Батыш

​Project Syndicate (АКШ): Американын үчүнчү жүзү. Трамп АКШнын улуу максаттарына кош айтты

21 января 2019 г. 13:08 167

Маал-маалы менен тигил же бул америкалык саясий лидер Каирге барып сөз сүйлөйт. Анда тынчыбаган Жакынкы Чыгыштагы Американын саясий максаттарын жар салат. Мисалы 2005-жылы июнда ал кездеги мамкатчы (тышкы иштер министри – Саресеп) Кондолиза Райс ары-бери жалтактабай туруп, аймактын күндемине эркиндик менен демократияны киргизген.

“60 жылдан бери Кошмо Штаттары демократия аркылуу бул аймакка туруктуулук алып келүүгө умтулду... жана биз экөөнө тең жеткен жокпуз. Эми башкача өңүттө аракет кылабыз. Биз жергиликтүү калктардын демократиялык мүдөөсүн колдойбуз”, - деген Райс. АКШ демократияны таңуулап жатат дегендерге: “Чынында мунун тескериси болуп жатат. Демократия эч качан таңууланбайт. Зулумдук таңууланат”, - деп жооп берген.

Региондун кээ бир лидерлери буз сөздөн кийин өздөрүн ыңгайсыз сезе баштаганы айтпаса да түшүнүктүү. Айрыкча анын АКШ Иракка басып киргенден эки жыл өтүп-өтпөй айтылганын эстен чыгарбоо керек. Райс сөзүн, региондун чабалдыгы жана узун мөөнөттүк реформаларга муктаж экенидиги жазылган, “Араб өлкөлөрүндөгү адамдык өнүгүү” аттуу 2002-жылкы баяндамадагы идеяларга таянып сүйлөгөн.

Төрт жылдан кийин жаңы эле президент болгон Барак Обама Каирге келген. Ал демократияга анча басым жасабастан, АКШнын жалпы мусулман дүйнөсү менен ырааттуу мамиле түзүүсү керектигин айтып, региондогу араздашууларды токтотууга чакырган.

Райстын сөзүндө палестин-израиль маселесинде “тынч жашаган эки демократиялык өлкөлөр концепциясы” айтылса, Барак Обама Изарилдин баскынчылык саясатын ачык эле сындаган.

Обаманын ою боюнча палестин-израиль араздашуусу региондо “куралдуу экстремизмден” кийинки эле эң чоң коркунуч болчу. Андан кийин Ирандын өзөктүк программасы, куралдануу жарышы, демократиянын жоктугу, диний эркиндиктин өксүктүгү жана экономикалык чабалдык айтылган. Обама “жөөттөр менен палестиндер өз өлкөлөрүндө коопсуз жашаган... кудай алдындагы акылары сакталган дүйнө” жөнүндө кеп салган.

Анын мамкатчысы Жон Керри канча аракет кылса да, бул максат ишке ашкан жок. 2016-жылкы коштошуу сөзүндө Керри мунун доосун түздөн-түз Изарилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга арткан.

2011-жылы Тунисте башталып, кийин Каирдин Тахрир аянтына конгон араб жазына Райс менен Обаманын сөздөрү канчалык таасир бергени белгисиз. Бирок демократияны талап кылып аянттарга чыккан эл жаркын келечекке ишенгени талашсыз. Бирок бул да ишке ашкан жок. Эли көчөөлөргө төгүлүп саясий-экономикалык реформаларды талап кылган бардык өлкөдө контр-ыңкылаптар жеңип, Сирияда жарандык согуш тутанып кетти.

Обама Сириядагы башаламандыкты токтото алган жок. Бирок 2015-жылы Иран менен өзөктүк келишим түзүп, регионалдык согуштун жолун бөгөдү. Мунусу менен Иранда адам укуктарына чейин узаган дискуссияларга жол ачты.

Быйылкы жыл жаңыраары менен АКШнын учурдагы мамкатчысы Майк Помпео да Каирде сөз сүйлөдү. Ал мурунку администрациялар түптөгөн жол менен кетпесин ачык айтты.

Ал сөзүн “тарыхты такыр билбестик” деп Обаманын саясатын сындагандан баштады. Американын саясаты мындан кийин Жакынкы Чыгыштагы эки тажаалды – “радикалдуу ислам” менен “регионду башаламандыкка салган ирандык саясатты” жок кылууга багытталаарын айтты.

Демократия менен реформалар тууралуу ооз ачкан жок. Израиль менен Палестина жөнүндө, кырдаалды курчутуудан башка эч кандай пайда алып келбеген, АКШ элчилигин Кудуска (Иерусалим) көчүргөнүн айтуу менен чектелди. Сөздө араздашуудан кайтуу жана экономикалык өнүгүү жөнүндө эч нерсе айтылган жок, бирок туруктуулукту сактап калган диктаторлорго кыйыр түрдө мактоолор жаады. Ошентип Помпео 2005-жылы Кондолиза Райс четке каккан саясатка кайтып келди.

Бул билдирүүгө караганда, Иран менен, тирешүүнү гана көздөгөн тирешүүдөн башка, саясат жок. Помпеонун айтымында, Иран региондогу бардык жамандыктын башаты. Бул өлкөдөгү терең реформаларсыз, деди ал, “Жакынкы Чыгыштын элдери эч качан коопсуз турмушка, экономикалык бакубаттуулукка жетпейт”.

Бул кызык. Египеттеги зулумдукка, Сауд Аравиясындагы тереңдешкен көйгөйлөргө же палестин-израилдик туңгуюкка Ирандын эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, Иран, ИГИЛдин элдешкис душманы катары, аны менен колунан келишинче күрөшүп келет.

Натыйжада Помпео Иран менен болушунча араздашууга, туруктуу заалым режимдерди колдоого, палестин маселесине кайдыгерликке макул экенин жана эл шайлаган бийлик менен реформаларга кызыкпаганын билдирди. Трамптын администрациясы региондогу чыңалууну көзгө илбестен, тескерисинче, анын барган сайын арта берүүсүн колдоп келет.

Европадан караганда бул өтө кооптуу. Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулар АКШнын да коопсуздук жана туруктуулугу үчүн коркунучтуу. Америкалык лидерлик талашка түшкөн бул чакта Европа Иран менен өзөктүк келишимди жана палестин-израиль араздашуусун өзү тескеп кетүүсү керек. Кийин ал тажрыйбаны регионду толук реформалап, тынчтык орноткондой ыкташтыруусу зарыл.

Райс менен Обамадан айырмаланып, Помпеонун сөзү регионалдык заалымдардан башка эч кимди сүйүнткөн жок. АКШ абийирдүү лидерликтен баш таркан ушул чакта, региондогу демократия менен реформаларга умтулган топторду Европа өзү жетектеп кетүүсү шарт.

Карл Бильдт, Project Syndicate, АКШ

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде