Орусия

Т24, Түркия: Орусия Сирияда “арстандай” айбаттуу. КМШлаш “бир-туугандары” мененчи?

16 января 2019 г. 12:54 324

Орусия Жакынкы Чыгышта, айрыкча Сирияда рационалдуу жана чечкиндүү кадамдарды кылууда. Кремль АКШ менен Евробиримдиктин алсыздыгын пайдаланып, Түркия, Сауд Аравиясы, Катар, Израиль, Ирак жана Египет сыяктуу түрдүү максат көздөгөн өлкө менен кызматташып келет.

Бирок “жакын достору жана туугандарына” келгенде абалы оор. Постсоветтик 14 өлкө менен Орусия түрдүү “көйгөйлүү” абалда. Кээ бири менен алакасы оор.

Үч Балтика боюндагы мамлекет (Латвия, Литва, Эстония) батыш инстититуттарына кире качканына бир топ убакыт болуп, Москвага ишенбей, суз мамиледе.

Калган 11 өлкөнүн тогузу Көз-карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) аттуу борпоң бирикмеге кирген.

Грузия КМШдан небак чыгып кеткен. Украина бирикмеде кагаз жүзүндө гана бар. Ал Орусия менен согуш абалында турат. Эксперттердин айтымында алар Донецк менен Луганскта көп жылдан бери тымызын согушуп да келет.

Орус менен украиндер бири-бирине “жакын тууган”. Алардын согушун жакшы түшүнүү үчүн түрктөр менен азерилердин согуша кеткенин элестетсе болот.

Орус бийлиги 2014-жылы Крымды өз аймагына кошуп алды. Украин администрациясы: “Биз Крымды сөзсүз кайтарып алабыз”, - дейт. Кагылыш бийликтеги эки топ арасында жүргөнү менен элдерине да оор таасир этүүдө.

Ооба, Украинада болуп жаткан окуяларда Батыштын таасири бар. Өлкө ичиндеги фашист жана улутчул топтор, мурунку президенти Януковичтин катасы кесепетин тийгизди. Бирок Орусия учурдагы терс саясатынын айынан бул өлкөдөн биротоло колун жууп калып жатканын кантип түшүнсө болот?

Орусия менен Грузия согуша кеткенине он жыл болду. Грузиндер өзүнүкү деп билген Абхазия менен Түштүк Осетия Орусиянын жардамы менен жашап жатат.

“Американын малайы” Саакашвили саясатта небактан бери жок. Ага жакын деген Вашадзе 2018-жылдын ноябрында жеңилип калганы менен жаңы лидери Зурабишвили айым “Орусия менен мамиле куруу күндемимде жок, Батышка жакындоого артыкчылык берем” сыяктуу билдирүү кылды.

“Дос да, бир-тууган да” Белорусияга келсек, жыл карыган сайын Минск менен Москванын мамилеси курчуйт. Былтыр да чейрек кылым бийликте турган Лукашенко Батышка кыйшаңдады. Ошол эле убакта Орусия менен битир соодага кирди. Бул достукту канчалык бекем десе болот?

Учурда ошондой сооданын бири кызып турат. Бирилери “соода мына аяктайт” дейт, экинчилери “жаңжал ырбады” десе, башкалары “Кремль жакында Белорусияны РФга кошулууга мажбурлайт” дейт. Анын аркасы менен Путин 2024-жылдан кийин бириккен өлкөлөрдүн ажосу болот имиши тарады.

“Коммерсантъ” гезити 2018-жылы Армения, Белорусия, Грузия, Молдова жана Украина Орусиянын башын катуу оорутту деген ойдо. Быйыл да бул беш өлкө менен жаңжалдашып кеч кирет сыяктуу.

Гезит Армениянын президенти Пашинянды негизги тема кылган. Бул жаш жетекчи постоветтик акыр-чикирди тазалайм деп сүйлөп эле тим болбой, бир нече кадам да шилтеп жиберди. Москванын досу, мурунку армян ажосу Кочарянды абакка бир солоп, кайра чыгарып, алты өлкө кирген ОДКБнын башында турган генерал Хачатуровду, Москваны көзүнө илбей, камап тынды.

Мындан кийин Арменияны Москва “биротоло чөнтөгүмдө” деп айта албайт.

Молдовада абал барган сайын курчууда. Орусияны колдоп, ага каршы чыккандар Украинадагыдай “ит жыгылыш” абалында... (Орусия үч коңшу православ өлкөнүн (Украина, Грузия, Молдова) аймактарын бөлгөн – Саресеп).

Орусия менен Түркмөстандын ортосунда газ сатуу боюнча келишпестиктер арбын.

Азербайжан менен алака Тоолуу Карабахтын айынан бүдөмүк. Кыргызстан жана Өзбекстан менен да өйдө-төмөн маселелер бар. Орустардын жардамы менен бийликте отурган тажик президенти Рахмон да эмне кылып жиберээри белгисиз.

КМШдагы экинчи күчтүү мамлекет болгон Казакстан Орусияга мурункудай жакын эмес. Өлкөнү 27 жылдан бери башкарган Назарбаевдин Батыш менен Кытай жана “түрк” түзүмдөрүнө жакындаганы Кремлдин тынчын кетирүүдө.

Натыйжада “сириялык арстан” атаккан Орусиянын кечээги “бир-туугандары” менен мамилеси анча жакшы эмес десе болот. Мунун себеби көптүр. Бирок баарысы өтмүштөн калган “күчкө таянып сүйлөшүү” адатына келип такалат.

Өзүн “ага” катары көргөн тарап кээде муштум кесейт, бирок көбүнчөсүн “капчык сунганга” мажбур. “Инилер” анын тыйын-тыпырын пайдаланып, “аганын” темир кызыл камчысынан заарканат.

Эмне дейбиз. Татаал жана катаал мамилелер...

Хакан Аксай, Т24, Түркия

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде