Орусия

​Орустун жаңы тартиби – 2: Путин ажолуктан башкача кетет

29 января 2019 г. 16:53 1831

Митингден кармалып, орус полиси сүйрөп бара жаткан оппозициячыл активисттердин урааны көп жылдан бери өзгөрбөйт – “Путинсиз Орусия!”

(Уланды. Башы бул шилтемеде)

Путиндин бийлигин улантуу маселеси коомдук талкууга чейин чыгып кеткендей. Жаңы жылдын алдында Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин 1995-жылы кабыл алынган Конституцияны, 2024-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган Путиндин кандайдыр бир жол менен бийлик башында калгандай кылып өзгөртүү идеясын ачык айтты.

Эксперттер учурда, президенттиктен кеткен Путиндин, эки тизгин бир чылбырды колунда кармап калуусунун үч жолун талкуулап жатышат.

Алардын бири боюнча бириккен Орусия менен Белорусия мамлекетинин башына келүү каралууда. Бул байыркы идея, анын теориялык базасы да небак түзүлгөн. Бирок ишке ашырылуусу бир нече сасий тоскоолго учурайт.

Бул идея Путин гана эмес, белорус ажосу Лукашенконун да саясий тагдырын узартып, эки өлкөдө тең колдоо табышы мүмкүн.

“Элдер жаңы мамлекет жөнүндө маселени, албетте, сүйлөшүп жатышат, - дейт Путиндин мурунку кеңешчиси Сергей Марков. – Бирок аны ишке ашыруу оор экен, ал кандай болоору али белгисиз”.

Экинчи ыкма боюнча, учурда формалдуу бийликке ээ болбогон, бирок өлкө саясатынын эң олуттуу маселелерин талкуулаган Мамлекеттик кеңештин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралууда. Бул Кеңештин бийлигин кеңейтүү үчүн Конституцияны өзгөртүү идеясы да бар. Ал совет доорундагы Саясий бюрого окшоп, Путин анын төрагасы болушу мүмкүн.

“Бул үчүн Конституцияны кандай өзгөртүү керектиги азырынча белгисиз, маселе бир-эки өңдоо менен чечилиши мүмкүн, - дейт Москванын жогорку экономикалык мектебинин профессору Николай Петров. – Эң негизгиси, Путин куралдуу күчтөрү менен коопсуздук кызматын көзөмөлдөп калуусу шарт. Биз мындай жагдайды 2008-2012-жылдары Путин премьерликке кетип, Дмитрий Медведев президент болгон мөөнөттө көргөнбүз”.

Үчүнчү жол Союз урагандан бери көрүлө элек нерсе. Ал боюнча Орусия парламенттик мамлекетке айланып, Путин формалдуу болуп калган учурдагы макамында кала берет. Көбү бийлик бир жерде топтолбостон башка макамдарга таркатылган ушундай системаны кең жана түрдүү Орусия үчүн туура көрүүдө. Мындай бийлик Ельцин 1993-жылы Парламентти талкалап, саясий күчтү Кремлге топтогон кезден бери өлкөдө орной элек. Бул вариантты Орусиянын коммунисттик партиясы баш болгон саясий күчтөр колдошот. Бирок мындай система учурдагы саясий түзүмдөн пайда болуусу оор дейт серепчилер.

“Демократиялык институттар бош жерден пайда боло калат деп күтпөш керек. – дейт Петров мырза. – Учурда бардык саясий институттар алсырап, президенттики күчөп барат. Путин саясий бийликти калыптайп жана ага эч ким каяша сүйлөй албайт”.

Убакыт кыстап келет...

Петров менен бир нече серепчи, тиешелүү бийлик түзүмү Путин 2024-жылы президенттиктен кеткенге чейин эле иштеп баштоосу зарыл, деген ойдо. Марков да кирген башка эксперттер, түрдүү варианттын арасынан тандоо, Батыш менен Орусиянын ортосу жакшырып кетээр деген үмүттө болушунча кечеңдейт деген пикирде.

“Орусия согуш абалында, Путин болсо такшалган чыныгы лидер. Мындай абалдан толук чыгып кеткенге чейин ал бизге зарыл”, - дейт Марков.

Крыштановская айым Кремлдеги креслолор ары-бери жылганы менен Путин негизги макамда кала бермекчи деп эсептейт.

“Эгер Путин Мамлекеттик кеңешти жетектесе, бийлик ошол түзүмгө оойт, - дейт Крыштановская. – Мында бийликти Мамлекеттик кеңеш жана президент же парламент, же башка орган менен бөлүшүү тууралуу сөз кылынбайт. Путиндин ээлеген макамы гана маанилүү”.

Фред Вир, The Christian Science Monitor, АКШ

Макаланын түп нускасы бул шилтемеде