Борбор Азия

DW (Германия): Кытайга каршы митингдер Бишкектин башын эмнеге оорутат

19 января 2019 г. 15:50 1201

Кыргызстанда антикытайлык митингдер жанданды. Нааразы болгондорго эмне керек, бул акциялар эмне үчүн азыр жүрүп жатат, алар Бишкектеги бийликке канчалык коркунучтуу?

Өткөн жылдын декабры менен бул жылдын январы ичи өткөн үч антикытайлык митинг 2000-жылдардын башындагы Кыргызстанды эстетти. Ал кездеги президент Аскар Акаевди кетирүүдө да кытайларга каршы нааразылыктар өз салымын кошкон. Азыркы нааразылыктар кыргыз коомун тутантып жибергенге күчү жетеби деген ой учурдагы ажо Сооронбай Жээнбековдун да тынчын алууда.

Бул суроонун жообу Ала-Тоо аянты менен кытай элчилигинин алдындагы нааразылыктардын себебине, алардын аркасында кимдер турганына байланыштуу.

Кытай акчасы жана күйөөлөргө элдик көзөмөл

Жергиликтүү ЖМКлардан бир нече улутчул уюм элди төмөнкү талаптардын алдында жыйылууга чакырганын билебиз: мыйзамсыз жүргөн кытай мигранттарын өлкөдөн чыгаруу; КЭРдин жарандарына виза берүүнү азайтуу; Кытай мигранттары менен миграцияга элдик көзөмөл киргизүү; кыргыз жарандары менен никелешкен кытайларга жарандык берүүнү татаалдаштыруу.

Мындан сырткары КЭРдеги “саясий кайра тарбиялоо лагерлерине” киргизилген этникалык кыргыздарга жардамдашуу талабы да коюлган. Кытай инвестициялары менен кредиттердин жүйөөсү жана алардын кандай пайдаланылганын текшерүү да негизги талап катары айтылган. Бийлик акцияларга уруксат бергени менен, кээ бир коомдук уюмдар сыяктуу эле, аларды жактырбаганын билгизди. Алар Кыргызстандагы абалды курчутуп жибергиси келген шыкакчыларга алдырбагыла деп коомчулукка кайрыды.

“Жергиликтүү эксперттер антикытайлык чакырыктар 2018-жылдын күзүнөн баштап курчуй баштаган деп, аны этникалык кыргыздарды “тарбиялоо лагерлерине” камалганы жөнүндө кабарлар өлкөнүн ЖМКларында тараганы менен байланыштырат. Андай фактылар коңшу Казакстанда биринчи тутанып, этникалык казактардын да мындай лагерлерге камалганына байланыштуу болчу”, - дейт евразиялык экспертердин Jeen желесинин координатору Наталья Харитонова.

Кытайдын кайра тарбиялоо легерлери жана кырчоосу менен жолу

“Кытайдагы “саясий кайра тарбиялоо” лагерлери жөнүндө тартыш кыргыз коомундагы антикытайлык пикирге үстөкөө-босток келди. Лагерлер маселеси ал потенциалды жандантып, улутчул уюмдар аны колдонуп элди көчөгө чыгарууга аракеттенди”, - дейт Чыгыш европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Беате Эшмент.

“Ооба, кытайлык каражаттарды өкмөт жакшыраак көзөмөлдөшү керек деген талап коюлду. Бирок негизги себеп – улутчулдук, ал кытайлык келгиндердин арасына сиңип кетүү коркунучунан келет. Наарзылыктар өкмөттүн экономикалык аракеттерине байланыштуу эмес”, - дейт Эшмент.

Наталья Харитонова бул пикирге толук кошулбайт. “Казакстанда лагерлер темасы катуу талкууланып, Астана Пекинге доо коюуга мажбур калды. Кыргыз коомчулугу КЭРге казактардай каршы болбогону менен, мен улутчулдукту негизги фактор дебейт элем. Кыргыз калкы кытайлык “Бир кырчоо – бир жол” стратегиясынын алкагында кытай кредиттери менен параларына жергиликтүү аткаминерлер жер менен кендерди берип жаткан жокпу деп чочулайт”, - дейт ал.

Кытай ишканаларына от коюу жана кулпу салуу

“2018-жылы жазында түштүктө кыргыз-кытайлык алтын чыгаруу ишканасынын кеңсеси, лабараториясы жана кампасы өрттөлгөн. Эл алар экологияны булгап жатат деген. Күзүндө, кайра эле түштүктө, айылдыктар “мыйзамсыз” иш жүргүзүүдө деп кытай алтын чыгаруучуларды контейнерге камап салышкан”, - дейт эксперт. Инсайдерлик маалымат боюнча Сооронбай Жээнбековго чейин алты жыл бийликте отурган Алмазбек Атамбаевдин командасы кытай кредиттери менен инвесторлорго эшикти кенен ачып беришкен.

“Ал команданын кээ бир мүчөлүрүнө учурда “кытай акчаларына” байланыштуу кылмыш иштери козголгон. Бирок Сооронбай Жээнбековдун учурунда Бишкек Пекин менен супасагыраак мамиле кылууда. Кытайдын жуучулары жаңы президентке жол издегени менен Атамбаевдин учурундагыдай ийгиликке жетише элек. Балким ошондон улам митингдерге көп киши келген жок. Акыркы, 17-январдагы митингге үч жүздөй эле киши катышкан”, - дейт Jeen желесинин координатору.

Акцияны уюштургандар кытай ишканаларында кытайдын мыйзамсыз жумушчулары иштеп жатат деп эсептешет. Чет элдик эмгек мирганттарына квота берген кыргыз аткаминерлери мыйзам бузууга барышууда. Мындай фактылар чын эле болгон дейт Наталья Харитонова. 2017-жылы Кыргызстанга кирген мигранттардын бештен-төртү кытай болуп чыккан.

Бийликтин башын ооруткан миграциялык статистика

“Бирок 2018-жылы КЭРден кирген жарандар 2017-ге караганда, 41 307ден 35 215ке кыскарган. Бирок кайра чыгып кеткендерди эске алганда, мурунку жалга салыштырмалуу 2018-жылы 162 кытай көбүрөөк калган. Бул Кыргызстанда калган кытай, аз да болсо, жыл сайын көбөйүп бара жатат дегендик. Улутчулдар бийлик кытайларга көп паспорт берилип жатат дешет. Бирок орусиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, 2017-жылы 47 гана папорт берилип, анын 31ин этникалык кыргыздар алган”, - деген эсеп берди орусиялык эксперт айым. Митингчилердин сөзү цифралар менен тастыкталбаганы да нааразалыкка аз киши келишине себеп болгон.

Бирок мунун баары Бишкектеги бийликтин баш оорусуна дабаа боло албайт. Бир жагынан кыргыз жакшылары Пекин сыяктуу күчтүү экономикалык донордон ажырагысы келбейт – муну президент баш болгон көп жетекчи айтты. Экинчиден, бийлик нааразы тарапка да кол шилтеп коё албайт. Мындай кенебестик буга чейинки бийликтерди саясий сахнадан сыйрып түшкөн.

“Нааразылыкка катышкандар күтүлгөндөн аз болду. Улутчулдар өлкөдөгү кырдаалга олутту таасир берет деп ойлобойм. Бирок калк арасында нааразылык көрөңгөсү бар экени да талашсыз”, - деп баса белгиледи Беате Эшмент.

Учурдагы президенттин командасы Пекиндин экономикалык тузагынан чочулайт. “Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде Пекиндин таасири күчөп келет. Казакстандан бир топ начар турган Кыргызстан саясий аракеттеринде Кытайга көз-каранды болуп калуусу мүмкүн. Кыргыз өкмөтү бул чекти аттап кетпеши керек. Орусия да Кыргызстан менен Тажикстандын Пекинге биротоло көз-каранды болуп калбашы үчүн жардамдашуусу зарыл”, - деп эсептейт немис эксперти.

Deutsche Welle, Борбордук Азия

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде