Орусия

​Саудия менен Орусия мунай саясатын бирге жүргүзмөкчү

5 февраля 2019 г. 11:32 187

Сауд Аравиясынын мунай министри Халид Аль-Фалих менен Александр Новак швейцариялык Давосто бири-бирин далыга таптап жылуу учурашты. Орусиянын энергетика министри менен сауд санаалашы глобалдуу мунай базарындагы оюндарды жакшы өздөштүргөн. Европа үчүн маанилүү түндүк-деңиздик “Брент” маркасы жыл башынан бери 18%га көтөрүлүп, 62 АКШ доллары болуп калды. Андан арзаныраак америкалык WTI маркасы 20%га жогорулап, 53 долларды чапчыды.

Бул көбүнчөсүн Аль-Фалак менен Новактын иши. Тактасак, алар мунайды эң көп экспорттогон эки өлкөнүн өкүлү катары, январдан баштап мунайын тарта чыгарып, Мунай экспорттогон өлкөлөр уюмуна (OPEC) кирген мамлекеттерге үлгү боло алышты.

Анысы менен өткөн жылдын акыркы чейрегинде баанын 40%га төмөндөп барганын токтотуп, мунайдын кымбаттоосун шартташты. Мунусу менен өлөсөлдү OPEC’ти кайра жандантышты.

“OPEC’те абал мындай: ал мунайдын баасы түшүп кеткенде иштей баштайт, - дейт бул уюмдун өзгөчөлүгү жөнүндө “Коммерцбанктын” чийки зат ресурстарын анализдөө бөлүмүнүн башчысы Ойген Вайнберг. – Эгер баа 50 доллардан ылдый түшүп кетсе, уюмдун мүчөлөрү ийге келип, мунай чыгарууну азайтат. Баа 80 доллардан жогоруга кетсе, чекесинен ээн баштык кылып кириишет”.

Саудия менен Ирандын тиреши

1960-жылы ишти тескеп, бааларды турукташтыруу үчүн түзүлгөн уюмдун тагдыры ушундай окшойт. Дүйнө мунайынын 40%ын чыгарган жана чалгындалган кендердин үчтөн-экисине ээлик кылган өлкөлөрдүн картели буга чейин өнөктөштүк түрүн көрсөтүп келген.

Бирок 14 өлкөдөн турган уюмга саясий жана диний араздашуу абалындагы мамлекеттер да кирип калган. OPEC’тин эки өлкөсү – Сауд Аравиясы менен Иран элдешкис душман сыяктуу.

Ички араздашууга баш-оту менен кирип кеткен мүчөлөр, сыртта абал толугу менен өзгөргөнүн байкабай калышкан. Күн жана шамал энергетикасы өнүккөнү аз келгенсип, айрыкча АКШнын сланц мунайын жаңы ыкма менен өндүрүүсү катуу сокку урган.

Ал салттык мунай өндүрүүгө барган сайын чыныгы атаандаш боло баштады. Натыйжада дүйнө базарына мунай толуп кетти. 2014-жылдан бери Сауд Аравиясы мунайды көп чыгаруу менен АКШдагы өндүрүштү секелек кезинде муунтуп салууга аракет кылды. Бирок бул саясат баанын узак мөөнөткө төмөндөөсүн шарттап, акыры OPEC’тин шайы ооп калды. Ал жакында өлчүдөй көрүнүп калган.

Бирок дал ушул учурда сырттан жардам келди. Буга чейин OPEC’тен оолак турган Орусия ишке кийлигишүү керек экенин дароо сезди. 2016-жылы бою Москва Саудия жана OPEC’тин башка өлкөлөрү жана ага кирбеген тогуз мамлекет менен сүйлөштү. Бул иште ийгиликке жетти. Ошентип 2016-жылдын этегинде мунай чыгаруу азайып, баалар турукташты. Жаңы альянс OPEC+ атакты.

Орустар менен сауддар кызматташууга мажбур

“Орусия бул ишке ортомчулук кылганын так айтуу кыйын. Бирок өтө өзгөчө роль ойногонун эч ким тана албайт”, - дейт чийки ресурстар боюнча эксперт Вайнберг. OPEC’тин, эми OPEC+’тун ишин Орусия гана аныктабайт. Баары Саудия менен Москванын тез-тез катышуусуна байланыштуу деген ойдо Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун мүдүрү Константин Симонов.

Бул байланышты кармап калуу оңойго турбайт. Эки мамлекет эч качан дос болуп көргөн эмес. АКШнын өнөктөшү катары Эр-Рияд Советтер Союзунун Жакынкы Чыгыштагы аракетине тыкыр көз салып, 80-жылдары мунайдын баасын уратуу аркылуу СССРдин экономикалык кыйроосун шарттаган. Жакында орустар менен сауддар Сирияда кыл чайнашкан.

Бирок учурда экономикалык көйгөйлөрүнөн улам кызматташууга мажбур. Ошондуктан катнаш барган сайын артууда. Бир жыл мурун падыша Салман ибн Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Сауд Саудиянын тарыхында биринчи жолу Кремлге келип, Владимир Путин менен жолуккан. 2018-жылдын октябрында суюлтулган газ чыгарган орусиялык долборго 5 млрд доллар чегерээри айтылган. Жакында Аль-Фалих Орусиянын мунай химиясына да инвестиция кылышаарын билдирди.

АКШ орустар менен сауддарды такымдап келет

АКШ менен стратегиялык өнөктөш болгондуктан Эр-Рияд биротоло өзүнчө оюн куруп кете албайт. Бирок ачылган мүмкүнчүлүктү Орусия менен Саудия болушунча колдонмокчу.

Симоновдун айтымында, Москва менен Эр-Рияддын жакындоосу Иран менен Катарды эмитен эле дүрбөттү. Орус эксперти OPEC+’ту сактап калып, экономикалык согуштарды алдын алуу көздөлсө, аны саясий пайдубалга олтургузуу керек деген ойдо.

Америка орустар менен сауддарды такымдап келе жатканы белгилүү. Акыркы айда АКШда мунай өндүрүү 11,9 миллион баррелге жетти. “OPEC менен OPEC+ мунай баасын бир канча убакыт башкара алат, - дейт Константин Симонов. – Бирок мунай чыгарган башка өлкөлөр өндүрүүнү арттырган сайын алар аны азайтуусу керек болот. Келечек мына ушундай”.

Эдуард Штайнер, Die Welt, Германия

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде