Ара жолдогу мамлекет

​Паракорлук менен сотсуз эле күрөшсө болчудай

24 февраля 2019 г. 13:50 128

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын мүлктү сотко чейин конфискациялоо идеясын вице-спикер Лена Назарян колдоду. Армян бийлигинин ою боюнча, мындай чара арам кекиртектик менен күрөшкө жаңы дем берет. Коомчулук да муну колдоп жатат

Армян бийлиги кылмыштуу жол менен топтолгон мүлктү сотсуз конфискациялоону талкуулап баштады. Өткөн аптада парламентте бул тууралуу сүйлөгөн премьер-министр Никол Пашинянды вице-спикер Лена Назарян колдоп чыкты.

Пашиняндын айтымында, мындай чара сот системасы кайрадан калыптанып келе жаткан өлкөдө мүмкүн, Европанын адам укуктары боюнча соту (ЕАУС) да муну кишинин акысын чектөө катары карабайт. Жарандар кандай жол менен мүлккө ээлик кылганын далилдеши шарт болгон жагдайлар өлкөдө бар деген ойдо армян өкмөт башчысы. “Мында күнөсүздүк презумпциясы эмес, күнөөлүүлүк презумпциясы ишейт. Эгер киши мүлкүн мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаса, ал мыйзамсыз деп эсептелинет”, - дейт өз пикирин жактаган Пашинян.

2018-жылы “жумшак ыңкылап” менен бийликке келген Никол Пашинян “өтмө укугу” аркылуу паракорлук менен күрөшөм деген. Бирок муну ишке ашырууга эски элиталар көзөмөлдөгөн парламент жол бербей келген. 2018-жылы декабрдагы шайлоодо Пашиняндын “Менин кадамым” саясий блогу 70%дан ашык добуш менен парламентти колго алып, абал өзгөрө баштады. Эми премьердин демилгелерин эч ким токтото албайт.

“Бул маселеде коомдук кызыкчылык жогору турат деген премьер-министр менен макулмун. Биз коррупцияга каршы чараларды көрүүбүз үчүн ар бир аткаминер мүлкүнүн жагдайын ачыкташы шарт”, - деди вице-спикер Лена Назарян.

Бул пикир качан мыйзамдашаары али белгисиз. Депутаттар демилге өкмөт тараптан келиши керек деп турушат.

Премьердин сотко чейин мүлктү тартып алуу идеясын жоруган Transparency International уюмунун коррупцияга каршы программаларынын жетекчиси Варужан Октанян мындай тажрыйба Британияда бар экенин айтты. “Муну чектен чыгуу дей албайм. Балким укук коргооочулар нааразы болоор. Бирок паракорлук менен күрөшүү боюнча эксперт катары мен муну колдойт элем”, - дейт серепчи. Октаняндын айтымында, премьер Никол Пашиняндын “мурунку режимдин арам кекиртектерин” куугунтукап жатканы туура.

“Бирок бул жетишсиз. Коррупцияны алдын алган системаны курууда олуттуу кадамдар керек, - деп эскертет эксперт. – Анткени бул репрессивдүү компания мурунку режимдин өкүлдөрүн гана камтыбастан, алардын адатын уланууга азгырылып кетчү жаңы бийликтин өкүлдөрүн да ооздуктоосу зарыл”.

Армениянын Тергөө комитетинин мурунку орун басары, юридика илиминин доктору Артур Гамбарян эл аралык документтерде жана көп мамлекеттин мыйзамында бар, мүлктү сотсуз конфискациялоо (in rem) жөнүндө кеп болуп жатканын тастыктайт. “Соттун чечимисиз мүлктү тартып алуу салттык укуктук аң-сезимге жат болсо да, ал арам кекиртектик менен күрөшүүнүн ЕАУС укуктуу деп тапкан ыкмасы”, - дейт Гамбарян мырза.

Кавказ институтунун илимий кызматкери Грант Микаелян Никол Пашиняндын паракорлукка каршы компаниясы жалпысынан жакшы натыйжа берип “ири бизнестин бир бөлүгү көмүскөдөн чыгарылганын” белгиледи. Бирок мүлктү сотко чейин тартып алуу идеясын эксперт анча колдобойт. “Мунун кандай иштеп кетээрин толук түшүнү оор, - дейт Микаелян мырза. – Арменияда, айрыкча өтмүштө, элитанын каражатынын көбү көмүскөдө болчу. Ошондуктан мындай демилгени ишке ашыруу оор болот”.

Айк Халатян, Кирилл Кривошеев, Коммерсантъ, Орусия

БАШКА МАКАЛАЛАР