Батыш

Wired (АКШ): Трамп орус агенти эле болгону жакшы, антпесе абал оор

18 января 2019 г. 16:44 227

Ишин териштирип жаткан Роберт Мюллер, президент орусиялык агент экен деген тыянак чыгарбаса, Дональд Тармп өтө ыңгайсыз абалда калат.

Президенттин Путин менен Орусияга жана ФБР’ге каршы иштегенин далилдеген нерсе көп. Ага жолуккандан кийинки жалгандары аркылуу Трамп орус президенти менен тымызын макулдашуусун жашырып жатпаса, абал оор. Антпесе, Америка геосаясатты түшүнбөгөн, ашкере менменсинген, басмырланган, демократиялык институттарды копшогондон ыракат алган, диктаторлорго шыйпаңдаган, тегерегине шумпай аферистер менен чет элдик агенттерди жыйып алып америкалык улуттук коопсуздукту алсыраткан, анысы менен 75 жылдан бери калыптанып жана бекемделип келген олуттуу эл аралык альянстарды жокко чыгарган президентти шайлап алган болот. Мунун баарын ал өз напсисин кубандырыш үчүн гана кылган болуп чыгат.

Кыскасы Миллердин тергөөсү эки гана сценарийге келип такалды. Же Орусия президентти өзүнө каратып алып, анын 2016-жылы бийликке келишин камсыздап, ошондуктан Владимир Путин менен кызматташууда; же Трамп тымызын көзөмөлдөнүп керектүү иштерди аткарган, орустар аймакычы “пайдалуу кеңкелес” катары тарыхта калат.

Биринчи сценарий боюнча АКШ’нын президерти өлкөбүздүн байыркы жана негизги каршылашынын кызыкчылыктарын коруйт - бул ага акылдуу жана митаам кишинин образын берет. Экинчи сценарий ага тиешеси бар бардык киши үчүн жан кейиткен шылдың.

Акыркы төрт күндө чыккан фактыларга чейин эле биз акылга сыйбаган нерселерге күбөө болгонбуз.

Мурунку аптанын жума күнү “Нью-Йорк таймс” 2017-жылы ФБР президенттин өзүнө каршы контрчалгын тергөөсүн жүргүзгөнүн билдирди. Ишембиде “Вашингтон пост” Трамп Путин менен жолукканда эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн өз жардамчыларынан да жашырганы тууралуу макала чыгарды. Жекшембиде Макс Бут аттуу баяндамачы Трампты орустардын агенти деди. Бейшембиде “Нью-Йорк таймс” Трамптын Путин менен бейрасмий жолугушуу жана сүйлөшүүлөрүн далилдеген макала басты.

Бул жерде чалгын кызматынын иши айып тагуу жана сот менен аяктабаарын баса белгилей кетүү керек. ФБР көбүнчөсүн сырларды коруп, өлкөнүн саясаты менен экономикасын чет өлкөлүк таасирден сакташы керек.

Чалгынчылар орус мамлекети менен мамилелеш кишилер Трамптын шайлоо штабына кирип-чыкканын байкашкан. Болочок президент саясатта жаңы киши болгондуктан ФБР'дин кызматкерлери Трамптын штабы менен чет өлкөлүк дөөлөттүн таасирине кирип калбоо боюнча брифинг өткөргөн. Бирок анын штабы же аңкоолугунан, же орустар менен санаалаш болгондуктан бул кеңештерге кулак салган эмес.

ФБР’дин тергөөсү бир нече этапта өткөн. 2016-жылы жазында аны Трамптын штабын коргоп калуу үчүн башташкан. Күзгө маал Трамптын штабы Орусия менен кызматташкысы келип жатканы билинген. 2017-жылдын жазынан тартып тергөө “президент болгон талапкер мындай кызматташууга өзү кызыктар эмес беле” деген суроого жооп издеп кирген.

ФБР’дин мүдүрү Жеймс Коми макамынан алынып, Мюллер Трамптын аркасынан түшүү үчүн атайын прокурор дайындалган 10 күн ичинде эмнелер болгонун биз жакшы билбейбиз. Учурда ФБР менен Мюллер билип, биз билбеген үрөй учурган көп нерсе бар.

Буга чейин билгенибиздин баары “экен” менен аяктайт. Арам акчаны адалдап, орус олигархтарына олчойгон карызы бар, Трамптын шайлоо штабына бекер иштеп берген Пол Манафорт орус чалгыны менен байланышы бар кишиге коомдук сурамжылоолордун корутундуларын берген экен. Москвада Трамп Мунараларын салуу долбоору шайлоо учурунда да сүйлөшүлгөн экен. Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн орус элчиси Сергей Кисляк менен сүйлөшүүлөрүн жашыргысы келген экен. Путин өзү бекитип берген 2016-жылкы шайлоолорго кийлигишүү атаандашы Хиллари Клинтонго чабуулдан башталып, кийин Трампты колдоого өткөн экен. Кремлге тиешеси бар кишилер 2016-жылдын июнунда Трамптын штабынын кишилери менен сүйлөшүп турган экен. Гамбургда Путин менен жолуккандан кийин Трамп котормочусунун конспектисин тартып алган экен.

“Экен’дерди” билгенибиз менен “эмне үчүн” деген суроолорго жооп ушул күнгө чейин жок. Алардын жообу табылганда гана биз президентибиз же колдонууга ыңгайлуу оозун ачкан болбогур экенин, же активдүү кылмышкер экенин билебиз.

Эмне үчүн Манафорт компаниянын коомдук сурамжылоосун Константин Климник аркылуу берди? Эмне үчүн Миллер Климникти орус чалгынына тиешеси бар деп эсептейт? Эмне үчүн Кошмо Штаттары чабуулду орус президенти өзү бекиткен деген ойдо?

Жакында дагы жаңы “эмне үчүн’дөр” кошулду. Эмне үчүн Путин менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн Трамп өз администрациясынан да жашырган? Эмне үчүн Путин менен өзүнчө жолуккусу келген? Эмне үчүн котормочусунун кол жазмасын алып койгон?

ФБР менен Миллер “экен’дерди” небак билип, эми “эмне үчүн'дөрдү” териштирип жатат деп божомолдосок болот.

Бул суроолорго жооп табылаары менен Миллердин тергөөсү аягына чыкмакчы. Ошондо гана АКШ менен дүйнө Трамптын аракеттеринин себеби эмнеде деген суроого жооп алат. Биз үчүн кандай жооп оор болоору али белгисиз.

Гаррет Граф, Wired Magazine, АКШ

Материалдын түп нускасы бул шилтеме