Борбор Азия

Берлин Мирзиёевдин реформаларынан эки анжы абалда

22 января 2019 г. 12:58 350

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германияга келди. Анын реформалары немис көпөстөрүнүн бүйүрүн кызытты, бирок укук коргоочуларын терең ойго салды

Өлкөсүн чейрек кылым башкарып, 2016-жылы дүйнө салган Ислам Каримовдон кийин мамлекет башчы катары шайланган Шавкат Мирзиёев Германияга расмий сапары менен келди.

Эртең менен 21-январда аны Германия федеративдүү республикасынын (ГФР) президенти Франк-Вальтер Штайнмайер аскерлер менен салтанатуу тосуп алып, кечке жуук бундесфердин спикери Вольфганг Шойбле кабыл алды. Эки жолугушуунун ортосундагы салтанаттуу түшкү тамактын алкагында өзбек ажосу ГФРдин канцлери Ангела Меркель менен сүйлөштү. Тамакка кирээрдин алдында алар журналисттерге билдирүү кылышты.

Сылыктыкта жарышуу

Ангела Меркель коногуна кубанып жатканын билдирди. “Бардыгы сенектикке учураган көп жылдардан кийин, президенттин аракети менен көп нерсе кыймылга келди”, - деди ал сылык-сыпаа.

Мирзиёев баштаткан саясий реформаларды канцлер айым кеңири деп атап, адам укуктарын сактоо жана коңшу мамлекеттер менен мамиледеги прогрессти белгилей кетти. Мындан нары да ушундай кете берсе деп тиледи. “Биз мунун оңой-олтоң жараян эмес экенин билебиз, - деп кошумчалады ал, - ошондуктан Германия буга жакшы өнөктөш болуп бермекчи”.

Шавкат Мирзиёев болсо Германияны “Өзбекстандын узак мөөнөттүк жана ишеничтүү өнөктөшү” деп, аны менен мамилени “жаңы сапаттагы деңгээлге” чыгараарын айтты. Буга Өзбекстанда жүрүп жаткан, “биздин кызматташууну тереңдетүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, аркага кеткис” реформалар шарт түзмөкчү деди президент.

Немис көпөстөрү маашырканып турат

Немис бизнеси да Өзбекстандагы реформаларды жакшылыкка жоруп турган кези. Мурунку президент өлкөсүн борбор-азиялык Түндүк Корейге айланткан дешет Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш өлкөлөрүнүн базарларында иштеп, Германия фирмаларынын кызыкчылыгын көздөгөн, немис экономикасынын Чыгыш комитетинин өкүлөрү. Каримовдун мураскеринин реформалары немис көпөстөрүнүн Борбор Азиядагы эң кеңири керектөөчү базарын өздөштүрүү боюнча үмүтүн жандантты.

“Немис бизнеси үчүн Өзбекстандын экономикасы буга чейин “кара куту” болуп келген, - деди Чыгыш комитетинин төрагасы Клаус Мангольд. – Акыркы эки жылдан бери Германиянын ишкерлеринин кызыгын арттырган негизги өзгөрүүлөр болду”.

Натыйжада, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 16 пайызга көтөрүлдү. Албетте, Чыгыш комитети караган башка өлкөлөргө салыштырганда, 700 млн евролук алмашуу аз көрүнөт. Бул цифраны Меркель менен жолукканда Мирзиёев келтирген. Бирок жакында өткөн өзбек-немис экономикалык форумда 8 млрд евродон ашкан долбоорлорду иштетүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

Ташкенттин эки анжы абалы

Немис укук коргоочулары бизнес-коомчулуктай үмүттүү эмес. Ооба, позитивдүү өзгөрүүлөрдү алар да айтып келишет.

Мисалы, немис “Чек тааныбаган репортёрлору” бир нече белгилүү оппозициялык журналисттердин бошотулганын, ЖМКлардын сөз эркиндиги жогорулаганын белгилешет. 2017-жылдын октябрында, бул укук коргоо уюмунун өкүлдөрүн, көп жылдан бери биринчи жолу, Өзбекстанга киргизишкен. 2018-жылдын майында “Америка добушунун” корреспонденти биринчи ирет аккредитация алган.

Бирок башка батыш медиа-компаниялардыкы менен бирге “Америка добушунун” сайты өлкөдө дагы эле жабык бойдон турат. Европа мамлекеттеринин операторлоруна тартууга такыр уруксат берилбейт, же чектелүү гана берилет. Ошондуктан “Чек тааныбаган репортёрлордун” немис филиалынын мүдүрү Кристиан Мир Ташкент эки анжы абалда дейт.

Каримовдун мурасы

“Өзбекстан немис туристтерине визасыз кирүүгө уруксат бергени менен, сын айтам деген журналисттерден качканы абсурд эмеспи?”, - дейт Мир.

Анын айтымында, президенттин үй-бүлөсү, Өзбекстандагы атайын кызматтар, паракорлук, диний көйгөйлөр сыяктуу темалар өзбек журналисттери үчүн кооптуу.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Өзбекстандагы 13 саясий туткундун тизмесин чыгарды, алардын экөөнө Мирзиёевдин учурунда айып тагылган. Бирок бул бери жагы эле сыяктанат. HRW’тын эксперттери өзбек капастарында диний экстремизм жалаасы менен 2000ден 5000ге чейин киши отурат деп эсептешет.

“Өзүбүздү алдай бербейли, - дейт Кристиан Мир, - Өзбекстандагы өзгөрүүлөр жогору жактын буйругу менен жүрүп жатат, ошондуктан алар туруктуу эмес”. Жаңы президент 13 жыл премьер-министр кызматын кылган мурунку ажонун мурасынан биротоло баш тартууга даяр эместей.

Жакында Өзбекстанда болгон Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинин кабарчысы Каримовдун зулумдугун ашкерелөө байкалбайт деген ойдо. Биринчи президенттин ысмы Ташкенттин аэропоту менен шаарлардын көчөлөрүндө коюлган бойдон турат. Жаназасы туулуп-өскөн Самарканддагы мазарда жатат. Мурунку президенттик сарай Каримовдун музейине айланган.

Deutsche Welle, Борбор Азия