Орусия

Орустун жаңы тартиби: Путин ажолуктан башкача кетет

26 января 2019 г. 15:38 935

Митингден кармалып, орус полиси сүйрөп бара жаткан оппозициячыл активисттердин урааны көп жалдан бери өзгөрбөйт – “Путинсиз Орусия!”.

Учурда Путиндин төртүнчү жана, балким, акыркы алты жылдык президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы өтүп жатат. Путин жок келечек күндемге чыга элек болсо да, ал убакыт жакындап келет. Бул маселе буркан-шаркан түшкөн көчөдө эмес, Кремлдин тынч бөлмөлөрүндө чечилмекчи.

Путин бийликтен формалдуу кетсе да, ага маанилүү маселелер боюнча акыркы чечим кабыл алчу статус караштырылып жатканы шексиз. Мындай жагдай орусиялык элитанын арасында кызуу талкууларга жем таштады. Алардын натыйжасында орусиялык конституциялык система өзгөрүшү жана “Путиндин доорунан” кийин кандай өлкө пайда болоору аныкталышы мүмкүн.

“Авторитардык системанын баарында бийликти тапшыруу убагы өтө кооптуу, - дейт орусиялык элитаны изилдөө боюнча башкы адис, “Лабаратория Крыштановской” социологиялык борборунун жетекчиси Ольга Крыштановская. - Өлкөнү узак мөөнөт башкарган лидер бийлик түзүмүнөн кеткенде, Орусияда бүлгүн башталат. Ал башаламандык менен элиталардын кагылышуусуна жол ачуусу мүмкүн. Путин мындай коркунучту билгендиктен, жаңы президентти колдоо аркылуу туруктуулукту сактап, тынчыраак кетүүнүн жолдорун караштырат болуш керек”.

Путинге муктаж система

Жыйырма жылдан бери Путин Орусиянын алмаштыргыс лидери болуп келет. Ал башаламандыкка баткан өлкөнү мурастап, аны тартипке салып, экономиканы жандантып, эл аралык сахнадагы олуттуу оордун кайтарып берди.

Орусиялыктардын басымдуу көбү үчүн Путиндин доору жалпысынан жакшы болду. Ал мындай натыйжага, жогорудагы жалгыз жана талашсыз лидер төмөн жакка буйрук берип турган, салттуу орусиялык борборлоштурулган бюрократиялык аппаратты кайра жандантуу аркылуу жетти.

Учурда орусиялыктар, өлкө тарыхынын бардык дооруна салыштырмалуу, жогору турмуш стандартына, жеке эркиндикке жана улуттук ар-намыска ээ. Акыркы беш жылдыкта мунайдын баасы түшүп, өлкөгө катуу санкциялар киргизилсе да Орусия, батыштагы сынчыларын алдастаткан, коомдук-саясий жана экономикалык туруктуулугунан жазбай келет.

Бирок Путиндин доорунда орусиялыктар эркин демократиялык саясий жараян аркылуу өлкөсүнүн тагдырын көзөмөлдөө укугуна жеткен жок. Анткени менен көпчүлүк, чектүү болсо да туруктуулук, жеке эркиндик жана бакыбаттуулук берген, бирок өкмөттүн саясатына олуттуу таасир берүүнү шарттабаган учурдагы абалга ыраазы. Пенсиялык куракты түшүргөн чечим Путиндин көк тиреген рейтингин төмөндөтсө да, калктын үчтөн-экиси аны колдойт.

Улакты кимге оодарыш керек?

Орусиянын саясий, бизнес жана бюрократиялык элитасынын көбү учурдагы даражасына Путиндин доорунда жеткен. Путин капыстан кетип калса, алар көп нерседен кол жуушат, себеби орусиялык системада бийлик менен байлык тыгыз байланышта.

Бийликтин 20 жыл мурун Борис Ельцинден Путинге кантип өткөнү эч кимдин эсинен чыга элек, ал, орусиялык өтмүштү эске алганда, аябай тынч тапшырылган. Бирок элита баары-бир бир сыйра эленген. Ельциндин доорундагы жакшылардын көбү өлкөдөн жерилип, алардын байлыктары улутташтырылган. Калганы Путинге ант берүүгө мажбур калган.

Бюрократияга советтик КГБдан келген Путин, коопсуздук кызматынан колдоо таап, бийликтин тынч өтүүсүн камсыздай алган. Андан берки 20 жылда Путин өз администрациясынан да мураскер чыгарган жок жана, андан сырткары бир чөйрөдө мураскер чыккандай, саясий атаадаштыкка да жол бербей келет. Кээ бир серепчилер айткандай, улакты оодарып берчү Путини жоктугу – Путиндин негизги көйгөйү.

“Бизде Путинден көз-карандысыз жашап кете алчу элита калбай калды, - дейт учурда Кремлдин сынчысына айланган Путиндин мурунку кеңешчиси Глеб Павловский. – Бул режимге жакын кишинин баары ага толугу менен байланып калган. Ал жиптен бошоноору менен соодасы биротоло бүтөт. Эгер Путин кетсе, аларга эч кандай кепилдик берилбейт, ошондуктан алар мындай абалдан чочуп турат”.

Орусиялыктын көпчүлгү мындай жагдайда эмне кылат деген суроого так жооп жок. Ошондуктан көз-карандысыз “Левада-центр” коомдук пикирди изилдөө агенттиги бул суроону анкетасына койгон.

“Элдин көпчүлүгү муну тынч эле кабыл алаары билинди. Аларды Путиндин калганы же кеткени тынчсыздандырбайт, - дейт “Левада-центрдин” илимий кызматкери Денис Волков. – Эң жакыр кишилер менен либералдардан турган майда топтор гана анын кетишин каалашат. Бирок биз бир тенденцияны байкадык: калк барган сайын Путинден чарчай баштады. Бул жагдай жакынкы беш жылда эмнеге алып бараарын болжош кыйын”.

Үч вариант...

(уландысы бар)

Фред Вир, The Christian Science Monitor, АКШ

Макаланын түп нускасы бул шилтемеде