Ислам дүйнөсү

Либералдуу, европалык исламбы? Ал Боснияда бар!

17 января 2019 г. 23:16 178

20-кылым бою босниялык мусулман ойчулдары дин принциптерине чыгармачылык менен карап, аларды европалык турмушка ыкташтырышкан.

Өткөн жылы жайында Эмануэль Макрон Франциядагы ислам үчүн жаңы “курал жана эрежелерди” караштырабыз дегени жаңылык эмес болчу. Башка саясатчылар менен ойчулдар да европалык баалуулуктарга каршы келбеген диний турмушту караштырып келген.

Бирок алардын көбү Европада толеранттуу ислам буга чейин эле өкүм сүрүп келгенин байкашкан эмес. Босниялык мусулмандар, албандар, түрктөр жана башка этностор өздөрүн мусулман да, европалык да катары эсептешет. “Пью” изилдөө борборунун сурамжылоосу боюнча 2013-жылы алар дүйнөнүн эң либерал мусулмандары деп табылган. Босниялыктардын бир азы гана зынакорду таш бараңга алып, динден кайткандарды өлүм жазасына тартуу керек дешкен. Мисалы, Пакистан менен Египетте мусулмандын көбү мындай жазаларды колдошот.

Босниялык дин аалымдары менен интеллектуалдары исламдын эрежелерин заманга жараша өзгөртсө болот деп, турмушка ыкташуу менен бирге диний көз-караштарына бекем турушат. Бирок алардын өткөн кылымдагы чыгармачыл жаңылыктарын Батыш Европа байкабай калган. Ошондуктан кээ бир европа мамлекеттериндеги мусулмандарга каршы акылга сыйбаган чочулоодон кутулуу үчүн мындай ыкташуу тажрыйбасын колдонсо болот.

Боснактардын көбү исламды түрктөрдөн 15-кылымда кабыл алышкан. Осмон империясы Боснияны 1878-жылы Австро-Венгрияга өткөрүп берген. Классикалык мусулман булактары өз бийлиги жок жерден мусулмандарга чыгып кетүүнү буюргандыктан 1878-1918-жылдар арасы 150 миң боснак Түркияга көчүп кеткен.

Бирок ал кездин башкы муфтийи Азабагичтин тегерегинде чогулган мусулман ойчулдары 1880-жылдары “дини үчүн басынтпаган” бийлик алдында мусулман жашай берсе болот дешкен. Ошентип боснактардын көбү светтик Австро-Венгр өкүмдарлыгы алдында кала берген.

1882-жылы бириккен Босния менен Герцоговинанын расмий жамааты диний билим жана тарбияны колго алган. Бара-бара алардын мыйзам чыгаруу органдары менен шайлоо аркылуу келген жетекчилери пайда болгон. Ошондон бери жамаат өз эсебинен мечиттерди оңдоп, имамдарды даярдап, фатва чыгарып, түрдүү окуу жайлар аркылуу илимий иөзилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Мусулмандардын светтик армияда кызмат өтөөсү да маселе жараткан. Бирок Сараевонун муфтийи Мустафа Хажыомерович 1881-жылы өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө боюнча фатвасын чыгарган. Андан кийин светтик сотторго баш ийүү фатвасын да жарыялаган. Ошондон тартып шариат соттору Габсбургдардын империясынын соттук курамына кирип, мусулмандарга тиешелүү жарандык иштерди кароо укугун алган.

Учурда Европада либералдык исламды негиздейм дегендер боснактардан бир нече маанилүү сабак алса болот.

Ал сабактын бири боюнча мыйзамдаштырылып, борборлоштурулган ислам ийгиликтүү боло алат. Босниялык диний уюм мамлекеттен көз-каранды эмес, анын өзүнчө мыйзам чыгаруу органы да бар. Ошонусу менен ал Европанын калганына үлгү боло алат.

Босниянын муфтийи “мезгил талабын” негизги принцип катары карайт. Ал принципти колдонуп, бүгүн исламды кандай кармануу керектигине жооп тапса болот. Ал аркылуу диндин негизги талаптарын сактоо менен бирге, ийкемдүүлүк да келет. Бул исламдык уюм азыр мусулман жамааттары менен Евробиримдик түзүмдөрүнүн ортосунда конструктивдүү көпүрөгө айланды.

Ошол эле убакта светтик бийлик мусулмандардын сырткы көрүнүшү жана киймине чейин чейин кийлигишип, басмырлоо аракетинен алыс болушу керек. Алар тууралуу дискуссияны мусулмандардын өздөрүнө калтыруу жакшы натыйжа берет. Эмне кийгенди таңуулоонун ордуна батыш өлкөлөрү мусулмандардын эркин ой жүгүртүүсүнө көңүл бурганы туура болот.

Азыркы Босниядагы ислам ар түрдүү. Мусулмандардын көпчүлүгү динин маданий салт катары көрүшөт, башкалары болсо исламдын күнүмдүк талаптарын аткаруу да маанилүү деп эсептейт.

Босниядагы ислам салафизм сыяктуу глобалдык агымдан толугу менен оолак калды деп айтууга болбойт. Бирок Босниянын интеллектуалдык көрөңгөсү Европа менен ислам бири-бирин толуктаганын дайыма далилдөөдө. Алар кылымдар бою ширелип, эриш-аркак келе жатат.

Риада Асимович Акьел, The Atlantik, АКШ

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде