Батыш

Британ ханышасы шах болду

8 февраля 2019 г. 15:35 446

Катаал “Брексит” жакындап калды

29-мартта киргизилчү"Брексит" барган сайын улам тездеп жакындагансыйт. Калган Европага үстүртөн карап келген керсейген британдыктар, Евробиримдикке талак берүүсү менен жылаандын куйругун басып алганын эми араң сезе баштады. Ал куйрукту 2016-жылкы “тарыхий референдуму” менен басышкан.

Британ саясатчылары, ЕБ менен бирге түзгөн ажырашуу келишимин түш оогондо карап чыгабыз деп, кызыл чеке тартышын уланткан сайын катаал “Брексит” жакындап келе жатат. Ал Евробиримдиктен эч кандай келишимсиз сүрүлүп чыгуу катаалдыгы.

Анын аркасы менен британ экономикасы гана сызга отуруп калбайт. Мэй айымдын өкмөтү Лондондон падышасынын үй-бүлөсүн качырып чыгуу планын карап жатат деп, ушак-айың гезити эмес, The Sunday Times басылмасы жазды. Эгер өлкө ЕБден келишимсиз чыкса, улуу урматтуу ханыша букараларынын ачуусуна кабылышы мүмкүн. Буга чейин падышалык үй-бүлөнү борбордон качыруу планы согуш убагында нацисттер бомбалаганда жана кансыз согуш доорунда СССР өзөктүк курал менен сокку урушу мүмкүн деген кезде гана каралган.

Британ өндүрүшүнүн борбору болгондуктан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бомбаланган Сандерленд шаары бул аптада башка тараптан сокку жеди. Жапан автогиганты Nissan Сандерлендде өзүнүн кроссоверлерин чыгаруудан баш тартып, аларды өз мекенинде өндүрмөй болду. Бизнес иштери боюнча министр Грег Кларктын айтымында, Nissan’дын менеджерлери «Брексит» боюнча келишим жоктугунан чочулап, “Британиядагы келечегибиз бүдөмүк” дешкен. Азырынча бул шаардагы автоунанын жарымынан көбүн жапан компаниялары чогултат. Бирок Nissan’дын чечими автоунаа гана эмес башка бизнестин да британ аралдарынан качуусуна жол ачышы ыктымал.

Брюссель кол коюлган келишимди кайра карап чыгуу мүмкүн эмес деди. ЕБ, эч кандай тоскоолсуз соода кылуу менен бирге Евробиримдиктен биротоло көз карандысыз болгусу келген, британ саясатчыларынын жетегине киргиси жок.

Жамааттар (мыйзам чыгаруу) палатасынын депутаттары, кандай болсо да өнөктөштүктү сактап калгысы келген ЕБ, жаңы макулдашууга барат деп катуу жаңылды. Брюссель мейли деген сайын британ парламенти дасторкондон жалаң таттууларды терип жеген бөбөк сымал талтактап кирди.

Бул абалды көргөн француз ультра-улутчулдарынын башчысы Марин Ле Пен Лондондун “ажырашуусун болушунча оор кылгысы” келип жатат деп, ЕБдин жетекчилигин айыптап чыкты.

Ле Пен айымды түшүнсө болот. “Брекситке” жеткирген референдумдан кийин ал жана анын башка европалык популист өнөктөштөрү Британиядан соң “Фрексит”, “Грексит” деген ажырашуулар күч алат деп шымаланып калышкан. Ашкере улутчулдар, евробюрократия тушамышынан арылган Британия, европанын башка элдерине өзүмчүл саясат жүргүзүүнүн артыкчылыктарын көрсөтөт деген үмүттө болчу.

Бирок калган европа мамлекеттеринде мындай баш ооруга киргиси келгендер учурда азайып калган сыяктуу. Ырбап келе жаткан “Брексит” жалпы европалык конуш идеясы өлбөс экенин көрсөттү. Ошол эле убакта британ парламентинин алдастоосун көргөн европалыктардын көңүлүндө ЕБден чыгуу идеясы жан берип бара жаткансыйт.

Сергей Строкань, Коммерсант, Орусия