Ислам дүйнөсү

​Кайтпас сапарга жол ачкан жыл

7 февраля 2019 г. 14:03 149

1979-жыл Иран менен Жакынкы Чыгышты кантип өзгөрттү

Ири Жакынкы Чыгыш деп аталган Түндүк Африкадан тартып Афганистанга чейинки аймакты силкип, биротоло өзгөркөн көп даталар бар. Осмон халифаты урагандан кийин региондун талашка түшкөнү жүз жыл өтсө да талкууга алынып, жаңы араздашууларга жол ачып келет. 1948-жыл жана жакынкы чыгыш картасында Израилдин пайда болуусу. Колониалдык доордун аяктап, Кансыз согуштун башталышы. Арабдардын 1967-жылкы алты күндүк согушта жеңилгени. Бирок, дал ушул 1979-жыл, кийин 11-сентябрь менен ИГИЛдин пайда болушуна алып келген кайтпас жолдун чыйырын ачкан. Бул, “исламдын жүгөнү үзүлгөн” жылы Жакынкы Чыгыш батыш баалуулуктары үчүн биротоло жабылган. 1979-жыл Ирандагы ислам ыңкылабынан башталып, советтик куралдуу күчтөрүнүн Афганистанга кирүүсү менен аяктаган.

Уюбай калган дүйнө

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин мүчөсү (1976-1981) Гарри Сик: “Эгер ыңкылап жеңбегенде, биз башкача Жакынкы Чыгышты көрмөкпүз”

Журналдардын бетине чыккан ич кийимчен кыз-келин, университеттер менен көчөдөгү чолок этектер, “Бурда” журналы боюнча бычылган кийимдер, кечкисин бий оюн-зооктору, бөтөлкөдөгү сыра менен чөйчөктөгү шарапты шимирип, бирге отурган кыз-жигит.

Каир менен Бейрут, Багдад менен Тегеран кинокамеранын түссүз кадрларында шуудурап тегеренип жатат. Кечээ жакында чыккан китептер, эң мыкты театр оюндары. Киши жык-жыйма кафелерде, тамекинин калың түтүнү ичинде үн бүтүп калганчакты узаган пикирий талаштар: Чыгыш менен Батыш, диний консерваторлор менен ашкере улутчулдар, өлкөлөрдү кайсыл идеялардын негизинде куруу керек, империялардын кай бөлүгүн копшосо туура болот, кылымдарда илээшип кала берген өздүгүбүздү кайдан табабыз.

XIX кылымда Батыш Чыгышты кайра ачып жатат, Чыгыш болсо Батышты. Биринчи дүң басмаканалар, темир жол, сууларды алыска жеткирген каналдарды куруу. Маданият менен идеялардын жылышуусу. “Ан-Нахда” – араб кайра жаралуусу: Осмондун салттары менен импердик дымагына нааразылык жана өзүнүн иденттүүлүгүн издөө, жана бул эки анжы дүйнөнү жараштыруу аракеттери.

Бирөөлөрү Наполеон жар салган эркиндик менен тең укуктуулукта исламга жакындыкты, “табигий акылардан” шариаттын буйруктарын таап чыгууда. Башкалары дин менен мамлекетти ажыратууну талап кылууда.

Улутчулдук жана панарабизм менен бирге саясий исламдын идеялары көз жарды. 1928-жылы шейх Хасан аль-Банна Египетте “Мусулман агайындардын биримдиги” аттуу диний-саясий уюмун түздү.

Иран да өз жолун акмалап, мечит, байыркы улуулугу жана Батыштын азгырыктары арасында алдастап баштады.

Кинокадрларда, жарнак такталарындагы араб тамгалары менен салттуу кийимдер ар жерде бир көрүнүп калганы болбосо, чыгыш шаарларынын каармандарын Нью-Йорк же Париждеги кишилерден айырмалаш кыйын. Эки жакта тең бирдей эле адамдар кызыл желектер менен митингдерге чыгып, кымбат клубдарда жашоосун түгөтүп жүрөт. Ошол эле өңү өчкөн жынсылар, кыздардын кечки чыптама көйнөктөрү, жумушчулардын орой күрмөлөрү.

Бир-эки кадам капталдап кетсең, жакырчылык жана нажас. Бирок муну камера көрөбү? – Жок. Динамиктерде Умм Кульсум менен Фейруздун үнү, экрандарда Батыш азырынча тааный элек Омар Шариф.

Кимдир бирөө “алтын доор” десе, экинчиси “чирип бара жаткан режимдер” деп түкүрүнөт. Бирок, эртең капаста чириирин билсе да, эч кимиси сүйлөгөндөн, талашып-тартышуудан коркпойт.

Солчулдар менен оңчулдар, монархисттер менен исламчылдар. Бул коом кандай болбосун жаңы идеяларга ачык жана өзгөрүүнү талап кылат.

Төңкөргөн шамал болсо да өзгөрүүнү каалоо

Турмуш жай жана жайдары өткөн Чыгышта да маселе чайканалардын ичинен чыкпай кала бербейт. Идеялардын кармашы кан дайралары, саясий авантюралар жана төңкөрүштөр менен аяктайт.

1920-жылдары Осмон халифатынын урандыларында учурдагы Түркияны түптөгөн Мустафа Кемал Ататүрк исламды коомдук жашоодон толугу менен сүрүп салуу аракетин көргөн. Ал VII кылымдын арабы заманбап кишинин жеке турмушунун ийне-жибине чейин аралашпашы керек деп эсептеген.

Билим берүү реформасы, аялзатынын укугун кеңейтүү, салттуу феска менен түрбандардан баш тартуу. Радиодон жаңырган батыш музыкасы, бойскауттар, футбол – мунун баары түрк турмушунун бөлүгү болуп калды. Бирок коом салттуу бойдон калып, айыл турмушу шаарга көчүп келген. 1950-жылдагы шайлоодо жеңген Демократиялык партия динди коомдук жашоого кайтаруу кадамдарына барды: аны мектепте окутуу кайра улантуу, жаңы диний окуу жайлар менен мечиттер ачылып кирди. Калктын ою менен болгон демократтар бийликти бир колго топтоо аракетинде, оппозиция куугунтукта. Экономикалык абал солгундаганда массалык нааразылыктар от алган. Өлкө жарандык согуштун босогосуна келип калды. 1960-жылы офицерлердин бир тобу жаңы Түркиянын тарыхындагы биринчи жолку (бирок акыркы эмес) аскердик төңкөрүш кылышат.

Өлкөнүн андан кийинки жылдары реформа аракеттери, Европага умтулуу, фашизмге чейин барган светтик улутчулдук менен исламдын ортосунда алдастоо менен өтөт.

1948-жылы Жакынкы Чыгыштын картасында Израиль аттуу жаңы өлкө пайда болот...

(уландысы бар)

Материалды даярдоого Орусиянын мамлекеттик гуманитардык университетинин профессору Григорий Косач, Орусия илимдер академиясынын ага илимий кызматкери Владимир Сажин жана публицист Михаэль Дорфман катышкан

Марианна Беленькая, Коммерсантъ, Орусия