азиянын мурунку советтик республикаларын он жылдап башкарган автократтардын акыркысы...

1991-жылы Казакстанды эгемендикке чыгарган Назарбаев мырза Путиндин саясий өнөктөшү болуп келет. Бирок ал бул мамилесин АКШ жана, соодасы барган сайын күчөгөн, Кытай менен ийгиликтүү айкалыштырып келди. Анын бийликтен кеткени энергоресурстарга бай жана 18 миллиондук калкы бар өлкөдө бийлик талашына жол ачканы турат... Москва, Вашингтон жана Пекин мындай окуяларды көз ирмебей карап турмакчы...

The Guardian (Лондон, Британия)

Кош айтышкан сөзүндө Назарбаев мындан кийинки милдетин жаш лидерлерди тарбиялоодо көрүп жатканын айтты. Ал мураскерин өзү дайындайт деп күтүлүүдө. Макамдан кетимиш болгон мындай ойт берме амалы карылыкка алдырып бара жаткан бардык постсоветтик автократтардын алдында турган суроого жооп бермекчи. Владимир Путин баш болгон мындай лидерлер “уткан киши олжонун баарын алат” деген саясий системаны куруп чыгышкан. Эми алардын алдында “бийликти өзүнө коркунуч жаратпастан кантип тапшырып берүү керек” деген маселе турат.

Назарбаев коңшуларына караганда жумшагыраак авторитаризм орноткон. Ал Сапармурад Ниязовго окшоп өзүнө алтын айкелдерди курган жок, жана Ислам Каримовдой кара өзгөйлүкко алдырган эмес.

Бирок 29 жылдык башкаруусунда ал да текеберликке берилип, казак коопсуздук күчтөрү 2012-жылы Жанаөзенде 15 кишинин өлүмүнө алып барган окуяга себеп болгон.

Tages-Anzeiger (Цюрих, Швейцария)

Назарбаев көп жыл бою талашсыз жана сүйкүмдүү улут лидери болуп келди. Бирок Борбор Азиянын ири өлкөсү акыркы жылдары кризиске учурады. Убагында СССРдан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн арасында кабылаң көрүнгөн Казакстан учурда мунайдын арзындыгы, саясий куугунтук жана арам кекиртектиктен алсырап турат. Даңазалуу долбоорлорго каражат тартыш боло баштады. Назарбаев кең талаада жаңы Астана куруп жатканда өлкөнүн калган аймагы куру жалак калган. Эми эсептешүү заманы келди...

Назарбаевдин ийгиликтүү тарыхы аяктап калды: авторитар ажо картайды.

Орто статистикалык эркек араң алтымышка чыккан постсоветтик аймакта 78 жаштагы Назарбаев өтө эле картаң көрүнөт. Ал бийликтин экинчи катарына чегингенде, өлүмтүккө окшогон өлкө кайра жанданат деген үмүт бар. Акыркы окуялар картаң элбасынын биротоло түгөнүүсүнө, бирок Казакстандын өнүгүүсүнө алып келчүдөй көрүнөт.

Handelsblatt (Дюссельдорф, Германия)

Орто Азияда саясий жер титирөө болду. Региондогу бийликте эң узак турган лидер өз каалоосу менен отставкага кетти. Орто Азияда бул таң калчтуу көрүнүш. Анын бул аймактагы коллегаларынын көбү же өлгөнгө чейин башкарышкан, же аларды төңкөрүшкөн...

Балким региондогу буга чейинки жападан жалгыз бийликти мыйзамдуу тапшырып берүү Назарбаевге үлгү болгон чыгаар. Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев бийлигин өзү тандап алган Сооронбай Жээнбековго таштаган. Бирок өлкөнүн багытын аныктоону улантам дегенде, мурунку кыргыз ажосун мураскери тез эле ордуна койгон.

Washington Post (Вашингтон, АКШ)

Назарбаев Борбор Азия өзгөрүп жаткан кезде отставкага кетти. Бул окуя ансыз деле кайнап жаткан геосаясий жана демографиялык өзгөрүүлөргө үстөккө-босток келди. Казакстанда улутчулдук менен батышчылдык өсүп жатканына тынчсыздануусун орусиялык расмият мурун эле билдирген. Ал өз учурунда, Казакстандын түндүгүндө жашаган орустардын арасында Кремль багыттаган сепаратисттик кыймыл бар деген ушактарды жанданткан. Кытай болсо Борбор Азияга саясий-экономикалык таасирин күчөтүп, Казакстанды глобалдык “Бир кырчоо – бир жол” долборунун негизги элементи катары карап келет...

Тездеген демографиялык өзгөрүүлөр абалды улутчул, диний же батышчыл топторго оодуруп, Назарбаевдин бийликти өз кишисине тапшырып берүү оюн ойрон кылышы мүмкүн. Казакча сүйлөгөн калк менен мусулмандардын саны тез өсүп келет. Ошол эле убакта 1991-жылы Советтер Союзу ураганда казактар менен теңме-тең сымал болгон этникалык орустар катуу азайды.

The New York Times (Нью-Йорк, АКШ)

Автократтык башкаруу доорунда Нурсултан Назарбаев бардык шайлоону 100 пайызга жакын добуш менен утуп, саясий атаандаштары менен сынчыл журналисттерди абакка солоп келген.

Назарбаев мырза өлкөнүн 30 млрд баррель деп болжолдонгон мунай коруна чет өлкөлүк калың инвестицияларды тарткан. Тышкы саясатында Казакстан эки ири коңшусу – Орусия менен Кытайдын арасында тең салмакты кармап, ошол эле убакта АКШ менен достук мамилесин сактап келет.

Коммерсант, Орусия