Ислам дүйнөсү

Сауд бийлиги паракорлорунан 15 айда 107 млрд доллар өндүрдү

1 февраля 2019 г. 8:54 792

Өлкөнүн бюджетине жоготулган суммадан 7 млрд доллар ашык кайтарылды

Сауд бийлиги ысрапкорчулук менен арам кекиртектин айынан жоготкон ондогон миллиард долларды бюджетине кайтарып алууну көздөгөн антикоррупциялык кампаниясын жыйынтыктады. Бийлиги жоготууларды 100 млрд деп баалаган, компания аяктаганда 107 млрд доллар кайтарылган. Кампания учурунда 87 киши бийликтин дооматын ишин сотко жеткирбестен “жайгаруу” жолун тандаган.

Сауд Аравиясынын бийлиги паракорлукту тергеген атайын комиссиясынын ишинин натыйжасын шаршембиде расмий жарыялады. Кампания учурунда бюджетке жалпысынан 400 млрд риал ($106,6 млрд) акчалай, баалуу кагаз, кыймылсыз мүлк жана башка активдер менен кайтарылган. Бир жыл мурун өлкөнүн генералдык прокуратурасы баяндамасында ушундай сумаа тууралуу сөз кылган. Эми бийлик 15 айга созулган кампания аяктаганын билдирди.

Генералдык прокуратуранын баамдоосунда, акыркы он жылдар ичинде өлкө “системага айланган арам кекиртектик менен ысырапкорлуктун” айынан эң бери дегенде 100 млрд доллар жоготкон. Ошентип бийлик жоготулган акчаны ашыгы менен жыйнап алды. Өлкөнүн падышасы Сальман аль-Сауд уулу жана мураскер ханзаада Мухаммад бен Сальман жетектеген антикоррупциялык комитеттин ишинин натыйжасын алкыштаганы айтылат.

- антикоорупциялык кампания учурунда, кээ бириси күбө катары териштирилген, 381 киши сурак берген.

- 87 киши айыптоолорду моюндап, бийлик менен “дооматтарды жаайгаруу келишимине” барган.

- ошол эле убакта, кылмыш иши ачылганынан улам, генералдык прокуратура 56 киши менен жогорудагыдай келишим түзүүдөн баш тарткан.

Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы төмөндөп, королдуктун кирешеси кескин кыскаргандан улам, бийлик бул антикоррупциялык тергөөнү баштаган. 2017-жылдын этегинде Сауд Аравиясынын Каржы министрлиги 53 млрд долларлык бюджет таңкыстыгын божомолдогон.

Тергөө учурунда кармалгандардын бири, чет өлкөлүк активдерге көп инвестиция чегерген, учурдагы королдун күчтүү жана таасирлүү жээни аль-Валид бин Таляль болчу. Антикоррупциялык кампаниянын алкагында 11 ханзаада, 4 министр жана ондогон экс-министрлер кармалган.

Евгений Хвостик, Коммерсантъ, Орусия