Ислам дүйнөсү

​Түрк досъеси: “Мен уялбайм. Зордук-зомбулук кылгандар уялсын!”

20 февраля 2019 г. 19:11 521

Диктаторлук туңгуюгуна кулап бара жаткан өлкө бир нече этаптан өтөт. Түркиядагы Эрдогандын режими анын бардык тепкичтери менен төмөндөп, газ толтурулган камераларда атаандаштарын уулантып өлтүрүүсү гана калды. Бирок учурдагы түрк аткаминерлеринин дагы бир өзгөчөлүгү билине баштады – балдар, өспүрүмдөр жана жаш кыздарга сексуалдык зомбулук кылуу жана зордуктоо

16-февралда полистердин Мерве Демирел айымга кол салуусун Түркияга адистешкен серепчилер дал ушул нукта жорушту.

Инцидент капаска солонгон адвокаттарды колдоо акциясы учурунда Анкара шаарында болгон. Акцияны өткөрүп жаткан үч кишинин бири Демирел эле. Алар билдирүүсүн окуп баштаары менен жөнөкөй кийимчен полистер туш тараптарынан каптап келип, колтуктап-желкелеп унаасын көздөй сүйрөп жөнөшкөн. Ал учурда полистин бири 21 жаштагы Мерве Демирелдин жамбашынан мыкчыганы камералардын бирине түшүп калган.

Анкара адвокаттарынын биримдиги сексуалдык тийишүү 12 жылга чейики капаска солоо менен жазаланаарын айтып, нааразылыгын билдирген. Бирок шайлоо алдында “жоолукчан карындашымды басынтпа” деп туш-тарапта бакырган президент Эрдогандын эки жүздүү бийлиги бул окуяны көрмөксөнгө салып кутулду. Исламдын жөрөлгөлөрүн карманган Демирел айымга кол салуу боюнча эч кандай саясий жана башка билдирүү болгон жок.

18-февралда Анкаранын полис башкармалыгы расмий интернет-сайты аркылуу Мерве Демирелдин атасы динаятчы Фетхуллах Гүленге жакын кишилер ачкан мектепте иштегени үчүн 2016-жылы жумуштан айдалганын билдирип, “чала болот” деген сыяктуу маанай жаратканга аракеттенген. Кыз менен анын тарапташтары “соцтармактарды колдонуп”, “укук коргоо органдарын жаман көрсөткөнү” үчүн “эки жана андан көп кылмышка барды” деп айыпталып, полис башкармалыгы алардын үстүнөн башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

Заманбап Түркияны жакшы билгендер бул окуя учурдагы укук коргоо органдары менен жалпы эле түрк бийлигинин моралдык абалын жакшы корутундулап турат деген пикирде.

“Керектүү” көрсөтмөлөрдү алыш үчүн тергөө алдындагы кишилердин аялдары менен кыздары камакка алынганы; шектүүлөрдүн ички органдарына түрдүү нерселерди киргизилип, ичегилери үзүлгөнү; көчөдө кетип бара жаткан кыз-келиндерди полистер кызматтык унааларынын ичинде зордуктаганы ондоп саналат. Булар билинип калгандары гана. Мамлекеттик кызматкерлер мындай учурдун көбүндө жазасыз калган, же тескерисинче, зордук-зомбулук көрсөткөн кишилердин өздөрүн террорчулукта айыптап, зулум чеккендерди капаска солотушкан.

Мында “Энсар” фондунун мугалиминин окуясы жана үй-бүлө министринин ага карата мамилеси көрсөткүч боло алат.

Эрдогандын структураларына жакындыгы менен билинген “Энсар” фондунун мугалиминин бири 45 окуучусуна тийишип, кээ бирилерин зордуктаганы 2016-жылы жазында билинген. Кабар коомчулукка тарап кеткенде, түрк билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Хамза Айдогду маалыматты тараткандарды “абийирсиздер” деп айыптаган. Бирок үй-бүлө жана социалдык саясат министри, аял жана эне Сема Рамазаноглу андан да ашып түшкөн. “Энсар” фондун коруу аракетинде ал Эрдоган бийлигинин чекесине тамга катары басылчу сөздөрдү айткан. Сема айым: “Бир жолкудан эч нерсе болбойт!”, – деген.

Кармалып жаткан учурунда сексуалдык зомбулукка кабылган Мерве Демирел: “Коомубузда туура эмес пикир калыптанган. Зомбулук жана зордукка кабылган аялзаты мындай абийирсиз аракеттерге өзү күнөөлүү дегендер көп... Сексуалдык зомбулукка барган полистердин бети кызарсын. Мен өзүмдөн уялбайм”, - деп, полистерге каршы арыз киргизген.

Зордук-зомбулук жана адилетсиздик баткагына баткан Түркиядагы сейрек угулган таза үндүн бири жаңыра баштады...

БАШКА МАКАЛАЛАР