Ара жолдогу мамлекет

Орусия менен Ирандын Сириядагы араздашуусунун келечеги

16 февраля 2019 г. 11:30 325

Учурда дүйнө ЖМКлары Сириядагы бийликти бөлүштүрүүдөн келип чыккан Москва менен Тегерандын араздашуусу жөнүндө көп жазып жатат.

Өлкөнүн байлыгы менен күч органдарын көзөмөлдөөдө атаандашуудан улам эки тарапка жакын топтор бири-бири менен кагылыша баштады. Мындай кагылышуулар Кремлдин - бардык чет өлкөлүк күчтөр, анын ичинде ирандыктардын чыгып кетүүсү керек - дегени жана иран лидерлеринин - эч ким бизди сирия аймагынан чыгара албайт - деген билдирүүлөрү менен коштолууда. Бул абал эки түрдүү нук менен улануусу мүмүн.

Биринчи божомол боюнча, мунун баары алдын-ала сүйлөшүлгөн иштер. Андай болбогон учурда да, алар толук ажыроого алып барбайт. Каяша айтышуу жана чакан кагылышуулар менен коштолсо да эки тарап “олжону” бөлүштүрүүнүн жолун табат. Кылымдарды карыткан мамиле жана батыш менен ондогон жылдар бою тирешүүдөгү биримдик буга шарт түзөт дешет. Эки тарап батыштын экономикалык санкциялары алдында, Дамаск менен түзүлгөн келишимдердин алкагында коопсуздук, аскердик камсыздоо, байланыш, билим берүү жана турак-жай салуу тармактарын кайра калыбына келтиришмекчи. Эң өкүнткөнү - согуштан качкан сириялыктардын таштап кеткен жерлердин, турак жайлар менен мүлктүн ирандык жалданма согушкелерине берилип, өлкөнүн конфессиялык жана демографиялык түзүмүнүн өзгөрүүсүнө Москванын үн катпаганы.

Ошол эле убакта толугу менен сүрүп чыгарам деп Тегеран менен тирешүүнүн тобокели жана чыгымдары Кремлди терең ойлондурганын да эске алуу керек. Тирешүүдөн алсырап Сирия, Ливан жана Ирактагы таасирин азайтып алуусу мүмкүн экенин Москва түшүнүп турат.

Сириялык конфликтте оюнчунун көп экенине карабай, Ирандын жардамы менен туруктуулукка жеткенин Орусия билет. Ошондуктан Батыш менен арабдарды ирандык мокочо менен коркутуп, мындан да көп пайда менен таасирге жетүүгө Москва кызыктар. Баарынан мурун жакынкы чыгыш регионунан Европаны көздөй салынчу газ куурларынын жолун бөгөө маанилүү.

Ошол эле убакта, региондогу өзүнө ылайыктуу тең салмактуулукту сактап калыш үчүн Тегеран да орусиялыктарга муктаж.

Экинчи көз-караш боюнча, “олжо бөлүштүрүү мезгилиндеги” орус-иран араздашуулары күчөп кете бермекчи. Мындай тиреш экөөнүн биринин Сириядан толук чыгып кетүүсүнө алып барат. Тажрыйба боюнча: абалы жана ниети ар түрдүү тараптар бир аймакка батпайт, айрыкча, өлкөнүн келечегин ар түрдүү көргөнү буга жол бербейт.

Ирандын кийлигишүүсүнө регионалдык жана эл аралык коомчулук макул эмес, ал сектанттык эсептерин кылып, “шииттик жарым айды” кеңейтип, перс империясын тирилтүүгө багыт алган. Ирандын сунний биримдикти талкалоо, жок эле дегенде, аны алсыратуу оорусу кармап турат. Ошол эле убакта, орусиялык кийлигишүүнү дүйнө коомчулугу, айрыкча америкалыктар менен европалыктар колдоодо. Москва коомдун бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алуу аракетинде, ошондуктан азырынча Сирия менен региондо туруктуулукка умтулат. Анын алкагында сунний оппозиция менен тил табышуу, Тегеранга жүздөнгөн куралдуу кошундардын ичинен паракор жана Ирандын саясатын жүргүзгөн офицерлерди чыгаруу аракетинде. Мында жөөт авациясынын Сириядагы ирандык күчтөр менен “Хезболланын” объекттерине соккуу уруусуна Орусиянын унчукпаганы маанилүү ишарат.

Бул пикирдеги серепчилер Тегерандын баскынчылык саясатын коргоодо Москва жан үрөп бербейт деген ойдо. Айрыкча акыркы убактарда ирандыктардын аракеттери чыңалуу менен бөлүнүүнүн негизги себебине айланып, Сириядагы регионалдык жана глобалдык оюнчуларды чочутуп турат. Орусиянын согуштук жеңиши эл аралык деңгээлдеги саясий жетишкендикке айлануусуна Ирандан башка тоскоол жок. Анын айынан дүйнө коомчулугу күткөн саясий өзгөрүүлөр кечеңдеп, өлкөнү кайра калыбына келтирүүнү эч ким каржылагысы келбей турат.

Акыры айтчу нерсе, Орусия менен Ирандын Сириядагы таасир үчүн кармашы, кандай болбосун, чектүү болот. Ошондуктан, Сирияда жана араб регионунда ирандык таасирди азайтуу ниетинде, алардын араздашуусуна май серпүүдөн абайлаш керек. Тарых көрсөткөндөй, мындай апакеттер күч менен ресурстарды бошко ысырап кылууга гана алып келет. Буга чейин Москва менен Тегеран кандай болбосун араздашууларды ашып өтүп, биримдигин сактап калаарын жакшы көрсөтүшкөн. Алардын атаандаштыгын шыкактоо чоң жоготууга учуратаарын да тарых далилдеп келет.

Акрам Аль-Бани, Asharq Al-Awsat, Сауд Аравиясы

БАШКА МАКАЛАЛАР