Борбор Азия

Сергей Лавров кыргызды “эмгек, күрөш, кыялдарда” биримдикке чакырды

9 февраля 2019 г. 17:07 1246

Дүйшөмбүдө Орусия федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүп, Кыргыз-орусиялык славян университетинде сөз сүйлөдү. Кыргызстан менен достук мамилелер тууралуу айтылганда, АКШнын тышкы саясатынын сындалуусу, албетте, турган иш. Иш-чаранын акындык тарабы күтүүсүз болду. Залда сөз алгандын бири анын министр гана эмес акын да экенин эскертип, “Посольский приказ” ырын жатка айтып жиберди. Кийинки эки суроо да министрге ыр түрүндө берилди.

Орус министри акындын акыны

Бишкекте Лавров коллегасы Чынгыз Айдарбеков жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, КРСУнун студент жана профессорлору алдында сөз сүйлөдү. Имараттын кире беришиндеги Пушкиндин эстелигинин тегерегине туз себилип, жыйындар залынын алдында негизги каарманы Владимир Путин болгон фото-көргөзмө жайылды. Анда ОФтун ажосу Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони, ГФРдин канцлери Ангела Меркель, сауд ханзаадасы Мухаммед бен Салман жана башкалар менен түшкөн сүрөттөр илинген. Арасында, катышуучулары Путиндин портреттерин көтөргөн, серб митингдеринин да көрүнүштөрү бар...

Мындай иш-чараны кыргыздар да өткөрсө болот, анткени мартын этегинде ОФ президентинин Бишкекке келүүсү күтүлүүдө. Сооронбай Жээнбековдун администрациясы “аскердик, экономикалык, укук коргоо жана регионалдык өнөктүк менен тышкы саясатта биргелешүү тармактарында эки тараптуу кызматташуу” боюнча 15 документке кол коюлат деген үмүттө.

Республиканын ОФтогу элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматташуу акыркы чегине жете элек: “Негизги союздашыбыз Орусияга Кыргызстан ырааттуу жана жоопкерчиликтүү өнөктөш болушу керек. Биздин президент айткандай, өз-ара ишеним гана эки өлкөнүн кызматташуусун жаңы даражага чыгарат”, - деген.

Дүйшөмбүдө КРСУнун ардактуу доктору Сергей Лавров Кыргызстандын ШОС, ОДКБ жана ЕАЭБге киргенде кандай артыкчылыктарга жеткенин айтты. Ошол эле убакта батыштын кызматташуу ниети тайкы экени тууралуу: “Бул форматтарга үстүртөн кароо бар. Текеберлик эч кимге жарашкан эмес. Убагы келгенде турмуш баарын өз ордуна коёт”, - деди. Андан кийин Кыргызстан менен мындай маселе жоктугун дагы бир жолу эскертип, Чынгыз Айтматовдун: “Орус эли менен биз эмгек, күрөш, ниетте бирбиз”, - деген сөздүн айта кетти.

КРСУнун мугалимдеринин бири “капиталисттик система жаны чыгып бара жатат” деп, Москва Венесуэлада АКШнын кийлигишүүсүнө каршы “чечкиндүү чараларга” барабы деп сурады. Сергей Лавровдун ОФ эл аралык укукту жактап, жалпы улуттук диалог аракеттерин колдойт дегени илимпоз айымды анча канааттандырган жок окшойт.

Буга окшогон саясий суроолордон Орусия ТИМинин башчысы тиешелүү даяр жооптор менен кутулду. Жергиликтүү публицист Леонид Калашников сөз алганда зал бир жанданып алды. Ал Лавров министр гана эмес, акын да экенин эскертип, анын эң белгилүү “Посольский приказ” ырын – “Посольский приказ бар болчу, // жана элчилер буйрук аткарчу, //Чар тарапка чачыраган княздарды // Москвага бекем байлачу”, - деп көркөм окуду. Аны ректор да, оңтойсузданган Сергей Лавров да токтото алышпады. Министрдин ырларын МИД менен МГИМОдо да эч ким мындай берилип окуган эмес болуш керек.

Ыр кечесин атайын бул иш-чара үчүн жазылган эки чыгарма улады.

Улуу жана дагы кубаттуу

Университеттеги суроонун баары орусча берилди. Дипломаттардын бири жалпысынан Бишкекте “тилди билгендер орус дикторлорундай эле катасыз, акцентсиз сүйлөйт”, январдын башында бир нече оппозициялык кыймыл менен бейөкмөт уюмдарынын орус тилинин расмий макамын алып салуу аракети ишке ашуусу мүмкүн эмес деген оюн айтты. Ал: “Бул маселени маал-маалы менен бир нече киши көтөрөт, жана алар акысына рубль алгандар эмес”, - деди.

Мындай демилге “маргиналдуу идея жана Кыргызстанда кеңири колдоо табуусу кыйын” деген ойдо ПИР-борборунун азиялык коопсуздук долборунун мүдүрү Вадим Козюлин.

Сергей Лавров да Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда “Кыргызстанда орус тилдүү билимге талап артып бара жаткандыгы кубантат” деп белгиледи. “Президент орус тилинин улуттар аралык баарлашуу, өлкөнүн расмий тили катары колдонууга багыт алганын тастыктады”, - деди орусиялык министр. ОФ да муну колдоп, учурда анда 16 миң кыргыз студенти окуп жатканын эскертти.

Бирок Москва жайдары жатып албашы керек. Бишкекте Орусиядан сырткары студенттер үчүн түрк жана америкалык университеттер күрөшүүдө. Кыргыз бийлиги да ар тараптуулукка ыктап келет. Жээнбеков 2015-жылдан бери кыргыз тарап токтотуп койгон АКШ менен кызматташууну жандантаарын өткөн жылдын этегинде билдирди. Европарламент болсо январда Бишкекти ОФ менен Кытайга көз-карандылыктан кутулууга чакырды.

Бир нече аббревиатурада кызматташуу

Кандай болбосун, учурда Москва Бишкектин негизги өнөктөшү. “Саясий жагынан алганда, Бишкек менен Москванын кызматташуусу сонун сыяктуу. Чоң араздашуу жок”, - дейт кыргыз саясат таануучу Темирлан Ибраимов. Мисалы Москва Кыргызстандын ШОС менен ОДКБдагы төр агалыгын колдойт. Сергей Лавров Бишкек койгон приоритеттер “уюмдун бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыгына жооп берет” деди.

Коюлган артыкчылыктар боюнча кайчы пикир чыкпаганы менен: “Террорчулукка тиешелүү абалга көз-караш ар түрдүү. Кыргызстандын атайын кыматынын өкүлдөрү Орусияны террорчулук өстүрүлгөн, террорчулар көбүнчөсүн жазасыз калган жер катары карашат. Анткени анын атайын кызматтары тил билбегендиктен диаспорага кире албай, алар менен тыгыз иштей албай келет дешет. Орус күч органдары бул абалды толугу менен тескери көрөт”, - дейт Вадим Козюлин. Бирок ШОСтун алкагындагы Регионалдык антитеррордук структура (РАТС) бул маселени талкуулоого жарап берчү жакшы аянтча дейт ал.

Үстүртөн караганда, эки тараптуу экономикалык кызматташууда мүчүлүштүк аз. 2017-жылы товар жүгүрүү 1,6 млрд доллар болуп, бир жылда 31,6%га жогорулаган. Сергей Лавровдун айтымында, 680 биргелешкен ишкана иштеп, 40 субъект арасында регион аралык байланыш түзүлгөн. Аликбек Жекшенкулов буларга Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана республиканын ичиндеги темир жол желесин биргелешип иштетүү Орусияга сунушталганын кошо кеткен.

Бирок ШОСтогудай эле ЕАЭБдин алкагында да бюрократиянын айынан чечим чыгаруу кечеңдеп, мурун айтылган ири долбоордун көбү ишке ашпастан токтоп турганын белгилейт политолог Ибрагимов. Козюлин да биргелешкен ири экономикалык долборлор көрүнбөйт, көбүнчөсүн “бажы тосотторун алып, интеграцияны күчөтүү” бар деген ойдо.

Орусия менен ырааттуу кызматташууга Кыргызстандын саясий туруксуздугу да кедергисин тийгизе алган жок. Башында экс-президент Алмазбек Атамбаев колдогон Сооронбай Жээнбеков кийин аны менен тирешүүгө өткөн. Атамбаевге жакын мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго паракорлук боюнча иштер козголгон. Өткөн жылдын этегинде Жээнбеков кландардын тиреши жок, болгону мыйзам алдында баары бирдей болушу керек деп, экс-президенттердин кол тийбестигин алуу демилгесин колдогон.

Вадим Козюлиндин айтымында, Курманбек Бакиевдин 2005-2010-жылкы жетекчилиги кайталангансыйт. Ал жоогазын ыңкылабынын артынан бийликке келип, кийинки ыңкылап менен төңкөрүлүп, өлкөдөн качып кеткен. “Учурда ошол эле сценарий менен элиталар жылыштырылууда. Атамбаевдин элитасы же качкын, же түрмө менен СИЗОдо. Бакиев да, Жээнбеков да түштүк элитасынан. Кыргызстан түндүк-түштүккө бөлүнгөндүктөн, тартип бузууну күтсө болот, - деген Козюлин, сөзүн - Атамбаев элди көтөрө алчу лидер. Кыргыздар болсо митингге чыкканды билет, аны жакшы көрөт десе да болот”, - деп жыйынтыктады.

Павел Тарасенко, Кабай Карабеков, Коммерсантъ, Орусия

Материал кыскартылды, толук нускасы бул шилтемеде