Кытай/Индия

Индия жалама зоокалар арасында керилген аркандан мына кулап кетчүдөй көрүнөт

24 января 2019 г. 13:35 730

Индия орусиялык курал сатып алганына карабай америкалык санкцияларга учураган жок. Өлкөнүн тышкы саясаты дайыма ар тармактуу болчу, бирок учурда эки анжы абалда турат. Дели, же Москва жана Пекин менен көп тармактуулукту жактаарын, же АКШ, Жапония жана Австралия үчилтиги менен бирге Кытайды ооздуктарын билбей турат. Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, учурда индиялык парламенттин тышкы саясат боюнча комитетинин төрагасы Шаши Тарур өлкөсүнүн дүйнөлүк дөөлөттөр арасында тең салмактуулук кармап калуу аракети жөнүндө кеп салган.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчөлүгү тууралуу

Мен мунун туура же ката болгонун айта албайм. Дагы бир саммитке катыша баштаганыбыздан башка эч нерсе байкаган жокмун. Бул форум, бизге көзүнүн төбөсү менен караган мүчөлөрү тарабынан өз геосаясий максаттары үчүн колдонулат, деген чочуу бар. Индияда ШКУга кирүү керекпи же жокпу деген кеңири дебаттар өткөн.

Мен оппозициядамын. Балким бийликтин башкача көз карашы бар. Парламенттин эл аралык кызматташуу комитетин башкарган киши катары ШКУнун ишинин практикалык натыйжасын көрө элекмин. Өлкөнү 2004-2014-жылдары жетектеген биздин өкмөт, байкоочу статусун жетиштүү көргөнбүз. Индия ШКУга киргенден бери кытайлар Түштүк-Азиялык регионалдык кызматташуу ассоциациясына кирүүнү талап кыла алат. Бул биз үчүн кооптуу.

Пакистанга келсек, биз эгиз өлкөлөрбүз. ШКУсуз эле бир тилде сүйлөп, бири-бирибизди жакшы түшүнүп келебиз. Маселе бар болсо, ал эки тараптын биринин айынан жаралат. Ансыз деле, Индиянын эки тараптын маселесин көп тараптуу талкууга койбоо принциби да буга каршы келет.

Орусиядан курал сатып алуу жөнүндө

Индия жалама зоокалар арасында керилген аркан менен басып, мына-мына кулап кетчүдөй көрүнөт. Биз чын эле орусия, америка жана европалыктар менен дос болуп, бирок эч бирине өзгөчө жакындагыбыз келбейт. Башка бирине жакшы көрүнөм дебестен, өзүбүзгө тиешелүү чечимди өзүбүз кабыл алгыбыз келет. Албетте, ар бир мамлекет өзгөчө мамиле курууну жактырат. Мындан улам кээде чыңалуу пайда болот.

Индия Израиль, АКШ, Европа мамлекеттеринен да курал алат. Биз француздардын Rafale тез учагын (истребитель – Саресеп) куралдуу күчтөрүбүздүн негизги тез учагы кылгыбыз келген. Буга жооп катары Орусия Кашмир аймагында Пакистан менен бирге “антитеррордук машыгуу” өткөрдү. Бул ишаратты туура кабылдап, орусиялык куралга да басым кылдык. Биз өнөктөштөрдү туура түшүнөбүз. АКШ буга нааразы болгонсуду. Алардан да курал алаарыбызды билдирип, талкуу баштадык. Натыйжада 126 Rafale’нин ордуна 36сын гана алмай болдук. Алардын ордуна америкалык учактар алынмакчы. Бирок учурдагы АКШнын соодага жакын бийлигиндей эле, биз дагы - америкалыктар менин өлкөм менен шайлоочуларым үчүн эмне кылып берди - деген суроону бергенди үйрөнүүбүз керек.

Кытайга каршы биригүү жөнүндө

Кытайдын күчтөнүүсүнөн чочулаган АКШ, Жапония, Австралия жана Индиянын “төртилтиктүү диалогунун” статусун да эч бир индиялык саясатчы түшүнбөй келет. Дели бул үч өлкө менен мамилесин бекемдегиси келгени, айтпаса да белгилүү. Ошол эле убакта Орусия менен Кытайдын кыжырына тийбеш үчүн төртилтиктин билдирүүсүн оңдоп-түзөп бүтө албай жатабыз. Учурда төрт башка билдирүү гана бар. Өкмөтүбүз анти-кытайлык альянска кирсе, анын принциптерин бекем кармануусу керек. Эгер Кытай менен Орусияга ишенсең, төртилтик жөнүндө унутуш керек.

Кытайга жакын делген, азыркы премьер-министрибиз Нарендра Моди 2014-жылдын сентябрында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди кучак жайып тосуп алган учурда, алардын армиясы индиялык Ладакхка кирип келген. Си Цзинпиндин эмнеге мындай кылганы белгисиз. Өзүнүн эркектигин, крутойлугун, эч нерседен коркпогондугун көрсөткүсү келген сыяктуу. Кытайлар өздөрүнүн чеги деп эсептеген жерине чатыр орнотушкан. Чоң дипломатиялык скандал башталган.

Ал зыяратка келээрде 100 млрд долларлык келишимди сөз кылышып, 30 миллиардга кол коюп, 3 миллиардга аткарышкан.

2017-жылы Доклам платосуна жол салабыз деп кыжырга тийишкен. Ал эч ким жашабаган өрөөнгө жол салуунун бир эле максаты бар – куралдуу күчтөрдү тез жеткирип, Индиянын сегиз штатын негизги аймагынан бөлүү. Куралдуу айбат көрсөтүүдөн кийин жол маселеси күндемден алынган, бирок эртели-кеч кайра жанданып кетиши мүмкүн.

Михаил Коростиков, Коммерсантъ, Орусия

Маек кыскартылган, толук нускасы бул шилтемеде