Батыш

Дүйнөнүн экономикалык элитасы келечектен чочуп турат

23 января 2019 г. 20:44 213

Дүйнө экономикасынын капитандары келечектен үмүтсүз. Алардын коркууларынын тизмеги саясатчыларга айтылган сынга окшоп кетет. Бул көпөстөрдүн маанайына миллиарддык инвестициялар көз каранды экени чочутат.

2019-жылкы өсүүнү азайтып божомолдоо банкирлердин, аналитикалык борборлор менен изилдөө институттарынын жакшы адаты катары карала баштады. Кээ бир көз ачыктык кылгандардын божомолдоруна кол шилтеп койсо болот, бирок илимий изилдөөлөр да олуттуу көйгөйлөр бар экенин далилдеп турат.

Дүйнө боюнча топ-менеджерлердин маанайы суз. Экономикалык элитанын үчтөн бири гана кийинки үч жылда бизнеси өсөт деген үмүттө. Былтыр компания жетекчилигинин 45%ы келечекке үмүттүү болчу.

Бул сандар Global CEO Survey тизмесине кирген эң ири компаниянын 1 978 жетекчисин PwC аудит-консалтинг компаниясы сураштырганда белгилүү болгон. “Компаниялардын жетекчилери буга чейинки сурамжылоолорго салыштырганда келечектен үмүтсүз”, - деп жазышкан изилдөөнүн авторлору.

Жыйырма жылдан бери Давостогу форумдун алдында жарыяланып келген бул изилдөө экономикалык элитанын маанайын баамдап, келечектеги өсүү менен бакубаттулукту өлчөйт. Эгер компаниялардын жетекчилеринин маанайы чөгүп, кооптуулугу артса, алар инвестицияларын азайтышат. Келечекке үмүттү болушса, жабдык алып, изилдөөлөргө акча чегерип, жумуш орундарын түзүшөт.

Глобалдык экономикага ишенимдери артса, дүйнө боюнча инвестиция чегерип, глобалдык өндүрүш чынжырларын чубап, дүйнөнү бириктиришет. Саясатчылар өзүмчүлдүккө алдырып, тосот коюп кирсе, өндүрүштү өз мекенинен алыстатпай түптөшөт. Миллиарддарды иштетүү же жаздыктын алдына катуу компаниялардын жетекчилеринин маанайына байланыштуу.

Ашкере башкаруу менен саясий туруксуздуктан чочуу

Айрыкча белгилүү америкалык компаниялардын башчыларынын үмүтсүздүгү коркунучтуу. Алардын үчтөн бири гана жакынкы үч жылда өсүүнү божомолдоп турат. Өткөн жылы жарымы үмүттүү болчу. Алар үчүн алыскы келечек жакынкыдан да коркунучтуу экени изилдөөдө билинген. Америкалык компаниялардын жетекчисинин 40% гана быйыл өсүүнү бажомолдоп, кийинки жылдарга карата үмүтсүз.

Мунун да кесепети бар, анткени PwC’нын изилдөөсү келечектин багытын баамдайт. “Дүйнөлүк ишканалардын лидерлеринин маанайы дүйнө экономикасы үчүн эң жакшы баштапкы индикатор”, - дейт изидөөчүлөр. Чын эле экономиканын лидерлери 2009-жылкы кризис менен кийинки V шекилиндеги өсүүнү алдын ала божомолдогон.

Мындай байланыш илимге да шайкеш келет. Белгилүү британ экономисти Жон Мейнард Кейнс инвестициялык чечим чыгарган кишилердин “айбандык инстинкттери” экономиканын өйдө-төмөн болуусуна таасир этет деген. Немис экономикалык кереметинин автору Людвиг Эрхард да экономикалык ийгиликтин жарымы психологияга байланыштуу экенин билген.

Экономика лидерлеринин коркуулары саясатчыларга коюлган кине сыяктуу. Эң жогорку коркунучтарга – ашкере тескөө менен саясий туруксуздук кирген. Кесипкөй адистердин тартыштыгы, соода араздашуулары, геосаясий туруксуздук жана протекционизмге да саясатчылар күнөөлүү деп табылган. Компаниянын жетекчилери санариптик кооптуулук менен технологиялык жаңылыктардан коркууга гана өздөрүн жооптуу дешкен.

Жасалма интеллектке байланыштуу маселелер

Дүйнө компанияларынын башчылары жасалма интеллект дүйнөнү интернеттен да терең өзгөртөт деген ойдо. Мындай интеллект кишинин акылын басып өтөөрүнө 45% жетекчи ишенет.

Жасалма интеллектке акча чегерүү ниети да барган сайын артууда. PwC’нын баамында, 2030-жылга чейин бул тармакка 15,7 триллион доллар тартылат. Бул сумманы кимдер алаары азыртан аныктала баштады. Мында АКШ менен Кытай бетме-бет келип, Европа чекеге чыкчуудай болуп турат.

Экономикалык лидерлер такшалгысы келген өлкөлөрдүн алдына да бул эки мамлекет чыккан. Германияда 13%, Британияда 8% жетекчи тажрыйба топтогусу келет. Индия бул эки өлкөнүн ортосуна жайгашып, британдардан озуп өткөн. Компания башчыларынын 15%ы кайсыл өлкөдө бизнесин түптөөрүн али чече элек.

Кытай менен АКШнын тиреши кытай инвесторлорун качырган. Былтыр алардын 59%ы Кошмо Штаттарында бизнес ачам десе, быйыл бул көрсөткүч 17%га чейин төмөндөгөн. Кытай көпөстөрү Германиядан да чочулап, ишканаларын Австралия, Франция менен Канадага жайгаштыраарын айтышкан.

Хольгер Цшэпитц, Die Welt, Германия

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде